Ош мамлекеттик университети
Магистратура жана PhD докторантура департаменти
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2021 жылдын 21-сентябрындагы № 1578/1 буйругундагы магистратуранын жаңы мамалекеттик стандарттарын талкулоо боюнча жыйынынын
№1 ПРОТОКОЛУ
2022.14.03 Ош шаары
Төрага: проф. И.Г. Кенжаев
Катчы: Асанова З.
Баяндамачылар: Жумашева Г.С., Таабалдиева М., Молдалиев Ж.Т., Бекмурза уулу Ы.
Катышкандар: факультеттердин магистратура башчылары жана магистратура программа жетекчилери
Күн тартибинде:
1. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2021 жылдын 21-сентябрындагы № 1578/1 буйругундагы магистратуранын жаңы мамалекеттик стандарттарын талкулоо.
Угулду:Магистратура жана PhD докторантура департаментинин директору И.Г. Кенжаев Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2021 жылдын 21-сентябрындагы № 1578/1 буйругундагы магистратуранын жаңы мамалекеттик стандарттарынын иштелип чыккандыгына байланыштуу стандартта көрсөтүлгөндөй кылып сырттан, адис жана тектеш эмес багыттарга лицензияларды алуу зарылчылыгын айтып өттү.
Коомдук саламаттыкты сактоо багытына тапшыргандар күндүзгү 1 жылга узартылат, медицинадагы адис 2 жыл окуйт. Жекече окуу план менен окутуу мөөнөтү минимум 2,5 жылды түзөт.
Доклад жасагандар:Жумашева Г.С.,Таабалдиева М.,Молдалиев Ж.Т., Бекмурза уулу Ы.- 2015-жылдагы мамлекеттик стандарттан азыркы 2021-жылдагы мамлекеттик стандарттын төмөндөгү айырмачылыктары бар экендигин белгилеп кетишти.
1. Предметтердин аталыштарын университеттин окуу методикалык бирикмеси (ОМБ) өзү чечет.
2. Адис магистратурада 1 жыл окуйт.
3. Теңдөө курстары кабыл алууда эсептелинет жана окуу мөөнөтү 2,5-3жылга чейин узартылат.
4. Жаңы стандартта НББПлар ар 5 жылда жаңыланат.
5. Тандоо курстары 50% түзүү керек.