Новости

ОшМУнун 85 жылдыгына карата студенттердин кесиптик профилдик практиканы өтөгөндүгү боюнча жыйынтыктоочу"OshSU is the way to success"аттуу конференция өткөрүп беришти.

ОшМУнун Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин АТОМ кафедрасынын окутуучулары 2024-жылдын 19-мартында ОшМУнун 85 жылдыгына карата студенттердин кесиптик профилдик практиканы өтөгөндүгү боюнча жыйынтыктоочу"OshSU is the way to success"аттуу конференция өткөрүп беришти.Иш чаранын башталышында декандын тарбия иштери боюнча орун басары Карабекова Элмира Аликуловнага сөз берилип,ошондой эле АТОМ кафедрадасынын башчысы,доцент Суркеева Динара Бекмаматовна, ардагери Паниткова Наталья Михайловнага да сөз берилди.Конференциянын алкагында студенттердин ОшМУну даңазалоо туралуу презентацияларынын сынагы жарыяланып, калыстар тобунун чечиминин негизинде 1-2-3-орундар жана активдүү катышкандар үчүн орундар тапшырылып жыйынтыкталды. Калыстар тобунун мүчөлөрү: АТОМ кафедрасынын улук окутуучусу Косо-Оглы С.Х. жана окутучуу Маткасымова В., Немис тили кафедрасынын улук окутуучусу Жусубали уулу Курсант, Англис тилинин грамматикасы жана фонетикасы кафедрасынын окутуучусу Мурзабекова Ч. 4-курсунун студенттеринин презентацияларын карап чыгып, орундарды бөлүштүрүп сертификаттарды ыйгарышты.Иш-чаранын аягында факультеттин окутуучулары жылуу пикирлерин билдиришти жана студенттердин келечектеги профессионалдык карьерасына калоо-тилектерин айтышты
111 05:33 25-03-2024

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|