Устаттарым жөнүндө эскермелер

САГЫНДЫҢБЫ?.. БИЗ ДА СЕНИ САГЫНДЫК…

(Аруу акын Жыпар Умарованын жаркын элесине арнайм)

Ош шаарынан чыгып, башка шаарга жол тартып бараттым. Алыскы жолду жакындатайын дегендей, шофёр да менин ички туюмумду сезип магнитафондон мукамдуу, жагымдуу ырларды жаңыртып баратты.

Бир кезде Жыпар Умарованын калемине таандык “Элегия” ырын обончу Түмөнбай Колдошов ырдап кирди.

Сагындыңбы?.. Мен да сагындым…

Кусалуу бир күнгө кабылдым.

Буйругу жок ушул тагдырга,

Таарындыңбы?.. Мен да таарындым…

Кыйналдыңбы?.. Мен да кыйналдым…

Мүдүрүлдүм бирок сынбадым.

Жүрөгүңдү эзип жалгыздык,

Унуттуңбу?.. Унуталбадым…

Ыйладыңбы?.. Мен да ыйладым…

Өзүмдү-өзүм алдап кыйнадым.

Жанга баткан жалгыздык ырын,

Ырдадыңбы?.. Мен да ырдадым…

Сагындыңбы?.. Мен да сагындым…

Өкүткө жана арманга, сүйүү менен кусага, өкүнүч менен сагынычка толгон, акындын жеке тагдырынан жаралган бул ырды Түмөнбай боздоп ырдап жатканда акыл оюм, сезимдерим мени алда кайда алып жөнөдү.

***

Жыпар Умарова...

Кыргыздын аруу акын кыздарынын бири эле.

Аны адабиятчылардын баары билбесе да, Ошто анын күйөрманмандары, аны ардактап кадырлагандар, анын таза сезиминен жаралган ырларына ашык болгондор көп болчу. Көз алдыман кадимки кино тасмадагыдай сүрөттөр катарлашып өтүп жатты.

***

...1988-жылы ОшМУнун кыргыз филологиясы факультетинде окуп жаткан кезимде аскердик милдетимди аткарууга кетип, 1989-жылы күзүндө аскерден келип, 2-курстан окуумду уланттым.

Студенттик демократия күчөп, кайра куруунун желаргысы бүтүндөй өлкөнү аралап турган кез эле.

Күзүндө пахтадан келгенибизден кийин кыргыз филологиясы факультетинде студенттик активдер чогулуп, “Дүбүрт” социалдык жана маданий бирикмеси түзүлүп, мени бул бирикменин жетекчилигине, орун басарлыгына Жыпар Умарованы шайлашыптыр.

Ал эми бирикменин кеңешчилигине баарыбыз жакшы көргөн агайыбыз Жумаш Мамытов менен сүйүктүү эжекебиз Анара Кадырова бекитилиптир.

Анда Жыпар бизден эки курс жогору окучу экен.

Бирок мен бул жыйынды билбей, катышпай калыптырмын. Ага карабай мени жакшы билген мурдагы курсташтарым төрагалыкка шайлап коюшуптур. Анан Жыпар Умарова, Канчоро Айдаров, Алайбек Айникеев сыяктуу поэзияга жакын жаштар дубал газета чыгарып, поэзия кечелерин, адабий талкууларды өткөрө баштадык.

***

Жыпар менден бир жаш улуу эле, өзү да уялыңкы, тартынчаак болгондуктан, ал кезде көп деле жакындап, сырдашып кеткен жокпуз. Бирок аны дайым байкап, ырларын окуп, чыгармаларына кубанып жүрдүм.

Канчоро: “Жыпар деген кыз мына ушул-кыз” деп, биз менен баш ийкешип, өтүп бараткан ак саргылынан келген, ак жакалуу көйнөк кийген жакшынакай кызды көрсөттү.

Бир караганда эле анын жүзүнөн назиктик, ыйбаа, ыйман көрүнүп, жылдыздуу, бешенеси жарык кыз экени байкалып турду.

