Жанылыктар

НББП

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТИРЛИГИ Ош мамлекеттик университети Педагогика жана дене тарбия фаультетинин деканы Бекитемин «___» _________ 2016- ж. №__ Кесиптик орто билим берїїнїн негизги программасы адистиги: 050709 – Башталгыч класстарда окутуу Квалификациясы – Башталгыч класстын мугалими 1. Жалпы жоболор 1.1 Кесиптик орто билим берїїнїн _050709 – Башталгыч класстарда окутуу_ адистиги боюнча Мамлекеттик билим берїїнүн ушул стандарты «Билим берїї жєнїндє» Мыйзамына жана билим берїї жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз билим берїї академиясында иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Єкмєтїндє аныктаган тартипте бекитилген. Бул Мамлекеттик билим берїї стандартын аткаруу кесиптик орто билим берїї программаларды ишке ашыруучу бардык кесиптик орто окуу жайлары їчїн, алардын уюштуруу-укуктук формаларына карабастан, милдеттїї тїрдє болуп эсептелет. 1.2. Терминдер, аныктамалар, белгилєєлєр, кыскартуулар Кыргыз Республикасынын Кесиптик орто билим берїїнїн мамлекеттик билим берїїнүн ушул стандартында Кыргыз Республикасынын «Билим берїї жєнїндє» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасында белгиленген тартипте кабыл алынган кесиптик орто билим берїї жаатындагы эл аралык документтерге ылайык төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат: - компетенттүүлүк багыт – билим берїї процессин уюштуруу, мазмунун тандоо, максатын аныктоо, билим берїї технологиясын тандоону жана билим берїї натыйжаларын баалоого, билим берїї натыйжасы катары окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн компетенцияларынын жыйындысы жана компетенцияларды калыптануу деңгээлдери; - компетенция – белгилүү бир тармакта кесиптик ишмердик менен шугулданууга мүмкүндүк берүүчү билимдердин, көндүмдөрдүн жана билгичтиктердин, инсандык сапаттардын динамикалык комбинациясы; - компетенттїїлїк - тийиштїї тармакта кесиптик иш жїргїзїї їчїн зарыл болгон жекече сапаттардын, билимдердин, көндүмдөрдүн (ыктардын) жана билгичтиктердин кыймылдуу комбинациясы; - жалпы компетенттүүлүк – жалпы ишмердиктерди аткарууда пайда болгон маселелерди чечүүдө колдонулуучу билимдердин жана билгичтиктердин, практикалык тажрыйбалардын негизинде ийгиликтүү аракеттенүү жөндөмдүүлүгү; - кесиптик компетенттүүлүк - кесиптик ишмердикке байланыштуу маселелерди чечүүдө билимдердин жана билгичтиктердин, практикалык тажрыйбалардын негизинде ийгиликтүү аракеттенүү жөндөмдүүлүгү; - кесиптик билим берїїнїн негизги программасы - даярдоонун тийиштїї багыты боюнча билим берїї процессин ишке ашыруунун мазмунун, максаттарын, кїтїлїїчї натыйжаларын аныктоочу жана уюштурулушун регламентєєчї окуу-усулдук документтердин жыйындысы; - дисциплиналардын цикли - окутуунун, тарбиялоонун белгиленген максаттарына жана натыйжаларына карата белгилїї бир логикалык жыйынтыкка ээ болгон билим берїї программасынын бир бєлїгї же окуу дисциплиналардын жыйындысы; - кесиптик модуль - окутуунун, тарбиялоонун максаттарына жана натыйжаларына карата белгилїї бир логикалык жыйынтыкка ээ болгон окуу дисциплинасынын бєлїгї; - кредит (зачеттук бирдик) - кесиптик билим берїїнїн негизги программасынын эмгек сыйымдуулугунун шарттуу єлчємї. - окутуунун натыйжалары – негизги билим берїї программасы модулу боюнча окутуунун натыйжаларына ээ болгон компетенциялар. 1.3.Кыскартуулар жана белгилєєлєр Ушул Мамлекеттик билим берїї стандартында тємєндєгї кыскартуулар колдонулат: МББС – мамлекеттик билим берїї стандарты; КОББ – кесиптик орто билим берїї; КОББ МББС – кесиптик орто билим берїїнүн мамлекеттик билим берїї стандарты; КББНП – кесиптик билим берїїнїн негизги программасы; КББНП ДЦ – кесиптик билим берїїнїн негизги программасынын дисциплиналарынын цикли; КООЖ – кесиптик орто окуу жайы; ЖК – жалпы компетенциялар; КК – кесиптик компетенциялар; КД – кесиптик дисциплиналар; ОМБ – окуу-методикалык бирикмелер; ОУК – окуу-усулдук кеўеш; КМ – кесиптик модуль; ДАК – дисциплиналар аралык курс; ДЦ – дисциплиналардын цикли. 1. Колдонуу тармагы 2.1. Кыргыз Республикасынын Кесиптик орто билим берїїнїн ушул мамлекеттик билим берїї стандарты (мындан ары – КОББ МББС) негизги билим берїї программаларын ишке ашырууда _________050709 – Башталгыч класстарда окутуу____адистиги боюнча нормалардын, эрежелердин, талаптардын жыйындысын жана окуу уюштуруучулук-усулдук документтерди иштеп чыгуу, лицензиясы же Кыргыз Республикасынын аймагында Мамлекеттик аккредитациясы (аттестациясы) бар, бардык кесиптик орто билим берїїнїн (мындан ары – коож) кесиптик билим берїїнїн негизги программаларын єздєштїрїїнїн сапатын баалоо їчїн негиз болуп эсептелет. 2.2. КОББ МББСнын ___050709 – Башталгыч класстарда окутуу__________адистиги боюнча КОББ МББСнын негизги пайдалануучулары болуп төмөнкүлөр эсептелет: - ошол адистик боюнча кесиптик билим берїїнїн негизги программаларын ишке ашыруу укугуна ээ болгон кесиптик орто билим берїїчї билим берїї уюмдарынын администрациясы жана педагогикалык курамы; - ошол адистиктеги негизги билим берїї программасын єздєштїрїї боюнча єзїнїн окуу ишмердїїлїгїн натыйжалуу ишке ашыруу їчїн жооптуу студенттер; - тийиштїї кесиптик ишмердїїлїктєгї адистердин жана иш берїїчїлєрдїн бирикмелери; - Кыргыз Республикасынын билим берїї чєйрєсїндєгї аткаруу бийлигинин борбордук Мамлекеттик органынын тапшыруусу боюнча негизги билим берїї программаларын иштеп чыгууну камсыз кылуучу окуу-усулдук бирикмелер жана кеңештер; - кесиптик орто билим берїїнї каржылоону камсыз кылуучу аткаруу бийлигинин Мамлекеттик органдары; - аткаруу бийлигинин кесиптик орто билим берїї системасында мыйзамдардын сакталышын текшерїїнї камсыз кылуучу, кесиптик орто билим берїї чєйрєсїндє аттестацияны, аккредитацияны жана сапатка кєзємєлдї жїзєгє ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар. 3. Адистиктин жалпы мїнєздємєсї 3.1 Кесиптик билим берїїнїн негизги программаларын ______________050709 – Башталгыч класстарда окутуу___________ адистиги боюнча єздєштїрїї формалары: - кїндїзгї; 3.2. Кесиптик орто билим берїїнїн адистиктери боюнча билим берїїнїн негизги программаларын єздєштїрїїнїн ченемдик мєєнєтї орто жалпы билим берїїнїн базасында окуунун кїндїзгї формасы боюнча 1 жыл 10 айды тїзєт. Ушул кесиптик орто билим берїї программасын негизги жалпы билим берїїнїн базасында ишке ашыруу учурунда єздєштїрїїнїн белгиленген ченемдик мєєнєтї 1 (бир) жылга узартылат. Негизги жалпы билим берїї (10- жана 11-класстар) коождордогу кесиптик орто билим берїїнїн атайын кыскартылган программасы болуп эсептелип, ал боюнча кыскартылган программада коождор окутушбайт жана орто билими жєнїндєгї аттестат беришпейт. Абитуриент окууга тапшыруу їчїн тємєндєгї документтердин бирєєсїн алып келїїсї керек: - орто билими жєнїндє аттестат; - негизги жалпы билими жєнїндє кїбєлїк. Кїндїзгї-сырттан (кечки) жана сырттан окуу формалары боюнча ошондой эле окутуунун ар тїрдї формалары айкалышкан жана дистанттык билим берїї технологиялары пайдаланылган учурда окуу мєєнєттєрї кесиптик орто окуу жайлары тарабынан кїндїзгї формасындагы єздєштїрїїнїн белиленген ченемдик мєєнєтїнє салыштырмалуу 6 айга узартылат. КОББ КББНПны єздєштїрїїнїн башка ченемдик мєєнєттєрї Кыргыз Республикасынын Єкмєтї тарабынан тїзїлєт. 3.3. КОББ КББНПны єздєштїрїїдєгї жалпы эмгек сыйымдуулугу. Кїндїзгї окуу формасы боюнча окуу жылындагы КОББ КББНПнын эмгек сыйымдуулугу 60тан кем эмес кредитке (зачеттук бирдикке) барабар. Окуу процесси эки семестрлик болуп курулган учурда, бир окуу семестринин эмгек сыйымдуулугу 30 кредитке (зачеттук бирдикке) барабар. Бир кредит (зачеттук бирдик) студенттин окуу ишинин 30 саатына барабар (ага анын аудиториялык, єз алдынча иштери жана аттестациянын бардык тїрлєрї кирет). 3.4. КОББ КББНПнын инсанды окутуу жана тарбиялоо жаатында ___050709 – Башталгыч класстарда окутуу___________адистиги боюнча кесипке даярдоонун максаттары. 