Рубрика "Слово ректора"

«ОшМУ менин тагдырым, кубанычым, сыймыгым”

Бул инсандын бейнесин жазууда негедир апкаарып турам. Себеби Каныбек Исаков сөзгө аяр мамиле жасаган, сөз кынтыгы каерде бузулса дароо сезген уста адам, сөз чебери. Анын үстүнө докторлугун да кыргыз адабияты боюнча жактаган. Баарлашып отуруп, маектешимди агай деп, өзүмдү студенттей сезгенимди да жашырбайм… Эл арасында «ректор реформатор» деп аталган, ишти жашоом деп түшүнгөн, шаардык депутаттардын арасында өз жүзү, өз орду бар инсан, ОшМУнун ректору, филология илимдеринин доктору, профессор Каныбек Исаковдун бейнесине сүртүмдөр.

  Тамекинин арасында өткөн балалык

-1969-жылы 4-июнда Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айылында туулгам. Балалыгым социалисттик турмуштун кызып турган мезгилине туш келди. Ноокат тамекинин мекени эмес беле. Аз алганы 50-60 сотых, айрымдары 1-2 гектардан алып, тамеки иштетет эле. Биздин балалыгыбыз тамеки эгүү, сугаруу, чабуу, үзүү, тизүү, илүү менен өттү. Эртең менен 6 да башталган жумуш кайра таңкы саат 2 ге чейин созулчу. Өмүр бою тамекинин арасында өтөмбү деп да ойлойт элем. 4-5-класстарга барганда көркөм адабияттарга болгон кызыгуум пайда болду. Билимге ыктап, адабиятка болгон сүйүүмдүн ойгонушуна азыр ойлосом Шамшы деген чоң атабыздын кыштын узак түндөрүндө айылдын аксакалдарын чогултуп, курут атала берип, аларга “Манас”, “Курманбек” эпосторун мага күн сайын окуткандыгы себеп болгон окшойт. Тамекиден тажаганда акырын туруп, үйдүн чатырына чыгып, чөпкө жашынып алып китеп окучумун. Чатырдын ар жеринде менин китепканаларым боло турган. К.Жантөшевдин «Каныбек» романын дал ошол «китепканада» окугам. Азыркы китепканалардын сонун шарттарын менин «китепканаларыма» салыштырып, ойго батам. Окуй эле бериш керек мындай жерде. Канчалык шарт түзүлгөн сайын адам баласы жалкоо болуп калат окшобойбу. Тамекиден баш көтөрбөй күн өткөн кездерде китеп окуу мен үчүн чексиз бакыттай туюлчу...

«Жакшы жашоону атамдан үйрөнгөнбүз»

-Атам абдан эмгекчил, тыным дегенди билбеген адам эле. Апам Айзаада экөө 3 кыз, 4 уулду чоңойтуп, өстүрүштү. Жаман жашаган жокпуз. Биздин үй-бүлө тамекиде жакшы иштеп, жылдык отчетто 7 миңден 10 миңге чейин акча сыйлык алчубуз. Ошол кезде атам сыйлыкка «Жигули» унаасын биринчилерден болуп алган. Эмгек кылуу менен бирге бардар жашадык. Жакшы иштеп, жакшы жашоону биз атабыздан үйрөнгөнбүз. Кийин Ноокат районунун 80 жылдык мааракесине мени чакырышты. Ошондо өзүм тамекинин арасында чоңойгон үчүн бул иштин оорлугуна, зыяндуулугуна карабай, талыкпай иштегенибизди, ак эмгектен тапкан нан таттуу болорун айтып сөз сүйлөп, жердештериме салам жолдодум. Тамекинин уусу организмге катуу таасир этет экен, апам раматылык эрте эле, 64 жашында кайтыш болуп кетти. Атам бригадир болуп иштеп талаалап жүрүп, үй бетин көрбөй деле калчу. Бир жактан балдардын түйшүгү, бир жактан тамекинин планы апамдын ден соолугуна таасир эткен да. Биз жаш болуп, анча сезбептирбиз.