Анан эле Бишкекте “Алыкулдун ак боз ат” фестивалы өтүп, биздин филфактан барган Жыпар Умарова лауреат, Канчоро Айдаров дипломант болуп келишти. Биз аларга суктанып, Жыпарды көргөн жерде башкаларга сыймыгыбыз катары айта баштадык. Андан кийин Канчоро Айдаров “Ак мөөр” поэмасын өзүнүн вариантында жазып салды. Канчоро күндө жаңы саптарды жазып келип, бизге кечинде окуп берет. Анан биз аны мактайбыз. Дүйнөдө Канчородой күчтүү акын жоктой.

***

Жыпарлар менен дагы бир таланттуу жигит окуйт эле. Тармал чачтуу, орто бойлуу Эшбаев Жеңиш деген. Жеңиш да келишкен, жигиттин гүлү эле, эркин күрөш менен машыккан мыкты балбан болчу. “Манасты” катырып, кырааты менен узак айтчу.

Жыпар менен Жеңиш кыз-жигит болуп ээрчишип калышты. Кийинчерээк баш кошушту. Жыпар өзү ырларында айткандай “ак жоолукту кыйгач байлап” Аксыга келин болуп кетти. Жеңиштин атасы Аксыда белгилүү кыргыз тилчи мугалимдердин бири экен ошол тапта. Ошентип бир топ жыл айылда туруп калышты окшойт.

***

Ошол мезгилде өтө популярдуу болуп турган обончу, композитор Ибрагим Жунусов Жыпардын төмөнкү ырына обон жазып, бул ыры Ибрагим Жунусовду да бийиктикке көтөрүп, Жыпардын ким экендигине элдин баары кызыгып турган учур болгон.

Сага деген мас жүрөгүм соолукту,

Кеч болсо да, өз теңине жолукту.

Ак жоолукту кыйгач байлап назданып,

Мен өзүңө болбой калдым колукту.

Мезгил деген өтүп барат карачы,

Адамдын да өзгөрөт ой-санаасы.

Күндүр-түндүр тынчсызданган апамдын,

Болбой калдың эрке күйөө баласы.

Апакеңдин болбой калдым келини,

Болсо керек сүттөй аппак пейили.

Аттиң арман! Жаштык сырын чече албай,

Бүтпөй калды махабаттын сейили.

Сөзгө обон төп келип, көпчүлүк сүйгөн ырга айланган.

Кийинчерээк Жыпар менен Жеңиш бир уул, бир кыздуу болуп, кайра ОшМУга келип иштеп калышты.

***

Өкүнүчтүүсү, Жеңиш үй-жай кылсам деп, Россияга иштегени кетип, кырсыкка учурап жаш бойдон дүйнөдөн кете берди.

Бул ансыз да ооруп жүргөн Жыпарга өтө оор күндөрдү алып келди. Уул-кызын бапестеп багып, окутуу үчүн болгон күчүн жумшады.

Жүрөгү акын болуп төрөлгөн Жыпардын башына тагдыр бир топ түйшүгүн салды. Ошондон кийин анын оорусу күчөй берди окшойт.

Өз тагдырын ыр кылып жазып жүрдү. Качан акын өз тагдырын жаза баштаганда, окурмандардын жүрөгүнө жетет. Өз жүрөгүнөн сызылып чыккан ырлары окурмандарына да жетип жатты.

***

Мен анын “Сырдашуу” аттуу китебине баш сөз жаздым. Ошону да бул макалага кыскартып киргизүүнү эп көрдүм.

“Кадырман окурман!

Колуңузда турган китептин кол жазмасын бир дем, бир илеп менен окудум да, кайрадан кайталап окугум келди.

Ишенем, Сиз да ошентип, эргүү менен окуп чыгасыз.

Анткени Жыпар башка адамдын сезимин, арманын, тилегин, кыялын, эңсөөсүн ырга салбайт. Ал өзүнүн чаң жукпаган сүйүүсүн, өзү туюп, өзү азабын тарткандай, жашоодо тагдыры кандай болсо, так ошондой ырга салат.

Жыпар - жүрөгүнө илхам келип, дилине сөздөр шурудай тизилип калганда гана калем кармайт. Жараткан ага табигый талант берген. Акын өзү жашоодо кандай болсо, ырлары да ошондой назик, сезимтал жана баео.