3.4.1. КОББ КББНПнын окутуу жаатында ___050709 – Башталгыч класстарда окутуу___________адистиги боюнча кесипке даярдоонун максаты болуп төмөнкүлөр эсептелет: - жалпы жана кесиптик билимдерди, көндүмдөрдү жана билгичтиктерди калыптандыруу; - жалпы жана кесиптик компетенцияларды жана компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу; - кесиптик жактан такай өсүүгө жана үзгүлтүксүз билим алууга даяр болууну калыптандыруу; - кесиптик жана инсандык сапаттарды калыптандыруу; 3.4.2. КОББ НКББПнын инсанды тарбиялоо жаатында кесипке даярдоонун 050709 – Башталгыч класстарда окутуу______адистиги боюнча максаты болуп төмөнкүлөр эсептелинет: - дүйнөгө болгон көз карашты жана дүйнө түшүнүктөрүн калыптандыруу; - кесиптик (жана экономикалык) ойломду, аң сезимди жана өзүн-өзү аңдап билүүнү калыптандыруу; - жаңы социалдык чөйрөгө тез жана оңой ынгайлаша алуу, командада иштөө, адамдар менен баарлаша алууну жана өз ара аракете (карым-катышта) болуу сыяктуу инсандын социалдык сапаттарын калыптандыруу; - студенттерде максатка умтулуучулук, уюшкандык, эмгекчилдик, жоопкерчилик, атуулдук, коммуникативдүүлүк, толеранттуулук сыяктуу социалдык-инсандык сапаттарды жана инсандын жалпы маданиятын калыптандыруу; - инсан катары өзүн-өзү өнүктүрүп-өркүндөтүүгө даяр болууну калыптандыруу. 3.5. Бїтїрїїчїлєрдїн кесиптик ишмердїїлїгї Адистиктин бїтїрїїчїлєрїнїн кесиптик ишмердїїлїгїнїн тармактары єзїнє камтыйт: башталгыч жалпы билим берүү программасын ишке ашыруу процессинде балдарды окутуу жана тарбиялоо ишмердиги. 3.6. Бїтїрїїчїнїн кесиптик ишмердїїлїгїнїн обьектилери Бїтїрїїчїнїн кесиптик ишмердїїлїгїнїн обьектилери болуп төмөнкүлөр эсептелинет: -башталгыч мектепте билим берїї программасын ишке ашыруунун милдеттерин, мазмунун, методдорун, каражаттарын, технологияларын жана окуучулардын сабактан жана класстан тышкаркы ишмердиктерин уюштуруу процесси; - окуучуларды окутуу жана тарбиялоо маселелери боюнча өз кесиптештери жана социалдык өнөктөштөрү, ата-энелер (мыйзам өкүлдөрү) менен өз ара кызматташууну уюштуруунун милдеттери, мазмуну, методдору жана формалары; - билим берїї процессине тиешелүү документтер менен иштөө. 3.7. Бїтїрїїчїлєрдїн кесиптик ишмердїїлїгїнїн тїрлєрї: - башталгыч жалпы билим берүүнүн программалары боюнча окутуу; - сабактан тышкаркы ишмердиктерди уюштуруу; - класс жетекчилик; - билим берїї процессин методикалык жактан камсыздоо. 3.8. Бїтїрїїчїлєрдїн кесиптик ишмердїїлїгїнїн милдеттери: - балдардын өнүгүүсүнүн, билим алуусунун жана тарбия алуусунун деңгээлин баалоонун жана талдоонун негизинде педагогикалык процессти проектирлөө, пландаштыруу жана аны ишке ашыруу; - башталгыч класс окуучуларын окутууга жана тарбиялоого коюлган максаттарга жетүүнү ишке ашыруу; - окуучулар менен мамилелеше (кызматташа) алуу; - окуучулардын инсандык өзгөчөлүктөрүнө байкоо жүргүзүүнүн негизинде, алар дуушар болгон кыйынчылыктарды аныктоо жана андан чыгууга жардам берүү; - гумандуу педагогикалык чөйрө түзүүгө жетишүү; -ата-энелер менен педагогикалык иштерди алып баруу; - башталгыч класс окуучуларын бүт предметтер боюнча окутууга зарыл болгон билгичтиктерди жана ыкмаларды талапка ылайык билүү; - окутуунун техникалык каражаттарын жана компьютердик техниканы колдонууну билүү; - өзүнүн билимин өркүндөтүүнүн жана өзүн-өзү тарбиялоонун билгичтиктерине жана ыкмаларына ээ болуу. 3.9. Бїтїрїїчїлєрдїн билимин улантуу мїмкїнчїлїгї 1.1 Кесиптик орто билим берїїнїн________050709 – Башталгыч класстарда окутуу___________адистиги боюнча кесиптик билим берїїнүн негизги программасын єздєштїргєн бїтїрїїчї төмөнкүлөргө даяр: - жогорку кесиптик билим берїїнїн негизги билим берїї программаларын єздєштїрїїгє; - ылайык келген багыттары жана адистиктери боюнча кыскартылган мєєнєттє жогорку кесиптик билим берїїнїн негизги билим берїї программаларын єздєштїрїїгє. 4. КББНПны ишке ашыруунун шарттарына карата жалпы талаптар Кесиптик орто окуу жайларынын КББНПны ишке ашыруудагы укуктарына жана милдеттерине карата жалпы талаптар. 4.1.1. Кесиптик орто окуу жайлары адистерди даярдоо боюнча билим берїїнїн негизги программасын єз алдынча иштеп чыгат. КББНПны даярдоо адистиктерге болгон эмгек рыногунун керектєєлєрїн эсепке алуу менен тийиштїї Мамлекеттик билим берїї стандартынын негизинде иштелип чыгылат. Кесиптик орто окуу жайлары КББНПны илимдин, маданияттын, экономиканын, техниканын, технологиялардын жана социалдык чєйрєнїн єнїгїїсїн эсепке алып, кесиптик орто окуу жайлары билим берїї сапатынын кепилдигин камсыз кылуу үчүн тємєндєгїлєрдє камтылган сунуш-кєрсєтмєлєрдї кармануу менен жыл сайын жаңыланып турууга милдеттїї: - бїтїрїїчїлєрдї даярдоонун сапатын камсыз кылуу боюнча стратегиялардын иштелмесинде; - билим берїї программаларын мезгил-мезгили менен рецензиялоонун мониторингинде; - так макулдашылган критерийлердин негизинде студенттердин билимдеринин жана билгичтиктеринин, бїтїрїїчїлєрдїн компетенцияларынын деңгээлин баалоонун обьективдїї тартиптеринин иштелмелеринде; - окутуучулук курамдын сапатын жана компоненттїїлїгїн камсыз кылууда; - бардык ишке ашырылуучу билим берїї программаларын жетиштїї ресурстар менен камсыз кылууда, аларды колдонуунун натыйжалуулугунун кєзємєлдөөдє, мунун ичинде окуп жаткандарды сурап билїї жолу менен; - єзїнїн ишин (стратегиясын) баалоо жана башка билим берїї мекемелери менен салыштыруу їчїн макулдашылган критерийлер боюнча єзїн-єзї изилдєєнї їзгїлтїксїз жїргїзїїдє; - коомчулукту єзїнїн изилдєєлєрїнїн жыйынтыктары, пландары, жаңылоолору тууралуу маалымдоодо. 4.1.2. Студенттерди жана бїтїрїїчїлєрдї даярдоонун сапатын баалоо алардын кїндєгү, аралыктык жана жыйынтыктоочу Мамлекеттик аттестациясын камтышы керек. Студенттердин жана бїтїрїїчїлєрдїн жекече жетишкендиктерин тийиштїї КББНПнын этаптуу жана тїпкї талаптарга ылайык келгидей аттестациялоо їчїн баалоочу каражаттардын типтїї тапшырмаларды, текшерїї жумуштарды, тестерди ж.б. камтуучу, билимдерди, билгичтиктерди жана ээ болгон компентенциялардын деңгээлин баалоого мїмкїндїк берїїчї базалары тїзїлєт. Баалоочу каражаттардын базаларын кесиптик орто окуу жайлары иштеп чыгат жана бекитет. Бїтїрїп чыгаруучу квалификация ыйгаруучу иштердин мазмунуна, кєлємїнє жана тїзїмїнє карата кесиптик орто окуу жайлары тарабынан белгиленген жыйынтыктоочу Мамлекеттик аттестация жєнїндєгї Жобого ылайык аныкталат. 4.1.3. КББНПны иштеп чыгууда кесиптик орто окуу жайларынын бїтїрїїчїлєрдїн социалдык-инсандык компетенцияларын (мисалы: социалдык єз ара аракеттенїї компетенцияларын, єзїн-єзї уюштурууну жана системалык ишмердик мїнєздєгї єз алдынча башкарууну) тїзїї мїмкїнчїлїктєрї аныкталуусу керек. Кесиптик орто окуу жайлары окуу жайдын социалдык-маданий чєйрєсїн тїзїп, калыптандырууга; инсандын ар тараптуу єнїгїїсї їчїн зарыл шарттарды тїзїїгє милдеттїї. Кесиптик орто окуу жайлары окуу процессин социалдык-тарбиялык компонентин, студенттик єз алдынча башкарууну єнїктїрїїнї, студенттердин коомдук уюмдардын, спорттук жана чыгармачылык клубдардын ишине катышуусуна, илимий студенттик коомдорду єнїктїрїїгє кємєктєш болууга милдеттїї. 4.1.4. Кесиптик орто окуу жайларынын КББНПсы студенттин тандоосу боюнча дисциплинанын ар бир дисциплиналар циклынын вариативдїї бєлїгїнїн їчтєн биринен кем эмес кєлємїн тїзїїсї керек. Студенттин каалоосу боюнча дисциплиналарды тїзїїнїн тартибин кесиптик орто окуу жайларынын окутуучулар кеңеши аныктайт. 4.1.5. Кесиптик орто окуу жайлары студенттердин єзїнїн окуу программасын тїзїїгє катышуусунун реалдуу мїмкїнчїлїгїн камсыз кылууга милдеттїї. 4.1.6. Кесиптик орто окуу жайлары КББНПны тїзїїдє студенттерди алардын укуктары жана милдеттери менен тааныштырууга, студенттер тандап алган дисциплиналар алар їчїн милдеттїї болуп эсептелинерин, ал эми алардын суммалык эмгек сыйымдуулугу окуу планында каралгандан кем болбошу керектигин тїшїндїрїїгє милдеттїї. 4.2. Студенттин КББНПны ишке ашыруудагы укуктарына жана милеттїїлїктєрїнє карата жалпы талаптар. 