Новости

"Билим" лицейинде ачык сабактар жана жаш мугалимдер үчүн тегерек стол!

Лицейдин 7 жылдык мааракесине карата биология, химия, математика, англис тили жана улуттук тарбия сабактарынан ачык сабактар өтүлдү. О.Э. "Жаш муугалим: перспективалар жана көйгөйлөр" темасында тегерек стол уюштурулду. Тегерек столдо жаш мугалимдерде кандай көйгөрлөр бар, аны кандай чечсе болот, жана жаш мугалимдер кандай сунуштарды бере алат? деген суроолордун тегерегинде кызуу талкуу болду. Конференцияга Ош шаардык ББнын, ОШББИнин адистери, Ош МУнун мугалимдеринин билиминин өркүндөтүү иститутунун директору, доцент Т.А.Жороев жана жаш мугалимдер катышышты. Ачык сабактарды, конференцияны уюштуруп беришкен төмөндөгү лицейдин мугалимдер жааматына ыраазычылык билдиребиз! Биология предметинин мугалими Алиева Давлат, Химия предметинин мугалими Капарова Гулзат, Англис тили предметинин мугалими Ыманапазова Динара, Кыргыз тили жана адабият предметинин мугалими Мамашеа Айгул, Молдояров Самаган, Математика предметинин мугалими Каныбекова Назгүл.
872 11:22 20-12-2019

                 

Новости

|< 1 2 >|