“Акынга мансап эмес, тагдыр керек”,-дешет.

Жыпар Умарова - акындык тагдырды өз башынан кечирип жүргөн инсан. Өзүнүн эч кимге окшобогон тагдыры, өзүнүн сыйынып жашаган көркөм дүйнөсү бар. Ал апасы жөнүндө жазабы, туулган жер, достору, өз тагдыры жөнүндө жазабы, баарын сүйүү менен, аздектөө менен жазат.

Жыпардын поэзиясында ак жоолук жөнүндө кеп кайталанат. Адам тагдырынын түрдүү кырдаалы жоолук аркылуу ассоциацияланат.

80-жылдардын аягы 90-жылдардын башында ОшМУнун кыргыз филологиясы факультетинде студент улан-кыздардын арасында калем кармап, ыр жазгандардын жоон тобу жүрчү эле. “Сапар түйшүгү , “Дүбүрт” дубал газеталарын чыгарчубуз. Ошолордун ичинде баарыбызды өзүнүн жүрүш-турушу менен суктандырып ыр окуган ак жакалуу “Канарейка” кыз бар болчу.

“Арзуу” деген ырында ал өзүн ал ошентип айтат.

....“Көздөрүңдөн бардыгын окуп турат.

Эркелетип өзүң сүйгөн Канарейка”-

...Бакыт издеп сабалап учуп жүрөт,

Баягы өзүң сүйгөн Канарейка”.

Жылдар өтүп ошол жөндөмдүү студенттердин эң таланттуусу - Жыпар болгондугун мезгил ырастады. Калгандарыбыз көр пенделик кылып, тирүүлүктүн капшабында калып кеттик көрүнөт.

Жыпардын ырларына белгилүү обончулар жакшы обондорду жазып, радио-телевидениелерден уктурулуп жүрөт.

Азыр ыр окуй турган заманбы?-дешет. Жашоодо тазалыкты туу тутуп, жүрөгүндө сезими бар адамдар азыр деле ырды окушат. Жашоого руханий азык алышат.

Акырында айтаарым, Жыпардын жагымдуу жыт аңкыган ырларын окуп, жашоого азык алалы!”

***

Ушинтип баш сөз жазып, китебин чыгарып, китептин таанытмасын өткөрдүк. Жыпардын поэзиясын сүйгөндөр чогулдук.

Төгөрөк зал... Бул залда убагында филфакта окуган Сооронбай Жусуев, кийинчерээк Курманбай Калдыбаев, Карбалас Бакиров, Маркабай Ааматов, Атантай Акбаров, кечээ жакында эле студент болушкан Айжаркын Эргешова, Нарсулуу Гургубаева, Улукбек Омокеевдердин алгачкы ырларына ортоктош болгон төгөрөк зал. Ошол канчалаган атактуу адамдардын чыгармачылыгына ортоктош болгон төгөрөк залда Жыпар Умарованын поэзия көлүнө түшүп бир жыргап алдык. Анын ырларын студенттер, агай-эжейлер аткарышты. Биз жылуу сөзүбүздү айтып, белектерибизди бердик. Ал эми Жыпар ушул күнү шыктанып, жүзү нурданып, бактылуу болуп турду.

***

Ырларын окуп көрсөңүз, Жыпар ак түскө, актыкка өтө катуу маани берип, дайыма акка умтулгандыгы анын ак пейилин, ак жүрөгүн билдирет десе болот.

Карасаңыз:

Ак жоолукту кыйгач байлап назданып,

Мен өзүңө болбой калдым колукту...

(“Өкүнүч”)

Кардай ак кездемеден көйнөк кийип,

Жол жүрсө турат кайың башын ийип.

Барсамбы жаратканга бакыт тилеп,

Кайыңдай аппак шайы көйнөк кийип.

(“Жай айы бизге бакыт алып келдиңби?”)

Аппапак сүйүүбүз деп ойлойм,

Аяздуу Ошумдун ак карын.