«Апам жапкан нанды эстесем…»

-Апамдын наны айылыбызда ушул күнгө чейин аңыз болуп айтылып жүрөт. Ким кудалыкка жөнөсө же бир маараке өткөрүүчү болсо, апамдан суранып нан жаптырышчу. Коңшулардын той-аштары апамдын жапкан нанысыз өтчү эмес. Ошондо апамдын наны ар бир дасторкондун көркүн ачып, айылдыктар үчүн сыймык болгон экен да. Апамды сагынып, эстеп калганда ушул нерселерди эстеп, ого бетер кусалыкка чөмүлөм. Жүрөгүмдө апама болгон сагыныч, кусалык дайыма жашайт. Айылга демөөрчү таап, мечит салдырдым. Өзүм окуган, ошол жерде окулган курандардын сообу апама тийсин ылайым…

Тарбиясы жөнүндө өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Биздин үй-бүлөдөгү негизги тарбиячы апам болгон. «Атаң укпасын», «атаң билбесин», «атаңар укса, капа болот» деген нукта тарбиялады бизди. Ошондон уламбы, айтор атамдан негедир чочулап, айбыгып турчубуз. Дүйнөдө бала тарбиялоодон өткөн кыйын иш барбы. 7 баланы адал эмгек, таза тамак менен эрезеге жеткиришип, үзүрүн көрөрдө апамдын өтүп кеткени биздин арманыбыз. Ыраазы болгонум, мактана турган жайым, бизди ак эмгек менен жашоого тарбиялашты. Азыркы биздин бир жылдык эмгегибиз тамекичинин бир күндүк эмгегине татыбайт. Муну мен азыр сезип айтып отурам.

«Мектепте «важный» фигура элем»

-Мектепте жакшы окудум. Көп ачыла бербеген, жоош бала элем. Ыйбаа, тартынуу деген сезимдер бар эле биздин куракта. Мугалимдерден Райма Кадырова деген эжейим мендеги жашынып жаткан жөндөмдөрдүн ачылышына себепкер болгон. Окуу жайды жаңы бүтүрүп барып, иштей баштаган эжей ар кандай сынактарга бизди катыштырчу. Мен достук азилдерди, сценарийлерди, программаларды жазчумун. Ошондон тарта уюштуруучулук шыгым ойгонгон. 6-класстан баштап райондук гезитке, «Кыргызстан пионерине» кабар жазып, мектепте тааныла баштадым. Жөнөкөй кабардан тартып, автобус, мончо, клуб, почта маселелерин көтөрүп жазып жүрүп, мектепте «важный» фигурага айлангам.

Ошентип орто мектепти аяктап, жогорку окуу жайына тапшырдым. Биринчи жылы өтпөй калып, жаштар бригадасында иштедим. Жалаң кыздар менен иштечүбүз. Жаштардын кечелерин уюштурчубуз. Эң биринчи 90 сом маянамды ата-энеме бергем.

«Өжөрлүккө калыптандырган бир жыл»

-Ал учурда журналист болгум келчү. Кайра окууга тапшырам деп тынбай даярдандым. Ар бир бөлмөдө китептерим тизилип турчу. Китептеримди бөлүп-бөлүп коет элем бөлмөлөргө. Ал кезде өтпөй калуу өтө уят иш эле. Биринчи жылы өтпөй калганда «жыгылып калдыңбы» деп сурашса, не деп жооп берем деп райборбордо кечке жүрүп, айылга күүгүмдө кайткам. Өз күчүм менен окуйм деп тырышып жүрүп Ош мамлекеттик университетине тапшырдым. Кирүү экзамендерин жалаң төрткө тапшырсам да, конкурстан өтпөй калдым. Анан атам көкүрөгүнө орден, медалдарын тагынып алып, ректоратка келди. «Окуганын айтпай эле коеюн, менин уулум отунду жакшы жарат, чөпкө, пахтага барганда, эмне силерге отун жара турган бала керек эмеспи, палатканы да жакшы тигет, өткөргүлө болбосо депутатка кайрылам» деп студенттикке кандидат кылып кетти. Кандидат болуп окудум. Кандидат журналга да катталбайт, документиң да жок. Күндө келип окуп жүрө бердим, эми ойлосом өтө өжөр экем. Бир жыл бою жабышып, жалынып жүрүп окудум. Кандидат деп студенттер баары аяшат эле жатаканада. Ушул бир жылда мен көп нерсеге үйрөндүм, улуу-кичүүгө мамиле жасоону, адамдар менен тил табышып иштөөнү, ачык-айрым болууну үйрөндүм, кайра жаралуу жылы болду окшойт. 1-курстун жыйынтыгында бир бала окуудан айдалып, мен анын ордуна студент болуп калдым. Студент болуу бактысын мендей эч ким сезбеген чыгаар…

