Новости

Китеп окуу конкурсу

“3 айга 3 китеп” аталышындагы китеп окуу конкурсунун жобосу

I. Сынакты уюштуруунун максаты жана милдети:

Ø Студент жаштарды илим-билимге шыктандыруу;

Ø Адамдык мамилелерди өркүндөтүү;

Ø Жаштарды китеп окууга үндөө жана өркүндөтүү.

II. Сынакты өткөрүү убактысы жана жайы:

Таймаш 2021-жылдын 10-сентябрь күнү ОшМУнун жыйындар залында өткөрүлөт.

III. Сынакты өткөрүү тартиби жана эрежеси:

Сынак төмөндөгү 3 китеп боюнча уюштурулат. Сынак К.Акматовдун “Идеалдуу мугалим”, “Мугалимдин устаттыгы” жана Махатхир Мохамаддын “Бир өлкөнүн өнүгүү сырлары” китептери боюнча тесттик суроолор түзүлөт.

Ø Сынак Kahoot программасы аркылуу уюштурулат;

Ø Каттоо уюштуруу тобу тарабынан жүргүзүлөт;

Ø Сынак массалык маалымат каражаттары тарабынан коомчулукка чагылдырылат;

Ø Баалуу белектер жана номинациялар уюштуруу тобу тарабынан бекитилет;

Ø Сынакка катышуучулар 1-июлга чейин уюштуруу тобуна кайрылуусу керек.

VI . Уюштуруу тобунун милдеттери жана укуктары:

Ä Иш-чараны сынактын жадыбалы боюнча уюштуруу;

Ä Белгиленген китептер боюнча тесттик суроолорду түзүү;

Ä Сынактын шарттарына кайдыгер караган жана тиешелүү талаптарды канааттандырбаган катышуучуларды сынактан четтетүү;

Ä Зарыл учурда сынактын жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү.

VII . Жеңүүчүлөрдү сыйлоо

Сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчү деп табылган студенттерге төмөндөгүдөй белектер жана грамоталар ыйгарылат.

1- орун: Ноутбук

2- орун: Планшет

3- орун: Велосипед

Эскертүү:

Жыйынтык талкууга алынбайт жана өзгөртүлбөйт

Уюштуруу тобу:

Ош МУнун жаштар кеңеши

Дареги:

Ош МУнун башкы имараты.

Тел.: +996700 04 53 53.

203 15:51 04-06-2021

                 

Новости

|< 1 >|