(“Аяздуу Ошумдун ак кары”)

Бала бойдон калгым келет түбөлүк,

Бая күнкү ак бантикти тагынып.

(“Балалыкты эскерүү”)

...Көпөлөктөй бантигимдин ордуна,

Жакында мен ак жоолукту салынам.

...Апакеңдин болбой калдым келини,

Болсо керек сүттөй аппак пейили.

(“Өксүк”)

...Эч ойлонбой барар элем жаныңа,

Ак булуттан аппак жоолук салынып...

(“Кыялдануу”)

...Биринчи ирет колго калем карматып,

Ким түшүргөн ак кагазга сыяны...

...Аппак мектеп, кызыл доска, картасы.

(“Акыркы коңгуроо”)

...Төгүп турса, ак жылдыздар нурларын,

Угуп койчу жүрөгүмдөн тартуулайм.

Ак түстү өзүнүн жашоосундагы түз сызык катары карап, акка арбалып, акка суктанып, акка жанашып, актыкка моюн сунуп кете бербедиби, Жыпар.

***

ОГПИде ректор болуп иштеп жатканмын. Жыпар бир эжеке, агайды ээрчитип куттуктаганы мага келишиптир.

Эң кызыгы, ал өз колу менен көк чөптөн чүчпара түйүп, анан жаш улактын өпкөсүнө сүт куюп олобо жасап келиптир. Көрсө, Жыпар өз колу менен кушкер тамактарын жасап, чын дилден алып келген экен.

Көпкө сүйлөшүп, пикир алышып, сырдашып отурдук. Ошондо катуу ооруп жүргөнүн байкадым.

Кайтып келе жатып “Каныбек ОшМУга ректор болуп келсе, жакшы болот эле”, - деп тилегин айтыптыр.

Көрсө, финансы-юридикалык колледжинде сабак берип, бара-бара туруп сабак берүүгө алы да келбей бараткан окшойт, ошол кезде.

Арадан 3 жыл өткөндөн кийин мен ОшМУга ректор болуп которулдум. Чыгармачыл адамдарды дайым колдоп, кубаттап, дем берип келем.

Анан Жыпарды кыргыз филологиясындагы окуу залына котордук.

Өзүнүн жамааты, аны түшүнгөн аны окуткан, ал окуткан кесиптештери менен жүрсө, көңүлү көтөрүлөбү, деген ойдо.

Чындап эле ал жерде аны колдогондор, жылуу сөзүн айткан агай-эжейлер көп болду. Күн сайын ал-жайын, ишке келе албай калса, үйүнө чейин барып дарманын сурап турган эже-сиңди, ага-ини туткан адамдары көп эле болду окшойт.

Мен деле кез-кезде көңүлүн көтөрүп, ал-жайын сурап турдум.

***

Былтыр уулу Амантур үйлөндү. Амантур атайын карындашын ээрчитип мага чакыруу алып келиптир. Факультеттен бир топ агайлар, эжекелер менен мен да, Амантурдун тоюна бардым.

Той башталганда, бири-бирине жарашкан Амантур менен келинчеги биздин алдыбызга чыгып келе жатканда, карап тургандардын ичинде жүрөгү ыйлабаган бир да адам калбады окшойт.

Жыпар менен Жеңиштин ушул күндү күтүп, ушул бактылуу учурду көрбөй калгандыгына ичибиз ачышып өкүнүп турдук. Амантур зыңкыйган жигит болуп, колуна куш кондуруп, келин алып келатканын көрсөң, төбөң көккө жетпейт беле, Жыпар, деп арман кылдык.

... Санаа тартып, арман жүгүн артынбайм,

Саат жылып, өмүр өтсө кайгырбайм,

Алды жакта өмүр узун, жол узун,

Уулум, кызым өмүр улайт артымдан.

Ден соолугум-уулумун көздөрүндө,

Мончок –шуру чачыласы,

Өтүп-кеткен жаштыгым – ал,

Кызымдын сербейген сары чачы”,-деп уул-кызы жөнүндө жазган экен.

“Балдарыма” деген дагы бир ырында

Тоолордой максатты бийик койгом,

Дагы эле максатым бийик бойдон.

