Новости

Алматы шаарындыгы Казак улуттук агрардык изилдөө университети менен кызматташабыз

2023 жылдын 13-17 февралында Ветеринардык медицина жана биотехнология кафедрасынын башчысы, профессор Абдугани Халмурзаевич Абдурасулов иш сапар менен Алматы шаарындыгы Казак улуттук агрардык изилдөө университетине барып келди. Иш сапардын алкагында аталган окуу жайдын ветеринардык медицина, агробиология жана биоресурстар факультеттери жана илим –изилдөө борборлору менен таанышып, билимин жогорулатуу менен аталган факультеттердин студенттерине конок лекция окуп келди. Жыйынтыгында эки жогорку окуу жайдын ортосунда келишим түзүлүп, студенттерди мобилдүүлүк боюнча окууларга жиберүү, биргеликте илим-изилдөө иштерин жана башка иш чараларды уюштуруу боюнча өз ара макулдашуулар болду.
338 12:53 21-02-2023

                 

Новости

|< 1 2 3 >|