«Тыным билбеген студенттик жылдарым»

-Ал кезде бардык жигиттер аскерге чакырылчу. Мен да 1988-жылы чакырылдым. Владивостокто 6 ай сержанттык окуу жайында окуп, кийин абадан сокку урууга каршы аскердик бөлүктө кызмат өтөдүм. Аскерден кайтып келип, окуумду улантып 1993-жылы окуумду артыкчылык диплому менен аяктадым. Студенттик кезде жакшы окуп, жакшы жүрдүм. Окуп жүргөндө бир да иш чара факультетте бизсиз өтчү эмес. Факультетте «Дүбүрт» коомдук маданий бирикмеси ачылып, мени жетекчи кылып дайындашты. 3-курста студенттик профсоюздун төрагасы болдум. 5-курста университеттин «Нур» гезитине редактор болуп дайындалдым. Айылга барып мугалим болуп иштесем деген аруу максаттар бар болчу, бирок университетте иштейм деген ниет такыр болбоптур. Тагдыр экен, өзүм бүткөн окуу жайда окутуучу болуп иштеп калдым. Окутуучу, декандын орун басары, тарбиялык иштер боюнча проректорлук кызматтарда иштедим. Ошол жылдары «Ош-3000», «Манас 1000», «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө 2200 жыл» мааракелери өтүп, сценарийлерди жазып, уюштуруучулук иштерге аралаштым. 2001-жылы Б.Сарногоев боюнча кандидаттыгымды, 2011-жылы “Кыргыз тамсилинин табияты боюнча” докторлугумду коргодум. Бул эми илимий тармактагы ийгилигим. Ал эми мен адамдык көрөңгөмдө руханий баалуулукту биринчи орунга коем. Эл азыр менин позициямды абдан жакшы билет, «Исаков муну колдойт, колдобойт» деп дароо алдын-ала эле сезишет. Менин жашоодогу философияма карап мамиле жасашат.

«Өзгө болуп барып, өздөй иштедим»

-Эмгек жолумду санай берсек көп. Айрымдарына гана токтолуп өтсөм, 2006-жылы Ош гуманитардык педагогикалык институтуна ректор болуп дайындалдым. Ал кезде 37 жашта элем. Окуу жайда бар күчүмдү ынтымак орнотууга, жамааттын биримдигин чыңдоого, баарына калыс мамиле жасоого жумшадым. Жамаатта жакшы иштиктүү кырдаал пайда болду, ал жылдары окуу жайдын облигин өзгөртүп, имиджин республикалык деңгээлге көтөрдүк, муну элдин баары билет деп ойлойм. ОГПИде көптөгөн жакшы адамдарга жолуктум. Ар бири менен бир туугандай иштештим. Заманбап окуу жайына керектүү структураларды түздүк. Башка жамаатка өзгө болуп барып, өз болуп кеттим десем болот. Анткени жамааттагы ар бир адамдын көйгөйүн жүрөгүмдөн өткөрдүм. ОГПИде бирге иштешкен окутуучулар, студенттер жөнүндө “ОГПИде өткөн өмүрүм” аттуу эскермемде чоң эргүү, канааттануу менен жазып жатам. ОГПИ мага чоң турмуштук тажрыйба болду. ОГПИнин жамааты менен мамилем азырга чейин жакшы. Көрүшүп калсак жылуу учурашабыз, жамааттын алдында жүзүм жарык деп айтсам болот.

