Кыргыз Википедиясын өнүктүрүү максатында 6-7-февраль күндөрү ОшМУда семинар болуп өттү.
08:51
Кыргыз Википедиясын өнүктүрүү максатында 6-7-февраль күндөрү ОшМУда семинар болуп өттү.Бул семинарда кыргыз,түрк жана казак википедиячылары өз билимдери жана практикалары менен бөлүштү.
Ага ДТжМФтин студенттик кеңешинен жана акыйкатчы аппаратынан 3 студент катышып,википедия тууралуу кеңири маалымат алышты.
Семинардын аягында бардык катышуучулар сертификаттарга ээ болушту жана Орозбаева Нураида АРК -3-21 тайпасынын студенти Ош викиклубунун мүчөсү катары командага алынды. Мындан ары кыргыз википедиясын өнүктүрүү максатында,студенттер да өз макалаларын сайттарга жүктөй алышат жана ийгиликтерди камсыздашат деген ишеничтебиз!
402 08:51 10-02-2024