Новости

1-Октябрь

"Карысы бардын – ырысы бар" демекчи, 1-октябрь эл аралык карыялар күнүнө

карата Ош мамлекеттик университетиннин 260 ка жакын

мугалимдерине Ош МУнун ректораты жана профсоюз комитетти тарабынан сый

тамактар жана концерттик программа уюштурулду.

ОшМУнун ректору, профессор Исаков Каныбек Абдуваситович жана Ош МУнун

Бириккен профсоюз комитетинин төрагасы Аккулов Абдыжапар Ураимович ардагер

мугалимдерди куттуктап, 130000 миң сом өлчөмүндө акчалай белектерди тапшырышты. Андан сырткары, Ардагерлер Кеңешинин буга чейинки жетекчиси болуп келген Анарбаев Арап Анарбаевич төргалык кызматын тапшыргандыгына байланыштуу ага 25 000сом акчалай сыйлык жана эстелик белек тапшырылды. Иш-Чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрилигинин орун

басары Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич катышып, министрликтин атынан жана

жеке өзүнүн атынан ардагер мугалимдерди куттуктады.

1396 11:28 08-10-2018

                 

Новости

1396 11:28 08-10-2018

1-Октябрь

5-Октябрь

1484 11:00 08-10-2018
|< 1 >|