Кезектеги конок лекция
07:12
21-ноябрь, 2023-жыл.
Өмүрбек Текебаев
Чыгыш таануучуларга лекция окуду.
Чыгыш таануу институтунун директору, доцент Бөтөнөев Жолдошбек Советбековичтин демилгеси жана уюштуруусу менен
2023-жылдын 21-ноябрында Кыргызстандын убактысы боюнча
саат 14:00дө Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси
ТЕКЕБАЕВ ӨМҮРБЕК ЧИРКЕШОВИЧ
Ош мамлекеттик университетинин
Чыгыш таануу институтунун студенттерине, магистранттарына жана профессордук-окутуучулук курамына "Кыргызстан - Германия дипломатиялык байланыштары: тарыхы, учурдагы абалы жана келечеги" - деген темада ZOOM платформасы аркылуу он-лайн
"КОНОК ЛЕКЦИЯ" өттү.
Лекцияны Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич ачып, лекциянын жүрүшүнө ийгиликтерди каалады.
Лекция абдан кызыктуу болуп, суроо-жооптор, сунуштар менен коштолду.
Чыгыш таануу институтунун жалпы эмгек жамааты жана студенттери менен магистранттары элчи мырза Ө.Ч.Текебаевге бекем ден-соолук, иштериңе чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!
178 07:12 05-03-2024