Новости

ОшМУнун кызматкерлери эл аралык илимий-практикалык конференцияда

2023-жылдын 26-29-октябрында табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын кызматкерлери геология-минералогия илимдеринин кандидаты Умаралиев Р.А., география илимдеринин кандидаты Момошева Г.А. жана кафедранын изденүүчүсү Ергешова Г. Өзбек Республикасынын Ургенч мамлекеттик университетинде "Заманбап (учурдагы) география: инновациялык өнүгүүнүн илимий-методологиялык негиздери" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып келишти. Ушул эле жылдын октябрь айында Ош мамлекеттик университети менен Ургенч мамлекеттик университетинин ректорлорунун 1.Туризм тармагында кызматташтыкты жана академиялык мобилдүүлүктү орнотуу; 2. Туристтик багыттар боюнча эл аралык туристтик жайкы мектептерди уюштуруу ж.б. илимий-изилдөө боюнча келишимине кол коюлган болчу. Илимий иш сапардын алкагында, университеттин материалдык-техникалык абалы, ГИС технологияларды туризмде пайдалануу боюнча жасалып жаткан карталар менен таанышуу жана биргелешип илимий-изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Конференцияга катышкан кафедранын илимий кызматкерлери ГИС технологиялар боюнча бир нече жолу чет өлкөлөрдө окуудан өтүшкөн, эл аралык долбоорлор менен иштешкен адистер.
190 07:51 30-10-2023

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|