Новости

СТУДЕНТТИК ИЛИМИЙ ИЙРИМИ.

СТУДЕНТТИК ИЛИМИЙ ИЙРИМИ. "HOW TO WRITE A STRONG RESEARCH PROPOSAL " 24.01.2023 “Клиникалык дисциплиналар 1» кафедрасынын Студенттик илимий ийриминин графигине ылайык Файзана Сиддики “Кантип күчтүү изилдөө проекттин жазуу керек” деген темада лекция окуду. ОшМУнун жаңы бүтүрүүчүсү Файзан Сиддики медицина тармагында адистешкен эл аралык деңгээлде таанылган жаш изилдөөчү. Эл аралык конференцияларда катышып, ар кандай сыйлыктар жана дипломдор менен сыйланган, атап айтсак «Кыргызстандын мыкты студенти», «КМШ өлкөлөрүнүн мыкты студенти-2021» ж.б. Ал Scopus жана Web of Science макалаларды жана китеп бөлүмдөрун жарыялаган. H-индекс 5, i 10-индекс 5. Файзан Сиддики «Клиникалык дисциплиналар1» кафедрасынын Студенттик Илим ийриминде гана эмес дүйнө жүзүндөгү ар түрдүү университеттерде насаатчылык кылууда . Сессия баалуу маалыматтарды беруу менен, студенттердин илимий карьерасынын башталышында мотивациялоо жана багыт берүү максатын көздөдү. Файзан Сиддики өзүнүн тажрыйбасы, изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары тууралуу айтып, илимпоз катары ийгиликке жетүү боюнча сунуштарын берди. Бул сессия студенттерибизге улгу алууга, бутуруучубуздун жолун жолдоп, иштерин улантууга чон мумкунчулук ачты. Насаатчы катары Файзан Сиддикиге, уюштуруу иштерине колдоо корсоткон Эл аралык медицина факультетинин деканы профессор Р.К.Калматовго, илимий иштер боюнча декандын орун басары Эсенгелди к Айжамалга жана уютуруучуларга каф. Башчы Маматовага, илимий иштер боюнча жооптуулар Ажимаматова Р. М. Оморова А. Н., Мурзабек к Аселге терен ыраазычылк билдиребиз. “Клиникалык дисциплиналар 1» кафедрасынын Студенттик илимий ийрими
163 08:11 31-01-2023

                 

Новости

|< 1 >|