Жанылыктар

"Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" адистигинин студенттери үчүн "Мен жана профессионалдуулук" аталышындагы конок лекция болуп өттү.

2017-жылдын 11-март күнү Ош Мамлекеттик университетинин Бизнес жана менеджмент факультетинде “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” адистигинин студенттери үчүн “Мен жана профессионалдуулук” деген темада конок лекция болуп өттү. Лекциянын коноктору Кыргыз Республикасындагы JICA бүтүрүүчүлөр Ассоциациясынын өкүлдөрү А. Айдосов, П. Жумашева, К. Матисаков болушту. Лекцияга студенттер активдүү катышышып, лекторлорго жогорудагы тема боюнча түрдүү суроолорду узатышты.

Конок лекция жыйынтыкталган кийин Кыргыз Республикасындагы JICA бүтүрүүчүлөр Ассоциациясынын өкүлдөрү “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” кафедрасынын профессордук-окутуучулук жамааты менен жолугушту. Жолугушууда мындан кийин да ушундай иш-чаралар уюштурулуп,кызматташуу уланаары айтылды

2209 16:22 13-03-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|