Нурлары уулума төгүлсүн деп,

Бактымды жылдыздарга илип койгом.

Калтырбай күндөрүмдү көп кейиткен,

Бактымды гүлзарларга мен бекиткем.

Сербейген сары кызым жыттасын деп,

Күлкүмдүн чачыласын сээп кеткем.

Жакында уулу Амантур балалуу болду. Кызы Айдай турмушка чыкты. Өмүр уланып келе жатат. Келиндүү болгон, кайнене болгон, небере сүйгөн, чоң эне болгон күндөрдү көрсө, жүрөгүнөн кандай ырлар оргуштап чыгат эле. Аттиң арман!

Жыпар кызына арнап “Кызыма кырк нуска” деген китеп жазган. Ошол китеби кызына калтырган мурас да, осуят да болду окшойт.

Ар бир эне уул-кызына ушундай белек калтырса, кандай жакшы болор эле.

***

Дайыма жанында болуп бир туугандары жакшы колдоду. Өзгөчө Анара эжеси Жыпар үчүн эч нерсесин аябады. Ага ар тараптуу камкордук көрдү. Ошон үчүн эжесине арнап, эркелеп, ыраазылыгын билдирип ыр жазды.

“Көңүлгө бек сактап келемин,

Мен деген түйшүгүң эжемин.

Бой жетип калсам да өзүңө,

Дагы эле эркелей беремин

Не деген күндөрдү кечирдим,

Сүйрөлүп аргаңды кетирдим,

Бакыттан, байлыктан жолу жок,

Карыздар сиңдиңди кечиргин”

(“Эжеме”)

Деп эжесинин эмгегине, түйшүгүнө ыраазы болгон. Эжеси аягына чейин Жыпар менен бир болду. Бир тууганга күйгөн адам Анара эжедей болоор.

***

Ар бир адамга Кудай Таала түрдүү өмүр берет. Тагдыр кандай кыйынчылыкты башына салбасын Жыпар Умарова аны ыр менен жеңди.

Өзүнүн назик жүрөгү аркылуу адамдарга ырлары менен дем берди. Окурмандарын жакшылыкка, оптимизмге, жашоону сүйүүгө чакырып жашап өттү.

Ал романтик болчу. Турмуш чындыгына баш ийип мөгдөп калбай, ырлары аркылуу өзүнө ички руханий күч таап, жакшылыкты туу тутуп, жакшылыкка жанашып, жакшы ниетти жолдош кылып, жакшы адамдарды айланасына топтоп жашады.

Бир адам жөнүндө кымындай да жаман ою болгон жок. Жаздай жаркырап, көктөмдөй өмүр сүрдү.

...Шаардан чыгып ойноп келдик кечээ биз,

Ушул күндү, балким, дагы күтөбүз.

Көр тиричилик, бүт көйгөйдү унутуп,

Жаш баладай гүл тердик биз үчөөбүз.

Торгой сайрап, жан жыргатса төбөдөн,

Ырлар бүтпөй, сөздөр бүтпөй толо кеп.

Жаз жыттанган ошол жашыл жайытты,

Атап алдык “байчечекей дөбө” деп

Боюн түзөп, күн төбөдөн төгүлө,

Турган эле бизди карап Күн күлө.

Ошондогу биз сүйлөшкөн сөздөргө,

Асман күбө, Күн да күбө, Гүл күбө

Көп келебиз байчечекей дөбөгө.

Ошентип бир өмүрдүн сабагы көз ирмемде шурудай чубалып өттү.

Жыпар Умарова ОшМУдан билим алды жана эмгектенди.

Адамдык жана акындык аруулугу менен баарыбызды суктандырып жашады. Жыпар биз сени дайыма эстейбиз, эскеребиз, сагынабыз. Уулуң менен кызыңдын сенин өмүр көчүңдү татыктуу улап жаткандыгын көрүп кубанабыз.

Ырларыңды окуп каниет кылабыз.

Каныбек Исаков ОшМУнун ректору, филология илимдеринин доктору, профессор

2853 06:23 25-02-2019

                 

Устаттарым жөнүндө эскермелер

|< 1 2 >|