Жанылыктар

“Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунун өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн музейи” аталышындагы китебинин бет ачары

19-апрель күнү “ Кулун-Ата” мамлекеттик коругунун жана анын музейинин негиздөөчүсү,

КРнын токой чарбасына эмгек сиңирген ишмер, ОшТУнун ардактуу профессору Боронбаев Асандын

“Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунун өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн музейи” аталышындагы китебинин бет ачары болуп өттү.

Кулун-Ата” мамлекеттик коругунун биоартүрдүүлүгүн изилдөөдө, жана музейдеги жаныбарларды изилдеп, систематикалоодо Зоология жана экология кафедрасынын салымы чоң. Кафедрада музейдеги жаныбарларды инвентаризациялоо боюнча квалификациялык жумуштар жазылган жана музей менен илимий иштер тыгыз алынып барылат.

Китептин автору китептин бет ачар аземинде кафедранын изилдөөчүлөрүнө терең ыраазычылыгын билдирип, бекем ден-соолук каалап өттү.

Иш-чарага ОшМУнун ректору, ф.-м.и.д., профессор Кожобеков К.Г.

КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Касейинов К.У.

«Сулайман-Тоо» музей комплексинин башкы директору Султан Абдрахманов

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин ректору, э.и.д., профессор Райымбаев Ч.К.

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору, п.и.д., профессор Зулуев Б.Б.

ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин деканы, г.и.д.,

профессор Низамиев А.Г., аталган факультеттин окутуучулук-профессордук курамы жана студенттер катышты.

171 13:57 21-04-2022

                 

Жанылыктар

|< 1 >|