Жанылыктар

Кафедранын коруктар менен байланышы

2024-жылдын 19-март күнү кафедранын кезектеги кеңешмесинде Кулун-Ата мамлекеттик коругунун ага илимий кызматкери, биология илимдеринин кандидаты Абдисатаров Камбарали менен жолугушуу өткөрүлдү. Ал аталган корукта учурда жүргүзүлүп жаткан илимий иштер менен кеңири тааныштырды. Өз сөзүндө Камбарали Абдисатарович ОшМУнун зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын профессордук-окутуучулары тарабынан коруктун илимий иштерин жүргүзүүгө кошкон салымдары жана жаратылыш китебин жазууда илимий жактан жакындан жардам берип, ар тараптан колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирди. Белгилей кетсек, кафедранын профессордук-окутуучулары коруктун 2015- жана 2024-жылдагы жазылган Летопистерине, коруктун музейинин түптөлүшүнө да жакындан жардам берип келишкен жана 2008-жылдан бери коруктун кызматкерлери менен жаратылышты коргоо багытында, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө тыгыз кызматташып келишет.


210 09:37 26-03-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 2 >|