Новости

Мыкты спортсмен Мамарасул кызы Алтынай

2017-жылдын 15-27-сентябрь күндөрү Туркменистан Республикасынын Ашхабат шаарында болуп өткөн жабык имараттагы V Азия оюндарында Кыргыз Республикасын дүйнө жүзүнө таанытып, спорттун “Белбоо” күрөшүнөн II орунду жана “Алыш Белбоо” күрөшүнөн I орунду ээлеген педагогика жана дене тарбия факультетинин "Дене тарбия" адистигинин 2-курсунун студенти Мамарасул кызы Алтынайды салтанаттуу түрдө факультеттин студенттери жана окутуучулары күтүп алышты. Салтанатта факультеттин деканы, п.и.к., доцент Б.Муратбаев, м.и.к, доцент Р.Анаркулов, БББТМ кафедрасынын башчысы, б.и.к., доцент М.Шайимкуловалар жеңиши менен куттуктап ийгиликтерди каалашты. Ошондой эле деканыбыз Б.Муратбаев 5000 сом, БББТАТМ кафедрасынын улук окутуучусу А.Кулатова 2000сом, доцент А.Исаев 1000сом акчалай сыйлыктарын ыйгарышты. Алтынайда өз ыраазычылыктарын билгизүү менен мындан ары көптөгөн ийгиликтерди багындыра тургандыгын айтты. Белгилей кетсек Мамарасул кызы Алтынай буга чейин да бир топ ийгиликтерди багындырган: 2016-жылы Беларуссияда өткөн дүйнөлүк чемпионатта 1-орунду ээлеп, алтын медаль менен сыйланган. 2016-жылы Россиянын Сверловский шаарында 2-орунду ээлеп, күмүш медалдын ээси болгон. 2016-жылы Кыргызстанда өткөрүлгөн Көчмөндөр оюнунда биринчи жана экинчи орунду ээлеп, алтын жана кумуш медалды ээлеген.
3258 16:40 03-10-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 >|