4.2.1. Студенттер студенттин тандоосу боюнча окуу дисциплиналарын єздєштїрїїгє бєлїнгєн окуу убактысынын кєлємїнїн чектеринде КББНПда белгиленген конкреттїї дисциплинаны тандап алууга укуктуу. 4.2.2. КББНПны єздєштїрїїнүн натыйжалуулугун арттыруу максатында студенттер єз алдынча башкарууну єнїктїрїїгє, коомдук уюмдардын, спорттук жана чыгармачылык клубдардын, илимий студенттик коомдордун ишине катышууга милдеттїї. 4.2.3. Студенттер кесиптик орто окуу жайларынын КББНПсында алдын ала каралган бардык тапшырмаларды белгиленген мєєнєттєрдє аткарууга милдеттїї. 4.3. Студенттин окуу жїгїнїн максималдуу кєлємї анын аудиториялык жана аудиториядан тышкары (єз алдынча) окуу ишинин бардык тїрлєрїн камтуу менен жумасына 54 саат болуп белгиленет. Жумасына аудиториялык сабактардын кїндїзгї окуу формасындагы кєлємї ОКББ МББСнын деңгээлин жана адистикти даярдоонун спецификасын эсепке алуу менен, ар бир окуу дисциплинасын їйрєнїїгє бєлїнгєн жалпы кєлємдїн 50 пайыз чектеринде мамлекеттик билим берїї стандарты аныктайт. 4.4. Кечки окуу формасында аудиториялык сабактардын кєлємї жумасына 16 сааттан аз болбошу керек. 4.5. Дистанттык окуу формасында окутуучудан сабак алуу мїмкїнчїлїгї студентке жылына 5-6 кредиттен (160 сааттан) аз эмес кєлємдє камсыз кылынуусу керек. 4.6. Окуу жылындагы эс алуу убакыттын жалпы кєлємї 7-10 жуманы тїзїїсї керек, мунун ичинде кыш мезгилинде 2 жумадан кем эмес эс алуу берилүүгө тийиш. 4.7. Практика КББНПтын милдеттүү бөлүгү болуп, окутуунун практикага багытталган болуусун камсыз кылуучу окуу иштеринин түрү болуп саналат. КББНП ишке ашыруу үчүн орто окуу жайларында төмөнкүдөй практиканын түрлөрү уюштурулат: - окуу-таанышуу практикасы ( 2 жума); - мектептеги алгачкы күндөрдөгү практика (1 жума); - окуу практикасы ( 4 жума); - мамлекеттик (дипломдук) практика ( 5 жума). Ар бир практиканын түрүнүн максаты жана милдеттери, программасы жана отчеттуулуктун формасы окуу жайы тарабынан аныкталат. Практиканын жалпыгы билим берүү уюмдарында өткөрүлөт. Практиканын жыйынтыгы боюнча студент-практиканттарды аттестациялоо билим берүү уюуму тарабынан кабыл алынып, тастыкталган документтердин негизинде жүргүзүлөт. 5. КББНПга коюлуучу талаптар 5.1. КББНПны єздєштїрїїнїн натыйжаларына карата талаптар ___050709 – Башталгыч класстарда окутуу_________ адистиги боюнча даярдалган бїтїрїїчї билим берїїнүн негизги программасынын максаттарына жана ушул КОББ МББСнын 3.4. жана 3.8. - пунктарында кєрсєтїлгєн кесиптик ишмердїїлїктїн тапшырмаларына ылайык тємєндєгї компетенцияларга ээ болушу керек. а) жалпы: ЖК 1. Өзүнүн болочоктогу кесибинин маани-мазмунун, социалдык маанисин түшүнүү, аны өздөштүрүүгө такай кызыгуу. ЖК 2. Жеке ишмердїїлїгїн уюштуруу, кесиптик тапшырмаларды аткаруу ыкмасын жана усулдарын аныктоо, алардын натыйжалуулугун жана сапатын баалоо. ЖК 3. Мамлекеттик тилди, расмий тилди жана чет тилин билүү. ЖК 4.Талдоо жана синтез жүргүзүүгө жөндөмдүү болуу. ЖК 5. Кесиптик жана инсандык єнїгїїгє, кесиптик тапшырмаларды ийгиликтүү аткарууга зарыл болгон маалыматтарды издеп табууну, пайдаланууну жана чечмелєєнї билүү. ЖК 6. Команда менен иштєє, жамаат, жетекчилер жана социалдык өнөктөштөр (коллектив) менен натыйжалуу мамилелешүү. ЖК 7. үзгүлтүксүз билим алууга даяр болуу. ЖК 8.Стандарттык жана стандарттык эмес абалдарда чечим кабыл алуу жана маселелерди чечїї, өзүнүн жоопкерчиликтїїлїгїн жана демилгелїїлїгүн кєрсєтїї. ЖК 9. Билим берүү процессин максатты аныктоону, окуучуларды ишмердикке мотивациялоону, алардын ишин уюштурууну жана көзөмөлдөөнү сапаттуу жүргүзүү үчүн, өзүнө жоопкерчиликти алуу. ЖК 10. Өзүнүн кесиптик жана жекече инсандык єнїгїїсүн башкаруу, өзгєрїїлєргє адаптациялануу. ЖК 11. Өзүнүн кесиптик жана инсандык өнүгүүсүнө байланыштуу милдеттерди өз алдынча аныктоо, өз билимин өркүндөтүүнүн, квалификациясын жогорулатуунун үстүнөн иштөө. ЖК 12. Кесиптик ишмердїїлїктїн максаты, мазмуну жана технологиялары өзгөрүп, жаңыланып жаткан шартта кесиптик ишмердїїлїгїн аткаруу. ЖК 13. Чечүү зарыл болгон кесиптик маселелерди жана аны чечүүнүн методдорун аныктоо. ЖК 14. Кесиптик ишмердигинде маалыматтык-байланыш технологияларын колдонуу, компьютерде иштей алуу. б) кесиптик ишмердїїлїктїн негизги тїрлєрїнє ылайык келген кесиптик компетенцияларга: Башталгыч класстардын мугалими кесиптик ишмердїїлїктїн негизги тїрлєрїнє ылайык төмөндө кєрсєтїлгєн кесиптик компетенцияларга ээ болушу шарт: КК 1.1. Сабакты пландаштыруу, анын максатын, милдеттерин аныктоо. КК 1.2. Сабакты уюштуруу жана өтүү (сабактын максатын, милдеттерин аныктоо жана сабактын методдорун тандоо ж.б.). КК 1.3. Окуу процессин жана анын натыйжаларын баалоо, ага педагогикалык көзөмөл жүргүзүү. КК 1.4. Сабакты талдоо. КК 1.5. Окутуунун жаңы методдорун жана технологияларын колдонуу. КК 1.6. Окуучулардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо, жаракат (травма) алып калууну болтурбоо жана коопсуздук техникасын сактоо. КК 1.7. Педагогикалык этиканы сактоо. КК 1.8. Окуу-методикалык жана нормативдик-укуктук документтер менен иштөө. 2. Окуучулардын класстан жана мектептен тышкаркы ишмердиктерин жана баарлашуусун уюштурууга тиешелүү кесиптик компетенциялар: КК 2.1. Сабактан тышкаркы ишмердиктердин жана баарлашуунун максатын жана милдеттерин аныктоо, аларды пландаштыруу. КК 2.2. Класстан жана мектептен тышкаркы иштерди уюштуруу жана өткөрүү. КК 2.3. Окуучулардын сабактан тышкаркы ишмердигин, баарлашуу процессин жана анын натыйжаларын баалоо жана аларды көзөмөлдөө. КК 2.4. Сабактан тышкаркы ишмердик процессин жана анын натыйжасын талдоо. КК 2.5. Окуучулардын сабактан тышкаркы ишмердигин жана баарлашуусун уюштурууну камсыз кылууга тиешелүү документтер менен иштей алуу. 3. Класс жетекчиликти аткарууга тиешелүү кесиптик компетенциялар: КК 3.1. Класттан тышкаркы иштердин максатын жана милдеттерин аныктоо, аларды пландаштыруу. КК 3.2 Окуучулардын окуу ишмердик процессин жана анын натыйжасын талдай билүү. КК 3.3 Ата-энелер менен иштөө жана класттан тышкаркы иш чараларды жүргүзүү. КК 3.4. Класстан тышкаркы иш чараларды өткөрүү процессин жана анын натыйжаларын талдай билүү. КК 3.5. Ата-энелер менен жүргүзүлүүчү иштердин натыйжаларын талдоо. КК 3.6. Окуу жана тарбия маселелерин чечүүдө окуучулардын ата-энелери менен кызматташуу. КК 3.7. Класс менен иш алып баруучу билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин ишмердигин багыттоо. 4. Методикалык иштерди аткарууга тиешелүү кесиптик компетенциялар: КК 4.1. Билим берүү стандартынын жана үлгү программанын негизинде окуу-методикалык материалдарды иштеп чыгуу, окуу-методикалык комплекти тандоо. КК 4.2. Кабинетте предметтик өнүгүү чөйрөсүн түзүү. КК 4.3. Өз ишмердигин жана бөлөк педагогдордун ишмердигин талдоонун, кесибине байланыштуу адабияттарды үйрөнүүнүн негизинде баштапкы жана жалпы билим берүү тармагында педагогикалык тажрыйбаларды жана билим берүү технологияларын баалоо жана системага салуу. КК 4.4. Билим берүү уюмунун, айрым окуучулардын курактык, топтун (класстын өзгөчөлүктөрүн эске алып жумушчу программаларды жана окуу-тематикалык пландарды түзүү. КК 4.5. Отчет, реферат, доклад түрүндө педагогикалык иштелмелерди даярдоо. 