Жанылыктар

Илим жумалыгы

2024-жылдын 18-апрелинде ОшМУнун 85-жылдыгына жана илим жумалыгына карата илим күнү өттү. Бул иш чарага КРнын жаратылышты коргоонун эмгек сиңирген ишмери, Даңк орденинин ээси, токой кызматынын генералы Боронбаев Асан, биология илимдеринин кандидаты, Кулун-Ата мамлекеттик коругунун улук илимий кызматкери Абдисатаров Камбарали, факультеттин жана зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын окутуучулары, студенттер катышты. Бул иш чарада кафедранын окутуучуларынын илимий багыттагы долбоорлордун жана студенттердин стартаптарынын жыйынтыктары боюнча даярдалган көргөзмө уюштурулду. Зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын улук окутуучусу Айдаралиев Эгемназар Калбиевич, доценти Стамалиев Кутманалы Ыманалиевич, окутуучулары Жунусалиева Элиза, Кубаныч уулу Жумабек, ЕНОБ-(м)-1-21 тайпасынын магистранты Маннап кызы Канзада, БК(б)-1-23 тайпасынын студенти Абдикеримова Алина илимий докладдарды жасашты. Ал эми БЛ(б)-1-23 тайпасынын студенттери “Жашыл лидерлер аракетте” студенттик оюн зоок программасын тартуулашты. Иш-чаранын соңунда активдүү катышкандарга грамоталар тапшырылды.
141 04:38 19-04-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 2 >|