Новости

ОшМУда Робототехника окутуу жана лаборатория борбору ачылат

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Кытайдын Jiangsu Huibo Robotics компаниясынын кардарлар менен иштөө боюнча бөлүмүнүн директору Ли Ся баштаган өкүлдөрдү кабыл алды. Жолугушууда ОшМУда Робототехника окутуу жана лаборатория борбору ачуу, робототехника жаатында адистерди даярдоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ОшМУ менен Jiangsu Huibo Robotics компаниясынын ортосунда эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлду. Келишимге ылайык жаңы окуу жылынан Робототехника окутуу жана лаборатория борбору ишке кирет. Ошондой эле ОшМУнун алдындагы Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунда Кытайлык партнер университет менен бакалавр багытында робототехника адистиги биргелешип ачылат. Жолугушуунун алкагында тараптар ОшМУнун №12 Кесиптик лицейинде курулуш иштери жүрүп жаткан окуу-өндүрүштүк корпусу менен таанышты. Окуу-өндүрүштүк корпусунун бир бөлүгүнө Робототехника окутуу жана лаборатория борбору ачылат. Борборго аталган компания тараптан робототехника адистигине ылайык техникалык жабдуулар алынып келинет. Роботехника адистигинде билим алган студенттер 2 баскычта билим алат. Биринчи баскычта роботторду үйрөнүшсө, экинчи баскычта робот тетиктерин чогултуу боюнча билим алышат. Jiangsu Huibo Robotics компаниясы 2001-жылы негизделген. Учурда Кытайдын бир топ шаарларында заводдору, филиалдары, лабораториялары бар. Жалпысынан өндүрүшкө керектелүүчү, завод-фабрикаларда колдонулуучу роботторду иштеп чыгарат. Билим берүү трамагында да бир нече долбоордун үстүндө иштешет.
186 11:49 26-03-2024

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|