5.2. КББНПнын тїзїмїнє коюлуучу талаптар КОББ МББС тємєндєгї окуу циклдарынын окулушун зарыл деп эсептейт: КОББ 1. – гуманитардык, социалдык жана экономикалык циклы; КОББ 2. – математикалык жана табигый илимдер циклы; КОББ 3. – кесиптик цикл; жана бєлїмдєр: КОББ 4. – дене тарбия; КОББ 5. – практика; КОББ 6. – жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация. Дисциплиналардын ар бир циклы базалык (милдеттїї тїрдєгї) 80% жана вариативдик бєлїккє 20% ээ болот. Вариативдїї бєлїк базалык дисциплиналардын мазмуну менен аныкталуучу билимдерди, билгичтиктерди жана кєндїмдєрдї кеўейтїїгє жана тереўдетїїгє мїмкїндїк берет. Вариативдїї бєлїктї кесиптик орто окуу жайлары ишке ашырулуучу кесиптик билим берїї программаларынын спецификациясынын негизинде тїзєт. __050709 – Башталгыч класстарда окутуу адистиги боюнча КОББ КББНПнын түзүмү Циклдын базалык бєлїгїн їйрєнїїнїн натыйжасында студент: билїїсї керек: ЖК–1 ЖК –6 ЖК –8 ЖК – 10 КК – 1.8 - философиянын негизги категорияларын жана түшүнүктөрүн; коомдун жана адамдын турмушунда философиянын ролун; турмуш-тиричилик (бытие) жөнүндөгү философиялык окуунун негиздерин; таануу процессинин маанисин; дүйнөнүн сүрөтүнүн диний, философиялык жана илимий негиздерин; - коом менен адамдын өз ара мамилесинин мыйзамченемдүүлүктөрүнүн негиздерин; - адамзаттын жана адамдын тарыхый-маданий өнүгүүсүнүн мыйзамченемдүүлүктөрүнүн негиздерин; - инсанды калыптандыруунун шарттарын; жашоону, маданиятты, айлана чөйрөнү сактоого эркиндигин жана жоопкерчилигин; -инсандын социалдашуусунун негизги механизмдерин; илимдин, техниканын жана технологиянын өнүгүүсү жана аларды пайдаланууга байланыштуу социалдык жана этикалык маселелерди. жасай билүүсү керек: - реалдуу турмуштун, таануунун, дөөлөттөрдүн, эркиндик жана жашоонун маңызын атуулдун жана келечектеги адистин маданиятын калыптандырууну; - дүйнө таануучулук, социалдык жана инсандык философиялык маселелердин маани-мазмунуну; - кесиптик жана билим берүү ишмердиктеринин маселелерин, милдеттерин чечүү процессинде өзү ээ болгон билимдерин колдонууну. аткара билүүсү керек (ээ болуусу керек): - диалектикалык-материалисттик ойломго жана дүйнө кабылдоого; - философиянын негизги мыйзамченемдүүлүктөрүн жана түшүнүктөрүн, категорияларын колдонуп ойлонууга; - илимий, философиялык жана диний дүйнө сүрөттүн негиздерине; - кесиптик ишмердигинде философиялык билимдерди колдонуунун методдоруна жана ыкмаларына. Циклдын базалык бєлїгїн їйрєнїїнїн натыйжасында студент: билїїсї керек: ЖК – 3 ЖК –6 ЖК –7 ЖК – 10 КК – 1.8. КК- 3.1-3.7 - байыркы кыргыздардын тарыхын, кыргыздардын мамлекеттүүлүгүн; - улуу кыргыз державасын (9-10 кк.); - Караханиддер каганатын; - кыргыз элинин түзүлүшүн; - кыргыз урууларынын ортосундагы чыр-чатактардын, согуштардын себептерин, маани- мазмунун жана алардын кыргыз элинин өнүгүүсүнө тийгизген таасирин; - Кыргызстандын Россияга кошулушун; - 1916 жылдагы элдик көтөрүлүштү; - 19 к. экинчи жармында жана 20 к. башында кыргыздардын маданиятынын өнүгүшүн; - Кыргызстанда совет бийлигинин орношун, Кыргызстандын СССРдин курамында өнүгүүсүн; - эгемен Кыргызстандын социалдык-экономикалык, саясый жана маданий өнүгүүсүн; - азыркы Кыргызстандын саясый- экономинкалык өнүгүүсүндөгү негизги (интеграциялык, көп маданияттуулук, миграциялык ж.б.) процесстерди. жасай билүүсү керек: - регионалдык, дүйнөлүк социалдык-экономикалык, саясый жана маданий маселелердин өз ара байланышын аныктоону; - алган билимдерин кесиптик жана билим берүү ишмердиктеги маселелерди, милдеттерди чечүү процесстеринде колдонууну. ээ болуусу керек: - Кыргызстандын тарыхый фактыларын жана окуяларын колдоно билүүгө; - Кыргызстандын тарыхый өнүгүүсүн көз алдында элестетип көрө билүүгө; - Кыргызстандын тарыхы боюнча алган билимдерин кесиптик жана билим берүү ишмердикке байланыштуу маселелерди, милдеттерди чечүүдө колдонуу жөндөмдүүлүгүнө. Циклдын базалык бөлүгүн үйрөнүүнүн натыйжасында студент: билүүсү керек: ЖК – 3 ЖК – 5 ЖК –7 КК– 1.8 - кесибине байланыштуу тексттерди окууга жана которууга зарыл болгон (2200-2400 лексикалык бирдикти) лексикалык жана грамматикалык минимумду. жасай билүүсү керек: кесибине жана күндөлүк турмушка тиешелүү маселелерди чечүүгө байланыштуу темаларда кыргыз (орус) тилдеринде баарлаша алууну; - өз алдынча оозеки жана жазма кебин өркүндөтүүнү, сөз байлыгын такай өстүрүп барууну; - билим берүү процессинде жана кесиптик ишмердигинде пайда болгон маселелерди чечүүдө алган билимдерин колдоно билүүнү; - кесибине байланыштуу болгон кыргыз (орус) тилиндеги текссттерди (сөздүк менен) которууну. аткара билүүсү керек: -кыргыз (орус) тилинде оозеки жана жазма кепке ээ болууну, коомдогу кеп этикетин сактоону; Циклдын базалык бөлүгүн үйрөнүүнүн натыйжасында студент: билүүсү керек: ЖК – 3 ЖК – 7 - адистике тиешелүү сөздөрдү окууга жана (сөздүк менен) которууга зарыл болгон (1200-1400 лексикалык бирдикти) лексикалык жана грамматикалык минимумду. жасай билүүсү керек: - кесибине жана күндөлүк турмушка тиешелүү маселелерди чечүүгө байланыштуу темада баарлаша алууну; - сөз байлыгын өстүрүүнү, өз алдынча оозеки жана жазма кебин өркүндөтүүнү; - билим берүү жана кесиптик ишмердигинде пайда болгон маселелерди чечүүдө алган билимдерин колдоно билүүнү; - кесибине байланыштуу болгон чет тилиндеги текссттерди (сөздүк менен) которууну. аткара билүүсү керек: - чет (англис, немис ж.б.) тилде оозеки жана жазма кепке ээ болууну, коомдогу кеп этикетин сактай билүүнү; Вариативдїї бєлїк (билимдер, билгичтиктер, кєндїмдєр кесиптик орто окуу жайларынын КББНП менен аныкталышат) .................................. Математикалык жана табигый-илимий циклы **) Циклдын базалык бєлїгїн їйрєнїїнїн натыйжасында студент: билїїсї керек: ЖК – 4 ЖК – 7 ЖК – 12 КК – 1.2 - кесиптик ишмердикте жана КББНПты өздөштүрүүдө математиканын маанисин; - кесиптик ишмердикте колдонмо маселелерди чечүүнүн негизги математикалык методдорун; - математикалык анализдин, дискреттик математиканын, ыктымалдуулук теориясынын жана математикалык статистиканын негизги түшүнүктөрүн жана методдорун; - интегралдык жана дифференциялдык эсептөөлөрдүн негиздерин; - көптүк сандар түшүнүгүн, көптүк сандардын өз ара катышын, аларды колдонууну, өлчөм түшүнүгүн жана өлчөөнү жүргүзүүнү; - өлчөм бирдиктер системасынын түзүлүш тарыхын, эсептөө системаларынын, натуралдык сандардын жана ноль түшүнүгүнүн өнүгүү этаптарын; -тексттик маселе түшүнүгүн жана аны чыгаруу процесстерин; - тегиздиктеги (плоскости) жана мейкиндиктеги геометриялык фигуралардын негизги касиеттерин; - математикалык статистиканын методдорун; жасай билүүсү керек: - кесипке байланыштуу маселелерди чечүүдө математиканын методдорун колдоно билүүнү; -тексттик маселелерди чыгарууну; - кесиптик ишмердик тармагында колдонмо маселелерди чыгарууну; - жакындаштырылган эсептөөлөрдү чыгарууну; - маалыматты элементардык статистикалык эсептөөлөрдөн өткөрүүнү, алынган натыйжаларды графикада чагылдырууну; аткара билүүсү керек: - кесипке байланыштуу маселелерди чечүүдө математикалык ыкмаларды жана методдорду колдонууну; - маалыматтарды математикалык статистикалык обрабаткалоо методдорун; - схемаларды жана таблицаларды түзүү тартибин, ыкмаларын; Циклдын базалык бєлїгїн їйрєнїїнїн натыйжасында студент: билїїсї керек: ЖК – 4 ЖК – 7 ЖК – 12 КК – 1.2 - кесиптик ишмердикте жана КББНПты өздөштүрүүдө математиканын маанисин; - кесиптик ишмердикте колдонмо маселелерди чечүүнүн негизги математикалык методдорун; - математикалык анализдин, дискреттик математиканын, ыктымалдуулук теориясынын жана математикалык статистиканын негизги түшүнүктөрүн жана методдорун; - интегралдык жана дифференциялдык эсептөөлөрдүн негиздерин; - көптүк сандар түшүнүгүн, көптүк сандардын өз ара катышын, аларды колдонууну, өлчөм түшүнүгүн жана өлчөөнү жүргүзүүнү; - өлчөм бирдиктер системасынын түзүлүш тарыхын, эсептөө системаларынын, натуралдык сандардын жана ноль түшүнүгүнүн өнүгүү этаптарын; -тексттик маселе түшүнүгүн жана аны чыгаруу процесстерин; - тегиздиктеги (плоскости) жана мейкиндиктеги геометриялык фигуралардын негизги касиеттерин; - математикалык статистиканын методдорун; жасай билүүсү керек: - кесипке байланыштуу маселелерди чечүүдө математиканын методдорун колдоно билүүнү; -тексттик маселелерди чыгарууну; - кесиптик ишмердик тармагында колдонмо маселелерди чыгарууну; - жакындаштырылган эсептөөлөрдү чыгарууну; - маалыматты элементардык статистикалык эсептөөлөрдөн өткөрүүнү, алынган натыйжаларды графикада чагылдырууну; аткара билүүсү керек: - кесипке байланыштуу маселелерди чечүүдө математикалык ыкмаларды жана методдорду колдонууну; - маалыматтарды математикалык статистикалык обрабаткалоо методдорун; - схемаларды жана таблицаларды түзүү тартибин, ыкмаларын; Циклдын базалык бєлїгїн їйрєнїїнїн натыйжасында студент: билїїсї керек: ЖК – 1 ЖК – 2 ЖК – 5 ЖК – 7 ЖК – 13 ЖК – 14 КК – 1.6. - маалыматтар менен иштөөнүн негизги ыкмаларын; - маалыматтарды топтоонун, иштетүүнүн жана сунуштоонун азыркы технологияларынын негиздерин; - билим берүү процессинде маалыматтык - комммуникациялык технологиялардын каражаттарын колдонуунун гигиеналык талаптарын жана коопсуздук техникасынын эрежелерин; - азыркы программалык каражаттардын жардамында ар кандай типтеги маалыматтардын обьектилерин издеп табуунун жана даярдоонун, сунуштоонун, сактоонун, редактирлөөнүн, жаратуунун негизги (тексттик, графикалык, сандык ж.