Новости

ДҮЙНӨЛҮК ТИЛДЕР ЖАНА МАДАНИЯТ ФАКУЛЬТЕТИНИН “531100-ЛИНГВИСТИКА” БАКАЛАВР БАСКЫЧЫНДА ПРАКТИКАЛАРДЫ УЮШТУРУУ, ӨТКӨРҮҮ, ЖЫЙЫНТЫКТОО ИШ-ЧАРАЛАРЫНЫН АБАЛЫ

Жалпы маалымат

Ош МУнун Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин 531100-Лингвистика багытында практиканын 3түрү өткөрүлөт:
1. Окуп - таанышуу практикасы. 3- курс, 3 кредит - 90 саат (5 семестр);
2. Өндүрүштүк практикасы 3-курс, 6 кредит - 180 саат (6 семестр);
3. Профилдик практика 4-курс, 6кредит -180 саат (7 семестр).
Практикаларды уюштуруу, өткөрүү жана көзөмөлдөө боюнча ОшМунун № 24- жобосунун негизинде уюштурулат.
Окуу процессинин графиги боюнча алдын ала практика үчүн буйруктар чыгарылган:
Окуп - таанышуу практикасы. 3-курстун студенттери ноябрьда, 2 жума шаарындагы эл аралык мекемелерде, бейөкмөт уюмдарда, турфирмаларда практиканы гибриддик (онлайн жана оффлайн формада) санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо менен өтүшөт
Өндүрүштүк практикасы. 3-курстун студенттери окуу графигине ылайык практиканы апрелдин 4 жумасына шаарындагы эл аралык мекемелерде, бейөкмөт уюмдарда, турфирмаларда гибриддик (онлайн жана оффлайн формада) санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо менен практика өтүшөт.
Профильдик практика. 4 курстун студенттери гибриддик (онлайн жана оффлайн формада) санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо менен ноябрьда 4 жума Ош шаарындагы эл аралык мекемелерде, бейөкмөт уюмдарда, турфирмаларда практика өтүшөт.
Практикаларга билдирүү жана буйруктар онлайн формада даярдалып, кадрлар бөлүмүнө mail.oshsu.kg жана WhatsApp аркылуу жөнөтүлүп, чыгарылат. Студенттерге оффлайн же Zoom платформасы аркылуу практиканын башында инструктаж берүүчү жана практика аяктагандан кийин жыйынтыктоочу конференциялар уюштурулуп өткөрүлөт. Ар бир буйрук графикке дал келет жана өзүнчө папкада сакталат. Ар бир практиканын түрүнө жараша практиканын отчеттору өз-өзүнчө папкаларда сакталган. Ар бир практиканын түрү боюнча жумушчу программа, силлабустар, күндөлүктөр өз убагында толтурулуп, баалар ведомостко жана AVN программасына коюлган.

НББПнын кутулуучу натыйжаларындагы компетенциялардын практика учурунда калыптанышы
Ар бир практиканын түрүнө жараша окутуунун кутулуучу натыйжаларындагы компетенциялар калыптанат.
Окуп - таанышуу практикасында КН-6 калыптандырылат.
КН-6:Жалпы жана кесиптик чөйрөдө маданияттар аралык баарлашууда билимдерин жана көндүмдөрүн интеграциялайт. (СЛК-1,ПК-3,15,16, 17, 29).
Өндүрүштүк практикасында КН-4 калыптандырылат.
КН-4:Жалпы, маданияттар аралык жана кесиптик чөйрөлөрундөжазуу жана оозеки котормонун алдыңкы методдорун жана ыкмаларын колдонот(ПК- 4, 5, 6,7,9,10, 12, 13,14, 27)
Профильдик практикасында КН-7 калыптандырылат.
КН-7:Илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүнүн негиздерин билет жана изилдөөнүн жыйынтыктарын кесиптик маселелерди чечүүдө колдонот(ОК-4,6, ПК-8,19, 25,26).

