Жанылыктар

Бизнес жана менеджмент факультетинин Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багытынын 1-2-курстардын ата-энелер чогулушу болуп өттү

Ата-энелер чогулушу мектепте гана эмес, университетте да өткөрүлөт. Адатта, ата-энелер балдардын окуу жетишкендиктери жана жүрүм-турумуна байланыштуу маселелерди талкуулоо үчүн мектепке чакырылган болсо, университетте алар окуу процесси менен таанышууга чакырылат.

21-декабрда Бизнес жана менеджмент факультетинин Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багытынын 1-2-курстардын ата-энелер чогулушу болуп, анда окуу-тарбия процессинин негизги принциптери чагылдырылды.

1-курстун студенттеринин ата-энелерине Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу багытынын өнүгүү стратегиясы менен тааныштырыпAVN системасы, мобилдүүлүк, факультеттин материалдык-техникалык базасы жана ички тартип эрежелери тууралуу айтып, окутуунун кредиттик системасынын принциптери түшүндүрүлдү.

4-курстун студенттери Рустам уулу Артур жана Зарылбеков Тынарбектер “Окуу-тарбия процесси - студенттин көзү менен”аттуу баяндама жасап, ата-энелерге сунуштарды беришти.

155 13:04 22-12-2022

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|