«Алтын туурум-ОшМУга кайтканда»

-Бир кезде студент боло албай босогосунда зарыккан, алтын туурум, экинчи үйүм болгон ОшМУга 2011-жылы ректор болуп келдим. Интеллектуалдык-профессионалдык деңгээли өтө жогору, ар бири уникалдуу, ар бири кайталангыс мүнөзгө ээ инсандар менен иштешип жатканыма абдан сыймыктанып, чын дилим менен иштеп жатам. Азыр университетибизде жаңылануу болбогон бир да кафедра, бир да факультет, бир да окуу имараты, бир да жатакана жок. Баары заман талабына ыңгайлаштырып жаңыланып жатат. Учурда ОшМУну өтө тездик менен өнүгүп жаткан окуу жайга айландырдык десем жаңылышпайм. Буга ылайык, модернизациялоо талабы күч. Бизде азыр көп нерсе ишке ашты, биринчи, материалдык-техникалык базаны чыңдадык, экинчи Болонь процессине өтүп, билим берүү философиясын жаңыладык. Эл аралык көз карандысыз аккредитацияга 20 дан ашуун адистиктерди даярдап жатабыз. 2012-жылы республикада эң биринчилерден болуп эл аралык аккредитациядан өттүк. Мунун негизинде жүздөгөн студенттерибиз, окутуучуларыбыз чет өлкөлөргө чыгып, жаңы технология, инновацияларды үйрөнүп келишүүдө, бул жаңылыктарды ОшМУда пайдаланып жатабыз. Биз 3 программаны турмушка ашырдык. Биринчиси, ОшМУнун 2011-2015-жылга чейин өнүктүрүү программасы, экинчиси, Интеграция, инновация, инвестиция программасы, үчүнчүсү, ОшМУну модернизациялоо программасы же ОшМУну трансформациялоо программасы.

«Инвестиция тартуу үчүн жагымдуу климат түзө алдык»

-Адамзаттык жаңы табылгаларды колдонуу, пайдалануу максатында 200 млн. сомдон артык инвестициялык долбоорлорго кирдик. Инвестиция тартуу үчүн долбоор жазып, мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүп, инвесторлорду ишендире алдык. Бөлүнгөн каражатты сарамжалдуу, максаттуу пайдалануу инвестицияга жол ачат. Ушундай долбоорлордун бири, 2012-жылы электрондук университет түздүк. Атайын система иштеп чыктык. Окуу жайыбыз ачык университет деген статуска ээ, бул жерде бардык маалымат ачык, жаманын да, жакшысын да баары көрүп турат.

Коррупциялык системаны демонтаждоо максатында 3 көз карандысыз тестирлөө борборун ачууга ЮСАИД уюму тарабынан 100 миң АКШ доллары каржы бөлүндү. Конфуций институтунун бир окуу корпусун, бир жатаканасын курууга кытайлык инвесторлор 800 миң доллар грант берди. Теология факультетиндеги «Ыйман» лицейин түзүүгө Түркия мамлекетинен 250 миң доллар грант бөлүндү. Медициналык багытта иштетүү үчүн техникаларды алууга Евросоюздан 50 миң евро утуп алдык. ТИКА уюмунан 45 миң доллар турган робот-сканер алып, китепканадагы китептерди электрондук формага өткөрдүк. Бул робот бир китепти жарым саатта өзү барактап, электрондук формага өткөрө алат. "Демир банк» менен биргелешип 150 миң долларлык “Кампус-карт” долбоорун ишке киргизип жатабыз. 5 ачык асман алдында түрк моделиндеги спорт аянтчасын курууну ТИКА менен сүйлөштүк. “Ыйман” лицейинин жаңы окуу имаратын жана жатаканаларын куруу үчүн инвестицияларды алып жатабыз. Мындай самаалыктарды санай берсек өтө көп. Айрымдарын гана айтып өттүм. Адатта биз инвесторлор келбей жатат деген сөздөрдү көп угабыз. Инвестиция тартуу үчүн инвестициялык климат түзүү, инвесторду өзүңдүн мүмкүнчүлүгүңдү көрсөтүү менен ишендире алуу керек.

