Новости

КРнын билим берүүсүнѳ эмгек сиңирген кызматкер, г.и.д., проф. К.Матикеевдин 80 жылдык маарекесине арналган “III Матикеевдик окуулардын” алкагында илимий-практикалык конференция болуп өттү

2021-жылдын 7-декабрында Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнѳ эмгек сиңирген кызматкер, география илимдеринин доктору, профессор К.Матикеевдин 80 жылдык маарекесине арналган “III Матикеевдик окуулардын” алкагында, ОшМУнун магистратура жана PhD докторантура департаментинин магистрлерине арналган “Жаш окумуштуулардын илимий изилдѳѳлѳрү: гипотезалар, практикалык сунуштар, иштелмелер” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференция саат 10-00 ОшМУнун Чоң жыйындар залында салтанаттуу ачылыштан башталып, ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору, мед.и.д., проф. Осумбеков Б.З. сѳз сүйлөдү. Андан кийин расмий коноктор г.и.д., проф. Мазбаев О.Б. (Астана эл аралык университети (AIU), Казакстан) жана г.и.д., проф. Каймулдинова К.Д. (Абай атн. Казак улуттук педагогикалык университети (Abai University), Казакстан) жана ОшМУнун магистратура жана PhD докторантура департаментинин директору, т.и.д., проф. Кенжаев И.Г., ТТГФнин деканы, г.и.д., профессор Низамиев А.Г. куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Программа боюнча пленардык отурум болуп, негизги докладдар окулду. Иш чара кызыктуу концерттик программа менен коштолду. Түштөнүүдөн кийин,ТТГФде Табигый кырсыктардын тобокелчилигин азайтуу технологиялары жана мейкиндик маалыматтарды талдоо боюнча эл аралык борборду жана факультетке тиешелүү илимдердин символдору болгон монументалдык белгилерди расмий түрдө ачуу болуп өттү. Илимий практикалык конференциянын программасы боюнча секциялык жыйындарда магистранттардын макалалары кызуу талкууланды. Күн аягында конференция жыйынтыкталып, резолюция кабыл алынды.

238 20:42 08-12-2021

                 

Новости

|< 1 2 3 4 >|