Новости

Ветеринар студенттеринин 2-улуттук илимий симпозиуму болуп, анда биздин студенттерибиз ийгилик жараттышты

2022-жылдын 22-декабрында Бишкек шаарындагы Кыргыз Түрк Манас университетинде Ветеринар студенттеринин 2-улуттук илимий симпозиуму болуп өттү. Симпозиумга Кыргыз улуттук агрардык, Ош мамлекеттик жана Кыргыз-Түрк Манас университеттеринин ветеринар студенттери катышып, жалпысынан 11 илимий изилдөө докладдары уктурулду. Алардын ичинде Ош Мамлекеттик университетинин атынан да ветеринардык адистиктин 3 курсунун студенттери Рыскулбеков Эрболот жана Тургунбаев Султанмурат өз презентацияларын жактап келишти. Жыйынтыгында 1-орунга Ош мамлекеттик университети жана Кыргыз- Түрк Манас университетинин студенттери татыктуу болушту. Ветеринардык медицина жана биотехнология кафедрасынын башчысы, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Абдурасулов Абдуганы Халмурзаевичтин илимий жетекчилиги менен даярдалган "Ар кандай генотиптеги уйлардын тукум куучулук жөндөмдүүлүгү" деген презентация менен Тургунбаев Султанмурат 1-орунду ээледи.
124 12:59 28-12-2022

                 

Новости

|< 1 >|