Новости

Эл аралык мамилелер факультетинде турк жумалыгы......

2018-жылдын 29-мартында ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин “Чыгыш таануу” кафедрасынын демилгеси менен “Турк жумалыгы” болуп өттү.

Жумалыкка ОшМУнун теология факультетинин деканы, профессор Ферхат Гөкче, Бишкек шаарындагы Эл аралык Кыргыз-Турк Манас университетинин теология факультетинин деканы, профессор К.Мустафа баштаган турк делегациясы жана белгилүү төкмө акын, котормочу Идирис Айитбаев конокто болуп, кыргыз-турк достугунун даңазалаган баяндамалар болду.

Конокторго чыгыш таануу кафедрасы тарабынан даярдалган турк улуттук ырлары, бийлери жана улуттук даамдары тартууланды.

Келген коноктор эл аралык мамилелер факультетинин студенттери үчүн “Манас эпосундагы исламдык мотивдер” аттуу турк тилиндежазылган китепти белекке берип кайтышты.

3080 10:46 03-04-2018

                 

Новости

|< 1 >|