Новости

"Чыгыш өлкөлөрүнө саякат - 2021" жарманкеси

19-апрель куну, ОшМУнун башкы имаратынын алдында ОшМУнун Чыгыш таануу жана тарых факультетинин Чыгыш таануу кафедрасынын жана ОшМУнун Чыгыш таануу илимий-изилдөө институтунун уюштуруулары менен "Чыгыш өлкөлөрүнө саякат - 2021" жарманкеси Ош шаарындагы мектеп окуучуларынын катышуусунда болуп өттү. Жарманкеде чыгыш (Араб, турк, фарси, корей, япон, кытай) элдеринин тамактары, ыр-бийлери мектеп окуучуларына сунушталды. Жарманкени ОшМУнун ректору, профессор К.Г. Кожобеков ачып, мектеп окуучуларына окуу жайыбыздын жетишкендиктери жана окуу жайдагы мумкунчулуктөр тууралуу кыскача маалымат берсе, төкмө акын Идрис Айтбаев окуу жайыбыздагы бир адистикттер тууралуу ырдап келип, Чыгыш таануу адистигинин башка адистиктерден өзгөчөлүгү жана келечеги жөнүндү даңазалап ырдады. Иш-чарага Ош шаарындагы мектептерден 400дон ашуун окуучулар келип катышышты.
210 12:00 04-05-2021

                 

Новости

|< 1 >|