Новости

Ветеринардык медицина жана биотехнология кафедрасынын башчысы, а.ч.и.д., профессор А.Х.Абдурасулов Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарындана эл аралык конференцияга катышты

ОшМУнун ТТжАТФнине караштуу ветеринардык медицина жана биотехнология кафедрасынын башчысы, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Абдугани Халмурзаевич Абдурасулов 19-20 октябрда Ташкент шаарында Өзбекстан Республикасынын мал чарба жана канаттуулар илим изилдөө инстититу жана Корея Республикасынын КОПИЯ борбору менен биргеликте уюшулган «Мал чарбасынын өнүгүүсүнүн заманбап ыкмалары жана инновациялык технологияларды колдонуунун келечеги» деген темадагы Эл аралык Семинарга катышып, “Кыргызстандын мал чарбасынын генетикалык ресурсу жана алардын кунардуулугун жогорулатуунун жолдору” деген темада презентация жасап, тоюттандыруунун ТМR технологиясы жана Эмбриондорду которуу ыкмалары боюнча билимин жогорулатып келди. Өзбекстан Республикасынын мал чарба жана канаттуулар илим изилдөө инстититунун Илимий кеңешинин чечими менен профессор А.Абдурасулов аталган институттун Илимий Техникалык Кеңешинин мүчөлүгүнө кабыл алынды.
220 09:03 24-11-2023

                 

Новости

|< 1 2 3 >|