26.09.2023-жыл. "Цивилизация маселесинин илимдер аралык интеграциясы: өзгөчөлүктөрү, окшоштуктары жана учурдагы проблемалары" аталышындагы илимий-практикалык семинар
10:09
26.09.2023-жыл.
ОшМУнун тарых жана социалдык иштер факультети менен "философия жана политология" кафедрасы биргеликте "Цивилизация маселесинин илимдер аралык интеграциясы: өзгөчөлүктөрү, окшоштуктары жана учурдагы проблемалары" аталышындагы илимий-практикалык семинар болуп өттү.
Семинардын жүрүшүндө тарых жана социалдык иштер факультетинин деканы т.и.к., доцент С.А. Арстанов "Тарыхты изилдөөдө жана окутууда марксистик жана цивилизациялык теорияларды колдонуу: оптималдуу методологиялык ыкмаларды издөө",
ф.и.д., профессор К. Исаков "Субцивилизация түшүнүгү жана номад цивилизациясынын өзгөчөлүгү" деген темада доклад окуп, цивилизация, коомдук-экономикалык формация боюнча кызуу талкуу болду. Талкуунун жүрүшүндө маданият, цивилизация, марксизм түшүнүгү боюнча олуттуу идеялар, сунуштар айтылды.
174 10:09 05-10-2023