Зоология жана экология кафедрасында 19-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин “2022-жыл Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы” жарлыгына карата уюштурулган “ Табигый илимдердин эффективдүүлүктөрүн жогорулатуудагы актуалдуу маселелер ” аттуу илимий жумалыгы болуп өттү. Иш-чара төмөндөгүдөй программада өткөрүлдү:
Кафедра башчысы, б.и.к., доцент А.М.Абдыкааровдун куттуктоо сөзү.
Илимий докладдар:
№ |
Баяндамачынын аты-жөнү |
Ээлеген кызматы |
Илимий баяндаманын темасы |
1 |
Абдыкааров Абдиманнап Момунович |
Зоология жана экология кафедрасынын башчысы, б.и.к., доцент |
Зоология жана экология кафедрасынын окумуштууларынын илимий иштери боюнча маалымат |
2 |
Атабеков Усан Аданович |
Б.и.к., доцент |
“Саркент” мамлекеттик жаратылыш паркында кездешкен чычкан сымал кемирүүчүлөрдүн фаунасы |
3 |
Маткеримова Фатима |
Окутуучу |
Дары коңуздун личинкасынын өөрчүүсүнө жүргүзүлгөн байкоолордун жыйынтыгы |
4 |
БИО(б)-1-20 |
студенттер |
Ош шаарында өткөрүлгөн экологиялык акцияларды демонстрациялоо |
5 |
Батаева А.Б. |
Окутуучу |
Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылына карата экологиялык конкурс |
6 |
Жунусалиева Э. |
Окутуучу |
|
7 |
Эгембердиева А.С. |
Окутуучу |
Келгин канаттууларды коргоо акциясы (Табият-Ош дендрологиялык паркы) |
Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин студенттеринен сырткары Теология жана Физика-техникалык факультеттеринин студенттери да иш-чарага катышты.
Атайын «Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылына карата” экологиялык конкурс уюштурулуп, Физика-техникалык факультетинин студенттери 1-орунду багындырышты.
Ал эми “Келгин канаттууларды коргоо” акциясында студенттер тарабынан атайын канаттуулар үчүн уя жасалып, Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин БИО(б)-1-20 тайпасынын студенти Раимжанов Азизилло биринчи оорунду багындырды.
Докладдар кызыктуу суроолор менен коштолуп, иш-чара атайын белектерди тапшыруу менен аяктады.