Новости

ОшМУ Кытайдын ири басмаканасы менен кызматташат

ОшМУ Кытайдагы “Фэникс” басманаканасы менен кызматташуу келишимине кол койду. Келишимдин негизинде кытай тилиндеги адабий чыгармаларды кыргыз тилине, ал эми кыргыз тилиндеги чыгармаларды кытай тилине которуп эки өлкөнүн окурмандарына жайылтуу макулдашылды. Бул долбоор ОшМУнун кыргыз-кытай факультетинин котормочу адистери тарабынан ишке ашырылат. Факультеттин окутуучулары котормо багытында бир нече китептерди которушкан тажрыйбалуу адистер. Китеп басып чыгаруу жана чет тилдерге которуу жаатында бай тажрыйбага ээ болгон “Фэникс” басманаканасы 1984-жылы негизделген. Негизинен байыркы кытай адабиятын, тарыхын, философиясын жана изилдөө иштерин чогултуп, басып чыгарган кесипкөй басмакана болуп саналат.
87 06:08 29-04-2024

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|