Жанылыктар

“Кыргыз Республикасынын соттук жана соттук эмес экспертизалардын азыркы учурдагы абалы жана айрым көйгөйлөрү” аталышындагы илимий-практикалык конференция

“Кыргыз Республикасынын соттук жана соттук эмес экспертизалардын азыркы учурдагы абалы жана айрым көйгөйлөрү” аталышындагы илимий-практикалык конференциясын өткөрүлдү. ОшМУнун 85-жылдыгына жана Юридика факультетинин “Илим жумалыгынын” негизинде “Криминалистика, соттук экспертиза жана бажы иши” кафедрасы тарабынан “Кыргыз Республикасынын соттук жана соттук эмес экспертизалардын азыркы учурдагы абалы жана айрым көйгөйлөрү” аталышындагы илимий-практикалык конференциясын өткөрдү. Илимий практикалык конференцияда соттук жана соттук эмес экспертизалар жаатындагы заманбап илимий методдорду, техникалык каражаттарды колдонуудагы жанычылдыктарды жана айрым маселелерди ошондой эле соттук экспертизалык иликтөөлөрдү жүргүзүүдөгү кээ бир кемчилдиктерди кароо максатында уюштурулду. Конференцияга Юридика факультетинин окуу иштери боюнча декандын орун басары Д.П. Шоокумова, Юридика факультетинин Практика жетекчиси Б.А. Орозбаева, “Соттук процесс, экспертиза жана бажы иши” кафедрасынын башчысы, ю.и.д., доцент М.С. Арстанбеков, Кылмыш-жаза укугу кафедрасынын улук окутуучусу, мурдагы судья Ж.Ж, Кудаяров баш болгон окутуучу-профессордук курамы жана студенттер катышты. Андан сырткары конок практиктер: Ош ШИИБнын эксперт-криминалисттик кызматынын башчысы, милициянын полковниги Ж.М.Абдыкадыров, КР Юстиция министирлигинин алдындагы соттук экспертиза кызматынын башчысы М.Т. Пайысбеков, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын тамак-аш коопсуздугу бөлүмүнүн начальниги А.Э. Бепиев, “ЭКСПЕРТ-ТҮШТҮК” мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмунун эксперти– Т. Усманов, Ош ШИИБнын тергөө кызматынын Өзгөчө маанилүү иштерди тергөө бөлүмчөсүнүн тергөөчүсү милициянын улук лейтенанты Э.М. Жээнбеков катышышты. Конференцияга келген конок, практиктер өздөрүнүн ишмердүүлүгү жана соттук экспертизанын артыкчылыктарды боюнча баяндама жасашты. Ар бир жасалган баяндамадан кийин суроо-жооп талкуу менен уланды. Жыйынтыгында жалпы катышуучулардын жана жасалган баяндамалардын негизинде, сунуштар менен толукталып Резолюция каьыл алынды.Конференцияга катышкан конокторго, баяндама жасагандарга Ыраазылык каттары тапшырдылды.
83 03:26 25-04-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|