Новости

К у л а к т а н д ы р у у

Ош мамлекеттик университети түзүлгөндүгүнүн 75 жылдык юбилейине карата “Ош МУнун эң мыкты 75 бүтүрүүчүсү” конкурсун жарыялайт. Конкурс кесиптик, илимий изилдөө жана коомдук ишмердикте өздөрүн көрсөтө алган ОшМУнун (мурдагы ОшПИнин, мугалимдер институнун) активдүү бүтүрүүчүлөрүн табуу, алардын ишмердигин даңазалоо аркылуу студенттерди эмгекти сүйүүгө, профессионализмге, мекенчилдикке тарбиялоо максатын көздөйт. Конкурска ОшМУнун (мурдагы ОшПИнин, мугалимдер институнун) 2011- жылга чейинки бүтүрүүчүсү катыша алат. Конкурстук документтер 2014- жылдын 20-майына чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Ош ш., Ленин көчөсү, 331, Башкы корпус, 127-кабинет. Сурап билүү даректери: Ош МУнун сайты: www. Oshsu.kg тел.: (03222) 2-03-78, 0772 538672, 0770270486; Факс: (03222) 5-75-58; E-mail: zhakypovag214@mail.ru jazka.jaju@mail.ru
2941 16:38 02-04-2014

                 

Новости

|< 3 4 5 6 7 >|