Жанылыктар

ОШМУНУН БИЗНЕС ЖАНА МЕНЕДЖМЕНТ ФАКУЛЬТЕТИНДЕ 3-АПРЕЛЬ - БУХГАЛТЕРЛЕРДИН ЖАНА АУДИТОРЛОРДУН КЕСИПТИК КҮНҮНӨ КАРАТА "СТАТИСТИКА" ПРЕДМЕТИНЕН РЕГИОНАЛДЫК ОЛИМПИАДА БОЛУП ӨТТҮ

02.04.2024-ж. Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык мааракесинин алкагында 3-Апрель - Бухгалтерлердин жана аудиторлордун кесиптик күнүнѳ карата «Статистика» предметинен студенттер аралык регионалдык олимпиада болуп өттү. Олимпиадага Ош шаарынан 3 ЖОЖ, Жалал-Абад облусунан 2 ЖОЖ катышты. Олимпиаданын жыйынтыгында дипломдор жана сертификаттар тапшырылды: 1-орун К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университети - Эргешова Арууке 2-курстун студенти; 2-орун М.Адышов атындагы Ош технологиялык университети – Авазбекова Самара 3-курстун студенти; 3-орун Б.Омонов атындагы Жала-Абад мамлекеттик университети – Шакиржанова Айзат 3-орун Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети – Мамадали кызы Мыскал ээлешти. Белгилей кетсек Ош мамлекеттик университетинин студенттери конкурстан сырткары өз-күчтөрүн сынап көрүштү. Олимпиадага катышкан баардык студент досторго, студенттерди жетектеп келген профессордук-окутуучулук курамга жана Мамлекеттик статистика башкармалыгынын эксперттерине, адистерине ыраазычылык билдиребиз, иштеринде албан-албан ийгиликтерди каалайбыз! Урматтоо менен ОшМУнун “Бухгалтердик эсеп жана экономикалык анализ” кафедрасынын эмгек жамааты.
101 13:12 03-04-2024

                 

Жанылыктар

217 07:22 03-04-2023

"Банктарда кассалык жана эсептешүү операциялар уюштуруу " деген темада конок-лекция ѳткѳрүлдү

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыраазычылык баракчасы менен Ош мамлекеттик университетинин "Бизнес жана менеджмент" факультетинин э.и.к. доцент Макыев Акылбек Төлөшович сыйланды.

198 07:11 03-04-2023

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен экономика илимдеринин доктору, профессор Култаев Топчубай Чокоевич сыйланды.

196 07:05 03-04-2023

На конкурсе организованном Казахстанским общенациональным движением «Бобек», международной ассоциацией молодых ученых(Казахстан, Нур-Султан), приняли участие студенты вузов стран СНГ.

182 06:57 03-04-2023

9 декабря 2022 года прошел круглый стол на тему «Создание программы производственной практики по профилю «Бухгалтерский учет, анализ и аудит» с учетом уникальности отраслей».

165 06:41 03-04-2023
|< 1 2 >|