Чет өлкөдөгү университеттерге кантип барып окуп келсе болот? Ал үчүн кандай даярдыктар, эмнелер керек? Сиз барганыңыздан кийин ал жактагы билим берүү шарттары кандай болот? ушул ж.б. суроолор сиздерди кызыктырса, Германиянын, Испаниянын, турциянын, Япониянын, Кытайдын, Россиянын, Казакстандын университеттерине барып окуп келишкен Ош мамлекеттик университетинин магистранттары, студенттери менен жолугуп кызыккан суроолорго жооп алгыңыздар келсе, анда 20-октябр күнү саат 14.00дө ОшМУнун башкы имаратынын ЧАЗында болуучу “Чет өлкөдө кантип окуп келсе болот?” аттуу маалымат жыйынына келип конок болуп кетсеңиздер болот. Бул жыйында Эстонияга, Германия, Испанияга, Турцияга, Японияга, Кореяга, Кытайга барып окуп келген студенттер ой бөлүшөт. Сизде дагы жогоруда аталган өлкөлөргө барып окуп келүүгө жүз пайыз шансыңыз бар.
Эскертүү: Кызыккандар менен каалоочулар гана чакырылат.