Новости

21-22-апрель күнү ОшМУда педогогикалык адистиктерди бюджеттик негизде аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрдү жумуш орундарына бөлүштүрүү иш чарасы болуп өттү

Иш чаранын биринчи күнүндө математика жана информациялык технологиялар факультетинин, физика техника факультетинин, педогогика жана дене тарбия факультетинин жана кыргыз филология факультетинин педогогикалык адистиктерин бүтүрүп жаткан студенттери жумуш орундарына бөлүштүрүлдү. Ал эми экинчи күнүндө тарых факультетинин, орус филология факультетинин, чет тилдер факультетинин, табият-таануу факультетинин жана искусство факультетинин бүтүрүүчүлөрү жумуш орундарына бөлүштүрүлдү. айрым себептерге байланыштуу жумуш ордуна бөлүнө албай калган бүтүрүүчүлөргө 5 күн ичинде жумуш орундарына бөлүштүрүлүшү каралды. иш чарага төмөнкү комиссия мүчөлөрү катышышты: Абдувалиев А.О. - комиссиянын төрагасынын орун басары, окуу иштери боюнча проректор; Давыдова В.З. - комиссия мүчөсү, Ош шаардык билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси; Алтыбаева М. - комиссия мүчөсү, ОшМУнун сапат департаментинин директору; Суеркулов У. - комиссия мүчөсү ОшМУнун юристи; Муратов Аязбек- Өзгөн райОО, Ибраимов Шарабидин - Алай райОО, Ташимбетова Рая - Кара-Кулжа райОО, Маматжанов Жакып - райБББ, Кулатова Айжан - Кара-Суу райБББ Саратбаева Минавар - Ноокат райБББ Асылбеков Т.Д. - комиссия мүчөсү, МИТФнын деканы; Өсконбаев М. - комиссия мүчөсү, ФТФнын деканы; Калыгулова С.Ш. - комиссия мүчөсү, Чет тилдер факультетинин деканы; Мадмарова Г. - комиссия мүчөсү, Орус филология факультетинин деканы; Смадияров С.А. - комиссия мүчөсү, Тарых факультетинин деканы; Мамытов Т. - комиссия мүчөсү, ТТФнын деканы;
4314 15:00 25-04-2016

                 

Новости

|< 3 4 5 6 7 >|