Новости

Кореянын Кыргызстандагы элчисиси ОшМУга келип кетти.

Кореянын Кыргызстандагы элчисиси ОшМУга келип кетти. Бүгүн (28.09.2018) ОшМУда Корея Республикасынын Кыргызстандагы ыйгарымдуу укуктуу элчиси Ха Тэек мырза эл аралык мамилелер факультетинин студенттери үчүн “Кыргызстан менен Корея Республикасынын дипломатиялык алакалы” деген темада конок лекция окуду. Бул иш-чара аталган факультетте өткөрүлгөн Корей жумалыгынын жабылуу аземине туш келди жана өздөрүнүн өзгөчө таланты менен айырмаланган студенттер элчи Ха Тэектин жана проректор Расул Авазбек уулунун колунан дипломдорду алышты. Лекция баштоодон мурда кадырлуу конокту декан Эрлан Токтоназарович факультеттин жамааты, окуу корпусу жана ишмердүүлүгү менен тааныштырып чыкты. Өз сөзүндө элчи мырза төмөнкүлөрдү билдирди: “Лекцияны кичинекей аудиторияда өткөрөм деп ойлогом, бирок зал толо студенттердин келүүсү мени абдан кубандырды. Факультетиңиздердеги 900 студенттин 390 корей тилин үйрөнүп жаткандыгы көңүлүмдү жылытты”. Конок лекцияга Батыш чех университетинен келген 16 студент дагы катышты. Жолугушууда Корея Республикасынын университеттери менен академиялык мобилдүүлүк, магистратура, докторантурага тапшыруу, ишке орноштуруу маселелери да талкууланды.
1194 22:43 21-12-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|