Жанылыктар

"Кара-Кулжа" гимназиясы музыкалык адабий кече өткөрүштү

"21 - февраль эл аралык эне тил" күнүнө карата А.Токтосартов атындагы райондук китепканада өткөн адабий музыкалык кечеге ОшМУнун "Кара - Кулжа" гимназиясы активдүү катышты. Дем алыш жана майрам күндөрүнө туура келгендиктен белгилөө кечеси 24-февралда болуп өтүп, орус, англис тилдеринен башка кытай жана түрк тилдерин үйрөткөндүгү менен өзгөчөлөнгөн ОшМУнун "Кара - Кулжа" гимназиясы бул адабий музыкалык кечеде өзүн мыкты көрсөтө алды. Окуучулар чет тилдеринде каалоо тилек айтышып, ырдап, бийлеп өнөрлөрүн көрсөтүштү. Көп түрдүүлүк, көп тилдүүлүк, көп маданияттуулук инсандын өзүнүн жана өлкөнүн байлыгы экендигин даңазалашты.
343 10:29 27-02-2021

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|