Новости

Малазия студенттери АГИде

Үстүбүздөгү окуу жылынын 28-октябрь күнү Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинде Малазия Ислам илимдер университетинин окутуучусу доцент, доктор Ирван Бин Махд Сабри жетектеген студенттер менен жолугушуу болду. Жолугушууда Кыргызстан менен Малазия өлкөлөрүнүн билим берүү системасы, АГИ дин таануу факультетиндеги билим берүү жараяны, тажрыйба алмашуу жана академиялык мобилдүүлүк, Малазиядагы адал индустриясы, университтетерде билим алуу шарттары ж.б.у.с. маселелер талкууланды. талкуунун аягында конокторго белек тартууланды. Келечекте эки университеттин ортосунда келишим түзүү боюнча талкуу жүрдү. Андан соң келген конокторду Ата-бейит мемориалдык комплексине зыярат уюштурулду.
900 11:48 05-03-2020

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|