Квалификациялык иштердин практикада апробацияланышы жана илимий макалалардын жарык көрүүсү

Квалификациялык иштеринин аткарылышы боюнча стейкхолдерлер жана профессордук -окутуучулук курам менен биргеликте талкуулар жыл сайын өткөрүлүп турат. Квалификациялык иштеринин темалары, сапаты, актуалдуулугу, жанылыгы, алардын прикладдык мааниси каралып, кафедранын жыйынында талкууланып, студенттерге профилдик практикага чыгаардан мурда берилип, бекитилет. Апрель айынын Илим жумалыгында кваликациялык иштердин алдын ала корголушу кафедра тарабынан пландаштырылып, уюштурулат жана анын жыйынтыгында студенттердин эн мыкты деп табылган макалалары ОшМунун жарчысында басмадан чыгарылат. Мисалы, Турсунов Алишер жана Саипова Айдананын макалалары жарык көргөн.

Практиканы уюштуруу, өткөрүү жана баалоодо маалымат технологиялардын эффективдуу колодонулушу жана вебсайтта чагылдырылышы
Практика учурунда, студенттердин ишмердүүлүгү WhatsApp, Zoom, видеовызов, электрондук почта аркылуу текшерилет жана Инстаграмм (osu.translators), Фейсбук (osu.translators), www.oshsu.kgбаракчаларында баары чагылдырылып, көрсөтүлгөн.
Практиканы уюштурууда баалоо каражаттары күтүлүчү натыйжаларга ылайыкташтырылып түзүлгөн жана эффективдуу колдонулуп, баалар журналдарга, ведомостко жана AVN программасына коюлат.

Стейкхолдерлердин сунуштары аркылуу окуу планына киргизилген жаңы курстар жана дисциплиналар
Практиканын жыйынтыгы боюнча жыл сайын, стейкхолделер менен биргеликте чоң маштабтуу оффлайн жана онлайн конференциялар уюштурулат.Конференцияга мекемелердин, фирмалардын өкүлдөрү менен бирге Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин практика жетекчилери, окутуучулары жана студенттери да катышат. Студенттердин практика убагында иш чаралардын натыйжалары көрсөтүлөт жана анализделинип, талкууланат. Студенттерден жана стейкхоолдерлерден алынган сурамжылоого анализ берилип, жогорку окуу жайы менен мекемелердин ортосундагы карым-катнашты бекемдөө жана билим беруунун сапатын жогорулатуу максатында НБППга стейкхолдерлердин сунушунун негизинде өзгөртуулөр киргизилде. 2020-2021-окуу жылдан баштап өндүрүштүк практикасы эки жуманын ордуна төрт жумага узартылды.
Акыркы жылдары кызыкдар тараптар менен жолугушуулар көп өткөрүлүп, анда КН жана окуу программаларынын компетенциялары талкууланып, сапаттуу билим алууга багытталып, элективдүү курстардан улам сааттардын көбөйүшү тандоо эркиндигин камсыз кылды. Мисалга алсак гид котормочу, синхрондук котормо, аудирование, TOEFL жана башкалар.Элективдүү курсун киргизүүнүн максаты студенттердин тил чөйрөсүндө лингвистикалык жана коммуникативдик чет тилдик жана котормочудук компетенттүүлүгүн калыптандыруу, ошондой эле социалдык жана профессионалдык мазмундагы коммуникативдик милдеттерди чечүүгө негизделген чет тилинде натыйжалуу байланышты ишке ашыруу. Бул курстар котормодо коммуникативдик мамиленин негизинде иштелип чыккан, демек студенттердин окуган материалдарын кесиптик ишмердүүлүктө колдоно билүү керек.

Практиканын базасын кеңейтуу боюнча иш аракеттер
Практиканын базасын кеңейтүү боюнча байма бай иш аракеттер жүрүп турат. Ар практиканын алдында Ош шаарында жаныдан ачылган эл аралык жана бейөкмөт уюмдар, мекемелер менен келишимдер жаңыланып, кайрадан түзүлөт. Төмөндөгү аталган фирмалар менен практиканы өтөө жөнүндө келишимдер бар (жалпы 35 келишим) жана эки тараптар тең кол коюлган: Кызыл жарым ай коому, Smile kg, ЭлТР КТРК, ОшТВ, American corner, Тур. Фирма «Авантия», Турфирма «CBT Alai», Фонд «Агахан», Интербилим, Munduz Tourist, Youth of Osh, Education for All, ж.б.

247 11:56 15-04-2021

                 

Новости

|< 1 >|