Новости

Талаа практикасы

“Кыргыз-Ата” мамлекеттик улуттук жаратылыш паркы өзгөчө экологиялык, геоботаникалык, жана фауналык баалуулуктарга ээ, арчалуу токойлордун кайталангыс жаратылыш комплексин сактоо максатында түзүлүп, корголуучу жаратылыш аймактарынын жаңы формасы катары эсептелинет. Мында пайдалануунун өзгөчө корголуучу режими орнотулган. Жаратылышты коргоодо өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын бирикмесинин орду чоң мааниге ээ. Башкача айтканда, мамлекеттик улуттук жаратылыш жана биосфералык парктары, мамлекеттик коруктар, мамлекеттик заказниктер, эс алууга багытталган жаратылыш аянттары. Аталган категориялардын ичинен мамлекеттик улуттук жаратылыш парктары өзгөчө орунда турат.

“Кыргыз-Ата” улуттук паркы жалпы аянты 11172 га түзүп, андагы токой каптаган жерлери - 2974,9 га түзөт. Аталган мамлекеттик улуттук жаратылыш паркы Ош шаарынын түштүк-батыш тарабынан 75км аралыкта, Ноока тшаарынан 35км аралыкта, Ноокат районунун Кара-Кой капчыгайында жайгашып жана түндүк тараптан Ноокат токой-чарбасынын жерлери менен, чыгыштан, түштүктөн, батыштан мамлекеттик жер фонду менен чектешет. Деңиз деңгээлинен 2200-4000м бийикчектерде Алай ТОО кыркасынын түндүк жантаймаларында жайгашкан. Улуттук парк аймагы негизинен эки чоң жылганын ичинде жайгашкан – Кара-Кой жана Мазар.

Өсүмдүктөр дүйнөсү улуттук паркта толук изилденип бүтө элек. 2007-2009-жылдары улуттук парктын кызматкерлери тарабынан парктагы өсүмдүктөр дүйнөсү такталып, 217 түрү бар экендиги аныкталган. Анын ичинен: бадал-дарактардын 21 түрү, өсүмдүктөрдүн 196 түрү аныкталып, алардын 14 түрү дары чөптөргө кирет. Азыркы убакта изилдөөлөр улантылууда. Өсүмдүктөрдүн толук изилдениши үчүн булл багытта илимий иштер улантылып, жылдын ар мезгилдеринде каралышык ерек. Негизинен бадал-дарактардан: түркестан арчасы (өрүк арча), жарым шар арча (сары арча), зеравшан арчасы (кара арча), суу тал, четин, чычырканак, шилби, ыргай, бөрүкарагат, карагат, табылгы, итмурун, чие жана башкалар кездешет. Андан башка улуттук парктын ичинде жайгашкан КРнын УИАсынын Кара-Кой тажрыйбасынын аянтында башка жактан алынып келинген бадал-дарактардын 83 түрү эгилген. Азыркы убакта алардын 59 түрү биздин шартка ыңгайланышып, өсүп жатат.

2020-21 окуу жылында пландаштырылган 2-курстун студенттери үчүн талаа-практикасы май айынын 17-24 күндөрү “Кыргы-Ата” улуттук паркында өттү.

Студенттер “Өсүмдүктөрдүн систематикасы” сабагы боюнча теориялык билимдерин практика жүзүндө бекемдөө менен аталган парктын өсүмдүктөр дүйнөсу менен таанышып, гербарий материалдарын чогултушту

214 12:49 01-06-2021

                 

Новости

|< 1 >|