Жанылыктар

Дасторкон ажары болгон Сумолок

Майрамдык концертке катар эле,факультетибизде кафедралар чогулуп,сумолок кайнатылды. Сүмөлөк Ноорузда майрамдык дасторконго коюлуучу негизги тамак болуп эсептелет. Ал өндүрүлгөн буудайдан, өсүмдүк майынан жана буудай унунан жасалат. Салтка ылайык, сүмөлөктү Нооруз алдындагы түнү бышырышат. Катуу оттун үстүндө казанга кайнатылуучу тамакты тынбай аралаштырып туруу керек. Буга бардык каалоочулар келип кол тийгизе алат. Жана сүмөлөктү аралаштырып жатып, ар бири өз каалоо-үмүтүнүн орундалышын тилейт. Казанды тегеректеген эл, бала-чака жөн гана турбастан, оюн-зоок, ыр-тамаша менен көңүл ачышат. Сүмөлөк бышырылчу казандын түбүнө ырым кылып 41 таш салынат. Таштарды чоң суунун сайынан же, дагы бир ишенимдер боюнча, үч жолдун айрылышынан терип келишет. Таштардын практикалык да мааниси бар – алардын аркасы менен сүмөлөк казандын түбүнө күйүп жабышпай, бөлтөк болбой, текши бышат.
241 03:48 20-03-2022

                 

Жанылыктар

|< 1 >|