Новости

ОшМУнун ректору Кытай Эл Республисынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень айым менен жолукту

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков 27-ноябрда Бишкек шаарында Кытай Эл Республисынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень айым менен жолугушту. Жолугушууда ректор Кудайберди Кожобеков ОшМУ ар дайым эл аралык кызматташтыкка маани берип келгенин, анын ичинде Кытайдын ЖОЖдору менен болгон мамиле өнүгүү жолунда экенин белгиледи. Көп жылдык кызматташуунун жыйынтыгы катары ОшМУнун көптөгөн студенттери окуу стажировкаларына, бүтүрүүчүлөрү болсо магистратура, докторантура багыттары боюнча Кытайдагы бир топ алдыңкы жогорку окуу жайларында билимдерин өркүндөтүп жатышкандыктарын кошумчалады. Ду Дэвень айым ректордук кызматка жаңыдан киришип, жумушун баштагандыгы менен куттуктап, ОшМУнун Кытай мамлекетиндеги жогорку окуу жайлар болгон кызматташуулар мындан ары да уланып, өркүндөп-өсүшүнө ишеним артарын жана бул багытта көмөк көрсөтөрүн кошумчалады. Өзгөчө ОшМУнун Конфуций институтунун ишмердүүлүгүнө токтолуп, ийгиликтерине баа берип жалпы окуу жайдын мындан ары өсүп өнүгүшүнө тилектештигин билдирди.
771 11:13 03-12-2019

                 

Новости

|< 1 >|