Новости

19-мартта Эл аралык мамилелер факультети Искусство факультети менен биргеликте Нооруз майрамын белгилешти.

19-мартта Эл аралык мамилелер факультети Искусство факультети менен биргеликте Нооруз майрамын белгилешти. Бул иш-чарага эл аралык мамилелер жана искусство факультеттеринин окутуучулары жана студенттери катышты. Майрам элдик ырлар жана бийлер тартууланган концерт менен башталды. Албетте, бул Нооруз сүмөлөктү бышыруусуз болгон жок. Ошондой эле эл аралык мамилелер факультетинин студенттеринин арасында улуттук тамактардын жарманкеси болуп өттү. Жарманкенин жыйынтыгы боюнча "тамактардын мыкты презентациясы үчүн", "тамактарды жасалгалоо үчүн" жана "даамы үчүн" номинациялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Жарманкеден тышкары студенттер жана мугалимдер үчүн улуттук спорттук оюндар уюштурулду. Бул майрамга ректор Кудайберди Гапаралиевич башында турган бардык администрация келип, эки факультети куттуктады.
367 02:08 22-03-2021

                 

Новости

|< 3 4 5 6 7 >|