б.) технологияларын; -кесиптик жана инсандык өнүгүүдө, кесиптик ишмердикти өркүндөтүүдө Интернет торунун ресурстарынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууну; - кесиптик ишмердикте жекече компьютердин аппараттарын тетиктер жана программалар менен камсыздоону; жасай билүүсү керек: - маалыматтарды топтоодо, маалыматтарды талдоо иштеринде азыркы маалымат технологияларын колдоно алууну; - кесиптик ишмердикте маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын каражаттарын кесипке тиешелүү маселелерди чечүүдө компьютерлердин программалар менен камсыз болушуна жана колдонуу абалына баа берүүнү; - азыркы маалымат технологияларынын жардамында билим берүү прцессине керектүү болгон ар кандай типтеги маалымат обьектилерин түзүүнү, редакциялоону, иретке келтирип даярдоону, сактоону; -окуучулардынүтарбиялануучулардын психикалык өнүгүү деңгээлине жана курагына ылайык келүүчү окутуу программаларын тандай (ылгай) алууну; - кесиптик ишмердикте Интернет торчосунун маалымат ресурстарын жана тейлөө мүмкүнчүлүгүн (сервистерин) колдоно билүүнү. аткара билүүсү керек: - компьютерде структуралык-логикалык таблицаларды, схемаларды түзүүнүн ыктарын, жолдорун; - билим берүүнүн конкреттүү милдеттерин чечүүдө программалаштыруунун тилин тандоонун методдорун. Дүйнөнүн табигый жана илимий сүрөтү ЖК – 2 ЖК – 5 ЖК – 13 КК – 1.9. Циклдын базалык бєлїгїн їйрєнїїнїн натыйжасында студент билїїсї керек: - табияттын илимий дүйнө сүрөтүнүн негизги мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн, жаратылыштагы адамдын ордун жана ролун. жасай билүүсү керек: - кесиптик ишмердикте табиятка байланыштуу илимий билимдерди колдонууну. аткара билүүсү керек: - бүт ааламдын илимий дүйнө сүрөтүнө ээ болууну. Вариативдїї бєлїк (билимдер, билгичтиктер, кєндїмдєр кесиптик орто окуу жайлары-нын КББНП менен аныкталышат).................................... Педагогика, Социалдык педагогика ЖК – 1 ЖК – 2 ЖК – 4 ЖК – 5 ЖК – 6 ЖК – 7 ЖК– 8 ЖК -11-12 КК – 1.1-1.9 КК – 2.1.-2.5. КК – 3.1 - 3.7 Циклдын базалык бєлїгїн їйрєнїїнїн натыйжасында студент: билїїсї керек: - кесиптик ишмердиктин жана билим берүүнүн дөөлөттүк негиздерин; - кесиптик ишмердиктин жана билим берүүнүн укуктук нормаларын; - билим берүү процессинин түзүмүн жана маани-маңызын; - көп маданияттуу жана көп этностуу коомдо жашап жаткан шарттагы педагогикалык процесстин өзгөчөлүктөрүн; - дүйнө жүзүндө педагогикалык процесстин тарыхый өнүгүү тенденциясын, азыркы этаптагы дүйнөдөгү билим берүүнүн өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрүн; - башталгыч класс окуучуларын окутуунун жана тарбиялоонун максаттарын, милдеттерин, мазмунун, принциптерин, формаларын, методдорун жана каражаттарын; - инсандын рухий-адепттик өнүгүүсүн жана окутуунун, тарбиялоонун теорияларын жана технологияларын; - педагогикалык баарлашуунун негизги каражаттарын жана ыкмаларын; -педагогика илими менен практиканын өз ара байланышын жана алардын өнүгүү тенденцияларын; - педагогикалык ишмердикте жана окутууда максатты көздөп аракеттенүүнүн (целополаганиянын) логикасын жана маанисин; - окутуунун жана тарбиялоонун принциптерин; - билим берүүнүн ар түрдүү баскычтарында окутууну уюштуруу ар түрдүү типтерге жана түрлүргө ээ болгон шартта, педагогикалык процесстин мазмунун жана аны уюштуруунун өзгөчөлүктөрүн; - окутуу жана тарбиялоонун формаларын, методдорун жана каражаттарын, алардын педагогикалык мүмкүнчүлүктөрүн жана колдонуу шарттарын; - окутуу процессинде мотивацияны жана жөндөмдүүлүктү өнүктүрүүнүн психологиялык-педагогикалык шарттарын; - өнүктүрүүчү окутуунун негиздерин, окутуу жана тарбиялоону жекелештирүүнү жана дифференциялоону; - социалдык жана мектептеги дезадаптацияларды коррекциялоонун жана алдын алуунун педагогикалык шарттарын; - норма жана чектен чыгуу түшүнүктөрүн, адамдын (баланын) соматикалык, психологиялык, интелектуалдык, кептик, сенсордук өнүгүүсүндөгү бузулууларды, аларды системалаштырууну жана статистикасын; - өтө жөндөмдүү балдар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрүн, девианттык жүрүм-турумдагы жана билим берүү муктаждыгы өзгөчөлүккө ээ болгон балдар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрүн; - окуучуларды максатты көздөп аракеттенүүгө үйрөтүү ыкмаларын, окуу процессин жана анын натыйжаларын талдоону жана уюштурууну; - педагогикалык баалоо ишмердигинин психологиялык-педагогикалык негиздерин, билим берүүнүн сапатын баалоонун жана көзөмөлдөөнүн каражаттарын; - класс жетекчинин ишмердигинин негиздерин. жасай билүүсү керек: - сабактын жана сабактан тышкаркы иш чаралардын максатын жана милдеттерин баалоону; - окутуу жана тарбиялоону уюштуруунун ар түрдүү формаларын, методдорун, ыкмаларын, методикаларын натыйжалуу колдонууну жана алардын педагогикалык мүмкүнчүлүгүн аныктоону; - педагогикалык фактыларды жана кубулуштарды, педагогикалык ишмердикти талдоону, сабакта дидактикалык материалдарды тандап алууну жана колдонууну; - окутуу жана тарбиялоонун ар түрдүү методдорун жана ыкмаларын колдонууну; - кесиптик жактан өзүн-өзү өстүрүүүнүн кесиптик педагогикалык маселелерди чечүүгө зарыл болгон маалыматтарды табууну, талдоону жана өз билимин өркүндөтүүнү; - азыркы кездеги билим берүүнүн көйгөйлүү маселелерин, билим берүүнүн өнүгүү тенденциясын жана аны реформалоонун багыттарын билүүнү; - билим берүүнүн жана тарбиялоонун концепцияларын системалуу талдай билүүнү жана тандоону; -кесиптик маселелерди чечүүдө психологиячлык жана педагогикалык диагностикалык методдорду колдоно алууну; - социалдаштыруу жана тарбия, окутуу процесстери жүрүүчү ар түрдүү (социалдык, маданий, улуттук ж.б.) контексттерди эске алууну; - педагогикалык өз ара таасир этүүлөрдө окуучулардын жекече өнүгүүсүндөгү өзгөчөлүктөрдү эске алууну; - окуу-тарбия процесстерин долбоорлоодо азыркы жаңы технологияларды колдонууну инсандын өнүгүүсүнүн курактык өзгөчөлүктөрүнө, жалпы жана атайын мыйзамченемдүүлүктөргө ылайыктоону; - педагогикалык максатка багытталган жана психологиялык жактан коопсуз болгон билим берүү чөйрөсүн түзүүнү; - окуу жана тарбия процессинде азыркы билим берүү ресурстарын колдонууну; - окутуунун жана тарбиялоонун жаңы технологияларын колдонууну; - педагогикалык процесстин ар кандай субьектилери менен өз ара иштеше билүүнү. ээ болуусу керек: - кесиптик ишмердүүлүктө педагогикалык билимдерин, көндүмдөрүн жана билгичтиктерин колдонуу методдоруна; - китепканадан маалыматтарды таба алуунун жана текст менен иштөөнүн ыкмаларына (тезис, конспект, реферат, доклад, макала ж.б. жазууга) ээ болуусу; -окуучуну инсан катары өнүктүрүүнүн (тарбиялоонун, окутуунун жана билим берүүнүн) технологияларына; - педагогикалык чеберчиликтин элементтерине ээ болуусу. Психология, Курак жана педагогикалык психология Социалдык психология ЖК – 1 ЖК – 2 ЖК – 4 ЖК – 5 ЖК – 6 ЖК – 7 ЖК – 8 ЖК-11 ЖК-12 КК – 1.1-1.9 КК – 2.1.