Жанылыктар

"Ыйман" гимназиясында "Баланын билим алуусундагы ата-эненин орду" аталышындагы семинар жыйынтыкталды

ОшМУнун "Ыйман" гимназиясында март айында бир ай бою уланган "Баланын билим алуусундагы ата-эненин орду" аттуу ата-энелер үчүн семинар жыйынтыкталды.Семинарда балдардын тарбиясы жана келечигине байланыштуу темалардын тегерегинде баарлашуу болду.Алгач иш-чаранын башында ОшМУнун мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун директору Жороев Ташболот агай сөз сүйлөп, ата-энелерди Ош МУнун мектептеринин ишмердүүлүгү менен тааныштырды. Ошону менен бирге ата-энелер окуучулардын окуудагы катышуусу, жетишүүсү менен таанышты. Ата-энелер мектебинде ар бир ата, ар бир эне баласына жаштайынан үйрөтүшү керек болгон "СЫЙКЫРДУУ СӨЗДӨР" айтылды. Андан сырткары "бала, мугалим жана ата-эне" деп аталган тарбия пирамидасы, баланын ийгиликке жетүүсүндө ата-эненин колдоосу, баланын аракети, мугалимдин ишмердүүлүгү туурасында сөз болду. Темадан кыскача үзүндү: Таалим-тарбия деген эмне дегенде көпчүлүгү жаңы нерсени үйрөнүү, үйрөтүү деп жооп беришет. А бирок, педагогдордун аныктамасында таалим тарбия баланы интеллектуалдык, маалыматтык жактан да, адеп-ахлактык жактан да өнүктүрүү дешет. Мунун негизинде таалим-тарбия - бул үйрөнүлгөн нерсени жүрүм-турум менен айкалыштыруу десек так болчудайт. Жүрүм-турумдун. мүнөздүн пайдубалы үй-бүлөдө курулгандыктан, адистер «адамдын биринчи мугалими ата-энеси» дешет. ................................................... Дүйнөдөгү бардык ийгиликтердин аркасында ынтымактуу жамаат турат. Ошону сыңарындай таалим-тарбия процесси да жамааттык иш. Ата-энелер бул жамааттын ичинде эң негизги орунда турушат. Таалим-тарбия процесси пирамида сыяктуу. Үч бурчтан турат. Үй-бүлө, бала жана мугалим... Бурчтардын бири аксаса, көйгөйлөр да көбөйөт. Муну билим-берүүдө таалим-тарбия пирамидасы деп атап коебуз. Окуучу, ата-эне жана мугалим футбол тайпасы сыяктуу кызматташышы керек. Дарбазачысы гана жакшы тайпа жеңишке жете албайт. Андыктан, ар бирибиз бала үчүн пайдалуу иш кылууга мажбурбуз. Булардын ичинен ата-энеге түшкөн жоопкерчилик оор. Мектепте ийгиликсиз болгон 17 жаштардагы 50 баланын үстүнөн жүргүзүлгөн тажрыйбада, 66%нын ийгиликсиздиги аталарынын аларга убакыт бөлбөгөндүгүнө, 44%нын ата-энелеринин мамилеси начар болгондугуна барып такалды. Тажрыйбага катышкан балдардын 46%да көңүл коштук, унутчаактык жана көңүлсүздүк аныкталды. (Сүрөттөр тиркелет)
304 13:16 11-03-2021

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|