«Башкы кредом – таланттуу жаштарды өстүрүү»

-Башкы кредом- таланттуу жаштарды өстүрүү, келечегине жол ачуу. Жол көрсөткөн саясаттагы, мамлекеттик кызматтардагы, бизнестеги бутуна турган шакирттерим, окуучуларым жөнүндө айтпай эле коеюн. Музыка искусствосунда популярдуулукка жетишкен Замир Мырза, Э. Балтагулов, К.Султанов, А.Кулбаева, Т.Колдошев, Э.Жалалов, Нуртилек, Элбарчын, Марсиана жана башкаларды айтууга болот. Ал эми журналистикадан саясатка өткөн белгилүү журналисттер Ж. Акаев, Л.Мамытова, К.Чыдыновду, Азаттыкта жүргөн К.Жолдошов, Ы.Исаков, Э.Нурматов, “Би-Би-Сидеги” А.Абдылдаев жана белгилүү журналист А.Монуевду жана түштүктөгү бардык эркин телеканалдардын директорлорун учурунда кеп-кеңешибизди берип өстүргөнбүз деп айта алам. Ал эми жаш акындар У.Омокеев, Н.Каныбекова сыяктуу көкүрөгүндө көрөңгөсү бар таланттуу окуучуларым менен сыймыктанам.

“Унутулган таланттардын рухтары бизди күтүп жатат…»
-Түштүктө Барпы сыяктуу акындар көп болгон, бирок алардын көпчүлүгүнүн чыгармалары кол жазмалар фондунда саргайып, жарыяланышын күтүп жатат. Канча залкарлардын мурастары али кагазга түшпөй, изилденбей келет. Ошол унутулган адамдардын рухтары бизди күтүп жаткандай эле сезиле берет. Бул ой мага тынчтык бербейт. Эгер биздин муун тактап жарыялабаса, системага салып изилдебесе, кийинчерээк кеч болуп калат. Кийинки муун муну түшүнбөй калышы да мүмкүн… «Руханий активдүүлүк керек»

-Өнүгүү үчүн саясат эмес, руханий активдүүлүк керек. Саясат менен каршылаш тарапты жеңе албайсың. Көкүрөгү руханий жактан бай, илимдүү, билимдүү коом гана жеңишке жетет. Өсүп-өнүгүшүбүз үчүн азыр руханий иммунитетибизди көтөрүү өтө зарыл болуп турат.

Мен чет өлкөдөн жакшы табылга көрүп калсам, аны сөзсүз бизде жаратам. Болгону ал нерсе улуттук баалуулуктарыбызга туура келиш керек. Ишке ашып жаткан идеялардын көбү чет өлкөдөн тапкан «табылгалардын» натыйжасы. «Бизге колдонсо болобу, болсо кандай болот» деп көпкө ойлонуп, алгач кыялымда жаратып, реалдуулукка туура келсе, өнүктүрүп, өзгөртүп сөзсүз ишке ашырам.

«Менин бактым үй-бүлөмдө»

-3 кыз, 1 уулум бар. Келинчегим экөөбүз классташпыз. Үй-бүлөмө, келинчегиме ыраазымын. Эгер жубайым мени колдоп-кубаттап, шарт түзүп бербегенде, мүмкүн мен мындай ийгиликке жетмек эмесмин. Кесиби боюнча башталгыч класстын мугалими. Өмүрүн үй-бүлөгө арнап, балдарды тарбиялап келет. Менин ишиме кийлигишпейт. Ар кандай жаңы идеяларымды, ойлорумду аны менен бөлүшөм, дайыма колдоп турат. Кенже кызымдын атын апамдын атына уйкаштырып Бекзаада койдум. 20 жашымда үйлөнгөм, балдардын улууларын апам багышкан. Азыр кенже кызыма өзүм көбүрөөк көңүл бөлгөнгө аракет кылам. Балдарымдын дүйнө таануусуна көңүл буруп, алардын мүнөзүнө чыныгы адамдык сапаттарды киргизе алдым деп ойлойм.

«ОшМУ менен тагдырым бир»

-Менин тагдырым ишим менен байланышкан. Жеке ийгиликтерим ушул окуу жайда жаралып, кыялдарым да ушул жерде ишке ашты. 6 жаңы окуу имаратын курдук, 2 окуу имаратын куруп жатабыз. Жаратмандык ишмердүүлүк менен иштеп университетке эмгегимди арнап жатам деп ойлойм. Өмүр жолумду ОшМУдан бөлүп карай албайм. Күн сайын таң эрте университетке кирип келе жатканда жоопкерчиликтүү жана сыймыктуу сезим пайда болот.

Масим Турсунбекова

“Ош шамы” гезити, №4 (1314), 05.02.2016

9755 15:22 09-02-2016

                 

Рубрика "Слово ректора"

|< 1 2 3 4 >|