Новости

"Дистанттык окутуунун азыркысы жана келечеги" аттуу семинар

27.01.2018-ж. ОшМУнун Дистанттык билим берүү департаменти жана юридика факультети тарабынан "Дистанттык окутуунун азыркысы жана келечеги" аттуу окуу семинары юридика факультетинде уюштурулду.Мында ОшМУнун жогоруда аталган департаменттин директору,доцент А.Ч.Оморалиев баштаган бир топ кесипкөй адистер келип бүгүнкү жаңы технологиянын артыкчылыктуу багыттары менен жамаатка тааныштырып,суроо жооптор менен коштолуп кызуу талкуу менен жыйынтыкталды. Мындай практикалык окуу-семинарларынын байма-бай өтүлүп тургандыгы бир топ жакшы экендигин семинардын катышуучулары жана келген коноктор бир ооздон белгилеп өтүштү.
1867 10:49 29-01-2018

                 

Новости

|< 1 >|