-2.5. КК – 3.1 - 3.7 Циклдын базалык бєлїгїн їйрєнїїнїн натыйжасында студент: билїїсї керек: - психология илиминин өзгөчөлүктөрүн, анын педагогика илими жана практикасы менен болгон байланышын; - инсандын психологиясынын негиздерин; - билим берүү процессинин субьекти болгон адамдын психикасынын, инсандын жана жекече өзгөчөлүктөрдүн өнүгүүсүнүн мыйзамченемдүүлүктөрүн; - куракты мезгилдерге бөлүштүрүүнү; - адамдын психологиясынын, курак жана педагогикалык психологиянын негиздерин, башталгыч класс окуучуларынын психологиялык өзгөчөлүктөрүн; - башталгыч класс окуучуларын окутуунун интерактивдик технологияларын жана методикаларын; - башталгыч класс окуучуларынын курактык, жыныстык, типтүү жана жекече өзгөчөлүктөрүн, аларды окуу жана тарбия процесстеринде эске алууну; - башталгыч класстарда билим берүүнүн методикасын жана интерактивдик технологияларын; - мектеп жана мектепке чейинки курактагы балдардын баарлашуусунун жана топтук жүрүм-турумунун өзгөчөлүктөрүн; - топтун динамикасын; - окуучулардын психологиялык жана жекече өзгөчөлүктөрүн; - инсанды социалдаштыруу процессинин өзгөчөлүктөрүн; - иштиктүү баарлашуунун негиздерин; - мектептеги жана социалдык дезадаптация, девианттык жүрүм-турум түшүнүктөрүн, алардын себептерин, коррекциялоонун жана алдын алуунун психологиялык негиздерин; - чыгармачылыктын психологиясынын негиздерин. - ар кайсы курактагы психикалык өнүгүүнүн мыйзамченемдүүлүктөрүн жана анын билим берүү процессинде көрүнүү өзгөчөлүктөрүн; - окуучуларды психологииялык жана педагогикалык жактан изилдөөнүн ыкмаларын; - педагогикалык процесстин ар кандай субьектилери менен педагогдун өз ара кызматташуусунун өзгөчөлүктөрүн; - өз ара карым-катыш түзүүнүн ыкмаларын; - билим берүү тутумунда социалдык өнөктөштүктүн өзгөчөлүктөрүн; - кесиптик өзүн-өзү таанып-билүүнүн жана өзүн-өзү өстүрүүнүн ыкмаларын; - окуучулардын окуу ишмердигинин жана таанып-билүү процесстеринин психологиялык өзгөчөлүктөрүн; жасай билүүсү керек: - педагогикалык маселелерди чечүүдө психологиялык билимдерин, көндүмдөрүн жана билгичтиктерин колдонууну; - окуучулардын жекече жана типологиялык өзгөчөлүктөрүн аныктоону; - кесиптик модулдарды жана кесиптик ишмердикти үйрөнүүдө психологиялык дисциплиналарды окуп үйрөнүүдө алган билимдерди колдонууну; аткара билүүсү керек: -көңүл буруусун топтоштурууну, маалыматтарды эстеп калуунун ыкмаларын, өзүнүн психикалык процесстерин башкарууну, өзүн-өзү көзөмөлдөөнү, өз жүрүм-турумун жөнгө салууну; - инсанды изилдөөнүн жана окуучулардын жекече-типтүү өзгөчөлүктөрүн аныктоонун методдорун. Курактык анатомия, физиология жана гигиена ЖК- 1 ЖК-2 ЖК-5 КК – 1.1-1.5. КК – 3.6. Циклдын базалык бєлїгїн їйрєнїїнїн натыйжасында студент: билїїсї керек: - кишинин анатомиясынын, физиологиясынын жана гигиенасынын терминологиясын жана негизги түшүнүктөрүн; -адам организминин өсүп-өнүгүүсүнүн негизги мыйзамченемдүүлүктөрүн; -дени сак кишинин органдар системасынын түзүлүшүн жана функциясын; - киши организминдеги тиричиликтин негизги процесстеринин физиологиялык мүнөздөмөсүн; - физиологиялык жетилүү процесстеринин жана баланын өнүгүүсүнүн анын дене-боюна жана психикалык иш жөндөмдүүлүгүнө, жүрүм-турумуна тийгизген таасирин; - башталгыч класс окуучуларынын анатомиясынын жана физиологиясынын өзгөчөлүктөрүн жана мектеп щартында санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышын камсыз кылууну; - балдардын жана өспүрүмдөрдүн гигиенасынын негиздерин; - онтогенездин ар кайсы этаптарында ден соолукту сактоонун жана бекемдөөнүн гигиеналык нормаларын, эрежелерин жана талаптарын; - жугуштуу оруулардын алдын алуунун негиздерин; - окуу-тарбия процесстерине, мектептин имаратынын жана кааналарынын абалына коюлуучу гигиеналык талаптарды. жасай билүүсү керек: - органдардын, дене бөлүктөрүнүн түзүлүшүн жана жайгашуусунун топографиясын аныктоону; - кесиптик модулдарды үйрөнүүдө жана кесиптик ишмердикте анатомиядан, физиологиядан жана гигиенадан алган билимдерин колдонууну; - балалык жана өспүрүм куракта адамдын организминин өнүгүүсүн жана өз функциясын аткарууда тышкы чөйрөнүн факторлорунун таасирин баалай билүүнү; - медициналык кызматкерлердин жардамында балдарды оруулардан алдын алуу максатында атайын иш чараларды жүргүзүүнү; - башталгыч класс окуучуларынын окуусун уюштурууда каанадагы гигиеналык талаптардын сакталуусун камсыз кылууну; - билим берүү процессин уюштурууда жана ишке ашырууда окуу жылынын ар кайсы мезгилинде (окуу жылы, чейрек, ай, жума, күн, сабак) окуучулардын иш жөндөмдүүлүгүндөгү өзгөчөлүктөрдү эске алууну. аткара билүүсү керек: - окуучулардын өмүрүн жана ден соолугун сактоонун зарыл ыкмаларын. Өмүрдүн коопсуздугу ЖК – 10 КК – 1.5. Циклдын базалык бєлїгїн їйрєнїїнїн натыйжасында студент: билїїсї керек: - стихиялык кубулуштардан жана техногендик өзгөчө кырдаалдардан келип чыгуучу кесепеттерди баалоону, окуянын өнүгүшүн көрө билүүнү, экономикалык обьектилердин туруктуу сакталышын камсыз кылуунун принциптерин; - кесиптик ишмердикте жана турмуш-тиричиликте келип чыгуучу негизги коркунучтардын түрлөрүн жана алардын терс таасирлерин азайтуунун (төмөндөтүүнүн) принциптерин; - атуулдук коргонуунун негизги иш чараларын жана милдеттерин; - элди массалык кыруучу куралдардан коргоонун ыкмаларын; - өрт коопсуздугун камсыздоону, өрт учурунда өзүн алып жүрүүнүн (жүрүм-турум) эрежелерин; - балдардын өмүрүнүн коопсуздугун сактоонун ыкмаларын жана аларга коюлуучу талаптарды; -мугалимдик милдетти аткарууда кесиптик билимдерин колдонуунун тармактарын; - биринчи медициналык жардам көрсөтүүнүн ыраатын жана эрежелерин. жасай билүүсү керек: - өзгөчө кырдаалдардын терс таасирлеринен элди жана окуучуларды коргоого байланыштуу иш чараларды уюштурууну жана ишке ашырууну; - массаны жабыркатуучу куралдардан жекече жана коллективдүү коргонуу каражаттарын колдонууну; - өрт өчүрүүнүн биринчи каражаттарын колдонууну; - күнүмдүк ишмердикте жана экстремаль шарттарда чыр-чатаксыз баарлашуунун ыкмаларын жана өзүн-өзү жөнгө салууну, - жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүүнү. аткара билүүсү керек: - атуулдук коргонууну уюштуруунун методдорун жана ыкмаларын; - экстремаль шарттарда адамдардын коопсуздугун уюштуруунун методдорун; - өрт өчүрүүнүн каражаттарын колдонуунун алгоритмин; -биринчи медициналык жардам көрсөтүүнүн методдорун. 1. Жалпы башталгыч билим берүүнүн программасы боюнча окутуу. Циклдын базалык бєлїгїн їйрєнїїнїн натыйжасында студент: КК – 1.1.- 1.9. КК – 2.1.- 2.5. КК – 3.1.-3.7 КК – 4.1.- 4.5. Математиканы окутуунун теориясы жана методикасы Мекен таанууну окутуунун теориясы жана методикасы Технология жана көркөм сүрөт өнөрүн окутуунун теориясы жана методикасы Дене тарбиянокутуунун теориясы жана методикасы Музыканы окутуунун теориясы жана методикасы Этика (Адеп) сабагын окутуунун теориясы жана методикасы Окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин баалоонун теориясы жана методикасы билїїсї керек: - башталгыч класс окуучуларынын окуу жана тарбия, таанып-билүү процесстеринин өзгөчөлүктөрүн; - жалпы башталгыч билим берүү стандартынын жана үлгү окуу программаларынын талаптарын; - башталгыч мектептин программаларын жана окуу-методикалык комплектерин; - мектепке чейинки жана башталгыч жалпы билим берүү программаларынын уламалуулук (преемственность) маселелерин; - башталгыч мектептеги сабактын тарбия берүүчүлүк мүмкүнчүлүгүн; - башталгыч мектепте окулуучу бардык предметтерин окуу-таанып-билүү ишмердигинин мотивациясын өнүктүрүүнүн ыкмаларын жана методдорун; - башталгыч класстагы өтө жөндөмдүү балдардын жана окуусунда кыйынчылыктарга дуушарланган көйгөйлүү балдардын өзгөчөлүктөрүн; - өтө жөндөмдүү балдарды окутуунун жана тарбиялоонун негиздерин; - окутуунун техникалык каражаттарынын (ОТК) негизги түрлөрүн жана аны билим берүү процессинде колдонууну; - кесиптик ишмердүүлүктө иштөөгө зарыл болгон башталгыч жалпы билим берүүдөгү негизги предметтер: кыргыз (орус) тили, балдар адабияты, математиканын башталгыч курсу, табият таануу, дене тарбия, музыка предметтеринин мазмунун жана аны окутуунун методикаларын; - музыкалык сабаттуулуктун жана жалпы башталгыч билим берүү программасынын музыкалык репертуарын, көркөм сүрөттүн негиздерин, көркөм сүрөт тартуунун, ылайдан (пластилинден) нерсе жасоонун, аппликациянын, констурукциялоонун, материалдарды көркөмдөп иштетүүнүн технологияларын; - башталгыч класс окуучуларын даярдоонун денгээлине жана мазмунуна коюлуучу талаптарды; - башталгыч класста окулуучу бардык предметтер боюнча окуучулардын окуу ишмердигинин натыйжаларын педагогикалык көзөмөлдөөнүн методдорун жана методикаларын; - көркөм өнөрдүн негиздерин, көркөм сүрөт тартуунун, ылайдан (пластилинден) буюм жасоонун, аппликация жана конструкциялоонун ыкмаларын, материалдарды көркөмдөп иштеп чыгуунун технологияларын; - «Технология» сабагы боюнча окуучуларды даярдоонун мазмунуна жана денгээлине коюлуучу талаптарды; - «Технология» сабагында окуучулардын окуу ишмердигинин натыйжаларын педагогикалык көзөмөлдөөнүн методдорун жана методикаларын; - окуучуга педагогикалык мүнөздөмө жазуунун методикасын; - башталгыч класстын мугалиминин баалоо ишмердигинин негиздерин, баа коюунун критерийлерин жана окуучулардын жетишүүсүн көзөмөлдөөнүн түрлөрүн; - сабакта окутууну уюштурууга коюлуучу педагогикалык жана гигиеналык талаптарды; - көркөм өнөр ишмердигине ээ болуунун психологиялык-педагогикалык негиздерин, көркөм өнөргө үйрөтүү процессинде инсандык жана жекелик өзгөчөлүктөрдү өнүктүрүүнүн психологиялык негиздерин; - башталгыч класс окуучуларын окутуу үчүн музыка, көркөм өнөр, черчения сабактарын пландаштыруунун теориялык негиздерин жана методикаларын; - башталгыч класста окутуунун өзгөчөлүктөрүн жана методикалык негиздерин; - сабакты талдоонун логикасын; - окуу иштерин документтештирүүнү, аны жүргүзүүгө коюлуучу талаптарды жана аны даярдоону. жасай билүүсү керек: - сабакка даярданууга зарыл болгон методикалык адабияттарды ж.б. маалымат булактарын издеп табууну жана пайдаланууну; - сабактын, курактын, класстын, айрым окуучулардын өзгөчөлүктөрүнө жана санитардык-гигиеналык нормаларга коюлуучу талаптарга ылайык, сабактын максатын, милдеттерин аныктоону жана аларды пландаштырууну; - окуучулардын даярдыгынын деңгээлин, курагын, предметтин өзгөчөлүктөрүн эске алып, бардык сабактар боюнча окуучулардын окуу ишмердигин уюштурунун ар түрдүү формаларын, методдорун жана каражаттарын колдонууну; - сабакта техникалык коопсуздукту сактоону, дене тарбия сабагында көнүгүүлөрдү аткарууда сактануунун жана өзүн-өзү сактоонун ыкмаларын колдонууну; - өтө жөндөмдүү балдардын жекече өзгөчөлүктөрүнө ылайык келчү иштерди пландаштырууну жана аны жүргүзүүүнү; - окууда кыйынчылыктарга дуушар болгон окуучулар менен коррекциялык-өнүктүрүүчү иштерди пландаштырууну жана аны жүргүзүүнү; - билим берүү процессинде окутуунун техникалык каражаттарын колдонууну; - окуучулар менен педагогикалык максаттарга ылайыктуу өз ара мамиле түзүүнү; - бардык сабактарда педагогикалык көзөмөл жүргүзүүнү, өлчөөчү материалдарды жана окутуунун натыйжаларын диагностикалоонун формаларын жана методдорун ылгап алууну; - окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин диагностикалоонун натыйжаларын чечмелөөнү; - бардык окуу предметтер боюнча окуучулардын окуудагы ишмердик процессин, анын натыйжаларын баалоону жана баа коюуну; - башталгыч класста окулуучу бардык предметтер боюнча сабак өтүүдө өзүн-өзү талдоону жана өзүнүн аракеттерине көзөмөл жүргүзүүнү; - бардык предметтер боюнча сабак окутууда педагогикалык ишмердикти, окуту окутуу процессин,а анын натыйжаларын талдоону, аларды корректировкалоону жана өркүндөтүүнү; - каллиграфиялык эрежелерди, кыргыз (орус) тилдеринин жазма жана оозеки кеп эрежелерин, нормаларын сактоону; - адабий тексттерди көркөм окуй алууну; - ырдоону, балдардын музыкалык аспаптарында ойной алууну, бийлөөнү; - ар түрдүү материалдардан балдар үчүн оюнчуктарды (бирдемелерди) жасай алууну; - көркөм сүрөт тартууну, ылайдан (пластилинден) нерселерди жасоону, конструкциялоону; - сабакты талдоодо анын мазмунун, методдорунун жана каражаттарынын алдыга коюлган максаттарга жана милдеттерге ылайык келерин аныктоону; - окуучулардын окуу ишмердигинин мазмунун түзүүнү, дидактикалык материалдарды тандоону жана уюштурууну; - башталгыч класс окуучуларынын ишмердигин уюштурууда ар түрдүү методдорду, каражаттарды, формаларды колдонууну; -сабакта окуучуларга педагогикалык байкоо жүргүзүүнү; - ата-энелер (же аларды алмаштыргандар) жана балдар менен педагогикалык максатта өз ара мамилелешүүнү; - билим берүү процессине катышуучулар жана ата-энелер менен өз ара иштиктүү мамилелешүүгө жетишүүнү; - билим берүү процессинде маалыматтык-коммуникативдик технологияларды жана окутуунун техникалык каражаттарын колдонууну; - окуучулардын курактык жана жекече өзгөчөлүктөрүн эске алып, алардын көркөм сүрөт тартуу ишмердигин жана көркөм өнөр сабагынын жүрүү процессин, андан алынган натыйжаларды баалоону, окуучулардын жетишүүсүн көзөмөлдөөнү; - көркөм өнөр боюнча билим жана эстетикалык тарбия берүүдө ата-энелерге (консультация) кеп-кеңештерди берүүнү, үй-бүлө менен иштешүүнүн ар түрдүү формаларын пайдаланууну; - окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин көзөмөлдөөнү; - окуучуларга педагогикалык мүнөздөмө жазууну. аткара билүүсү керек: - башталгыч мектептин бардык предметтери боюнча өтүлүүчү сабактардагы окуу процессинин жүрүшүн жана окуу-тематикалык пландарды талдоонун методикасын, аны өркүндөтүү багытында сунуштарды берүүнү; - башталгыч мектептин бардык предметтери боюнча сабактардын максаттарын жана милдеттерин аныктоонун, аларды пландаштыруунун жана окутуунун методикасын; - курактын, класстын жана айрым окуучулардын өзгөчөлүктөрүн эске алып, окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин баалоонун жана диагностикалоонун методикаларын колдонууну; - окутууга тиешелүү документтер менен иштей алууну. 2. Сабактан тышкаркы ишмердиктерди уюштуруу. Тарбиялык иштердин теориясы жана методикасы КК – 2.1.-2.5., КК – 3.1.-3.7 Циклдын базалык бєлїгїн їйрєнїїнїн натыйжасында студент: билїїсї керек: - тандап алынган ишмердик тармагында сабактан тышкаркы иштердин маани маңызын, мазмунун, максатын, милдеттерин, функцияларын жана аларды уюштуруунун методдорун; - башталгыч мектептеги сабактан жана класстан тышкаркы иштердин максаттарын жана милдеттерин аныктоонун өзгөчөлүктөрүн; - окуучулардын курактык жана жекече өзгөчөлүктөрүн эске алып, сабактан жана класстан тышкаркы иштерди пландаштыруунун теориялык негиздерин жана методикаларын; - сабактан жана класстан тышкаркы иштерди уюштурууга коюлуучу педагогикалык жана гигиеналык талаптарды; - тандап алган ишмердик тармагы боюнча сабактан жана класстан тышкаркы иштерди уюштуруунун методикалык негиздерин; - башталгыч класс окуучуларынын баарлашуу өзгөчөлүктөрүн; - башталгыч класс окуучуларынын баарлашуусун уюштуруунун формаларын, ыкмаларын жана методдорун; - тандап алынган ишмердикте өтө жөндөмдүү болгон балдар менен иштөөнүн методикалык негиздерин жана өзгөчөлүктөрүн; - окуучулардын жөндөмдүүлүктөрүн жана кызыгууларын аныктоо ыкмаларын; - окуучулардын ата-энелери (же аларды алмаштыргандар) менен билим берүүнүн субьектиси катары өз ара кызматташуунун формаларын жана методдорун; - сабактан тышкаркы иш чараларды талдоонун логикасын; - документтердин түрлөрүн жана аны даярдоого коюлуучу талаптарды. жасай билүүсү керек: - тандап алган ишмердик боюнча сабактан жана класстан тышкаркы иштерди даярдоого жана өткөрүүгө зарыл болгон методикалык адабияттарды ж.б. маалымат булактарын таба алууну жана колдонууну; - окуучулардын курактык өзгөчөлүктөрүн эске алып, сабактан тышкаркы иштерди уюштуруунун максаттарын жана милдеттерин аныктоону; - окуучулардын курактык өзгөчөлүктөрүн эске алып, санитардык–гигиеналык нормаларга ылайыктап, тандап алган ишмердик боюнча сабактан тышкаркы иштердин пландарын түзүүнү; - окуучуларды окутууну жана тарбиялоону пландаштырууну, алардын максатын жана милдеттерин аныктоону; - окуучулардын курактык жана жекече психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алып, сабактан жана класстан тышкаркы иштерди ар түрдүү формада уюштурууну жана ар түрдүү методдорду колдонууну; - окуучулар менен максатка ылайыктуу өз ара мамилелешүүгө жетишүүнү; - башталгыч класстардын окуучуларын баарлашууга шыктандыруучу кырдаалдарды пландаштырууну, сабактан тышкаркы ишмердик процесстеринде баарлашууда кыйынчылыктарга дуушарланган балдарга педагогикалык колдоо көрсөтүүнүн вербалдык жана вербалдык эмес каражаттарын колдонууну; - окуучуларды, ата-энелерди (же аларды алмаштыргандарды) сабактан тышкаркы ишмердиктерге катышууга мотивациялап, окуу жыл ичинде окуучулардын курамын туруктуу сактоону; - башталгыч класс окуучуларын окутуунун жана тарбиялоонун максатын жана милдеттерин аныктоону жана аларды уюштурууну, иштерди пландаштырууда башталгыч класс окуучуларынын курактык жана жекече психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алууну; - ата-энелер (же аларды алмаштыргандар) менен педагогикалык максатка ылайык келчү иштерди пландаштырууну жана өткөрүүнү; - дидактикалык материалдарды тандоону жана аларды сабактарда колдонууну; - окутуунун ар түрдүү методдорун жана ыкмаларын колдонууну; - сабактан жана класстан тышкаркы иштерди өз алдынча талдоону жана иштин жүрүшүндө өзүн көзөмөлдөөнү; - окуучулардын чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн табууну, өнүктүрүүнү жана ага колдоо көрсөтүүнү; - өтө жөндөмдүү балдар менен иштөөдө жекече программаларды түзүүнү; - үй-бүлө менен ар түрдүү формаларда (жыйын, аңгемелешүү, биргелешкен маданий иш чаралар) иштерди жүргүзүүнү; - тандап алган иш тармагында сабактан жана класстан тышкаркы иштерди уюштуруу үчүн билим берүү уюмунун жетекчилери менен тил табыша билүүнү; - тандап алынган иш тармагында сабактан жана класстан тышкаркы иштердин уюштурулушун, өткөрүлүшүн талдоону; аткара билүүсү керек: - сабактан тышкаркы иштердин (иш тармагын же окуу предметин) уюштурулушун жана пландаштырырылышын талдоону; - тандап алынган иш тармагында сабактан жана класстан тышкаркы иштерди өткөрүүнүн максаттарын жана милдеттерин аныктоону, аны пландоону жана аныкталган иштерди жүргүзүүнү; - сабактан тышкаркы же кружоктогу иштерди байкоонун, талдоонун жана өзүн-өзү талдоонун методикаларын; - окуучулардын интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөрүн, таанып-билүү кызыгууларын педагогикалык диагностикалоону жана балдарды байкоонун методикаларын; - тандап алган ишмердик боюнча сабактан жана класстан тышкаркы иштерди уюштурууну камсыз кылуучу документтерди даярдай алууну. 3. Класс жетекчилик ЖК -1. ЖК- 13. КК – 3.1.-3.7. Циклдын базалык бєлїгїн їйрєнїїнїн натыйжасында студент: билїїсї керек: - класс жетекчинин ишмердигинин теориялык жана методикалык негиздерин; - педагогикалык байкоонун методикасын, алынган маалыматтарды чечмелөөнүн жана аны сунуштоонун формаларынын негиздерин; - башталгыч жалпы билим берүү уюмунун шарттарына башталгыч класс окуучуларын көнүктүрүүнүн өзгөчөлүктөрүн; - башталгыч класс окуучуларынын курактык жана жекече өзгөчөлүктөрүн; - баланын укугу жана балага карата чоң кишилердин милдеттери жөнүндөгү негизги документтерди; - башталгыч класс окуучуларын социалдаштыруу процессинин өзгөчөлүктөрүн; - башталгыч мектепте окуучулардын өзүн-өзү башкаруусун өнүктүрүүнүн шарттарын, класста кызматташтыкты жана жагымдуу психологиялык маанайды калыптандырууну; - социалдык чөйрөгө ынгайлаша албаган балдар менен класс жетекчинин алып баруучу иштеринин өзгөчөлүктөрүн; - сабактан тышкаркы ишмердиктерди пландаштыруунун методикасын жана теориялык негиздерин, сабактан тышкаркы иш чараларды өткөрүүнүн формаларын; - башталгыч мектепте баарлашуунун жана сабактан тышкаркы иштердин ар кандай түрлөрүнүн мазмунун, формаларын, аларды уюштуруунун каражаттарын жана методдорун; - сабактан жана класстан тышкаркы иштердин ар кандай түрлөрүн уюштурууга жана өткөрүүгө коюлуучу педагогикалык жана гигиеналык талаптарды; - иштиктүү баарлашуунун негиздерин; - окуучулардын ата-энелери (же ата-энени алмаштыруучулар) менен иштөөнүн мазмунун, формасын, методдорун жана ишти пландаштыруунун өзгөчөлүктөрүн; - үй-бүлө тарбиясынын мазмунун жана милдеттерин, азыркы үй-бүлөнүн өзгөчөлүктөрүн; - үй-бүлө менен иштөөнүн мазмунун жана формаларын; - тарбиянын натыйжаларын диагностикалоонун ыкмаларын; - администрация өкүлдөрү, педагогикалык коллективдин мүчөлөрү менен өз ара иштешүүнүн методдорун, формаларын жана ыктарын; - класс жетекчинин ишмердигин талдоонун логикасын; жасай билүүсү керек: - топтун өнүгүүсүн, окуучулардын инсандык (жекечек) өзгөчөлүктөрүн педагогикалык диагностикалоочу методдорду тандоону, педагогикалык байкоонун программасын түзүүнү жана аны жүргүзүүнү, алынган натыйжаларды талдоону; - класстын жана айрым окуучулардын курактык жана жекече өзгөчөлүктөрүн эске алып окутуунун жана тарбиялоонун максаттарын жана милдеттерин аныктоону; - класс жетекчинин ишмердигин пландаштырууну; - билим берүү уюмунун шарттарына балдардын оңой жана тез ынгайлашуусуна педагогикалык колдоо көрсөтүүнү; - окуучулар менен биргеликте сабактан тышкаркы иш чараларды пландаштырууну, уюштуруну (даярдоону) жана өткөрүүнү; - сабактан тышкаркы иш чараларды өткөрүүдө окутуунун жана тарбиялоонун ар түрдүү каражаттарын, формаларын, методдорун колдонууну; - ар түрдүү чыгармачылык бирикмелерге жана коомдук пайдалуу иштерге балдарды тартуу багытында иш жүргүзүүнү, балдардын бош убактыларын пайдалуу өткөрүүнү; - сабактан тышкаркы иш чараларды өткөрүүдө өзүн көзөмөлдөөнү, өзүнүн аракеттерине, жүрүм-турумуна талдоо жүргүзүүнү; - класста окуучулардын кызматташтыгына жетишүү жана жагымдуу психологиялык маанайды жаратуу аркылуу окуучулардын өзүн-өзү башкаруусунун өнүгүүсүнө шарт түзүүнү; - окуучулардын ортосунда чыр-чатактарды болтурбоону жана чыр-чатактарды чечүүгө жардам берүүнү; - ата-энелер (же аларды алмаштыргандар менен иштөөнүн планын түзүүнү; -ата-энелер (же аларды алмаштыргандар) менен (дилог жүргүзүүнү) тил табыша алууну; - биргелешкен иш чараларды уюштурууга ата-энелерди тартууну, үй-бүлө менен иштөөнүн ар түрдүү формаларын уюштурууну; - башталгыч класс окуучуларынын үй-бүлөлөрүнүн өзгөчөлүктөрүн үйрөнүүнү; - үй-бүлө тарбиясынын өзгөчөлүктөрүн, балдардын курактык жана жекече өзгөчөлүктөрүн эске алып, үй-бүлө менен иштөөнүн максаттарын жана милдеттерин аныктоону; - үй-бүлө менен иштөөнүн максатын жана милдеттерин аныктоону; - ата-энелер менен иштөө процессин жана анын натыйжаларын талдоого алууну; - мектеп администрациясынын өкүлдөрү, педагогикалык коллективдин мүчөлөрү менен жагымдуу карым-катышта болуунун ар түрдүү ыкмаларын, формаларын, методдорун колдонууну; - өткөрүлгөн класстан тышкаркы иш чараларды (тарбиялык саат, эс алууну уюштуру, чыгармачылык коллективде иштөө ж.б.), класс жетекчинин ишмердигин жана анын натыйжаларын талдай алууну; аткара билүүсү керек: - педагогикалык байкоону жүргүзүүнүн, диагностикалоонун методдорун жана алынган натыйжаларды чечмелөөнү; - класс жетекчинин ишмердигин пландаштырууну жана уюштурууну талдоону, ишмердикти жакшыртуу багытында коррекциялык иштерди жүргүзүүнү; - класс жетекчинин ишмердигин пландаштырууну, анын максаттарын жана милдеттерин аныктоону; - сабактан тышкаркы иш чараларды пландаштырууну, уюштурууну жана өткөрүүнү; - үй-бүлөдө тарбия берүүнүн өзгөчөлүктөрүн үйрөнүүнүн, балага жүргүзүлгөн байкоолордун натыйжаларына таянып, айрым үй-бүлөлөр менен иш алып баруунун максатын жана милдеттерин аныктоону; - сабактан тышкаркы иш чараларды байкоо, талдоо жана өз алдынча талдоо жүргүзүүнү, курсташтары, педагогикалык практиканын жетекчилери, мастерлери менен өз ой-пикирин бөлүшүүнү жана аны талкуулоону, сабактан тышкаркы иштердин сапатын жакшыртуу боюнча сунуштарды айтууну. 4. Билим берүү процессин методикалык жактан камсыздоо. Башталгыч класс мугалиминин методикалык иштеринин теориялык жана колдонмо багыттагы иштери ