Жанылыктар

Кафедранын тарыхы

Кафедранын тарыхы Кафедра 1951-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институту ачылганда, “Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы” деген аталышта уюшулган. Анын алгачкы башчысы болуп филология илимдеринин доктору Аскар Турсунов иштеген. Андан кийинки мезгилдерде кафедраны филология илимдеринин кандидаттары, доценттер Ж.Мураталиева, С.Кондучалова, Н.Бейшекеев, Ж.Мамытов,Т.Нуруев педагогика илимдеринин кандидаттары, доценттер Ж.Бешимов, С.Шатманов, улук окутуучу З.Кулунбаевалар башкарып келишкен. Азыр кафедрага филология илимдеринин доктору, профессор Элчиев Жаанбай башчылык кылат. Кафедра 1975-жылы Кыргыз адабияты кафедрасы ачылгандан тартып 1995-жылга чейин Кыргыз тили кафедрасы деп аталган. 1995-жылдан кыргыз тили илими кафедрасы болуп аталып келе жатат. Кафедранын 10 мүчөсүнүн экөөсү ОшМУнун профессору, жетөөсү филология илимдеринин кандидаттары, доценттер, бири окутуучу. Алардын айрымдары азыркы учурда докторлук диссертацияларынын үстүндө иштешүүдө. Бир окутуучу кандидаттык диссертациясынын үстүндө эмгектенүүдө.
839 10:58 16-02-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 >|