21.02.2024
ОшМУнун 85 жылдык мааркесине жана 23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата «ОшМУнун студенттеринин жана профессордук-окутуучулар жамаатынын арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү жана профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү» иш-чарасы болуп өттү.
Бул масштаптуу иш-чарага төмөнкү кызматкерлер келишип студенттерге так маалымат беришти.
ü Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Токтосунов Самат Ашимжанович;
ü Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун Түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн кызматкери Мурзабеков Исакбай Камалович;
ü Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Жумабай уулу Ибрахим;
ü ОшМУнун Коопсуздук кызмат болумунун башчысы Арзиев Нурлаким Маматкулович;
ü Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-буура милиция бөлүмүнүн милициясы, аймактык бөлүмдүн ыйгарым өкүлү, милициянын улук лейтенанты Райымкулов Алмаз Олжобаевич.
Жолугушуунун жүрүшүндө студенттердин кызыккан суроолоруна тиешелүү адистер жооп беришип, диалог абдан кызыктуу болду. Иш-чара өз максатына жетти.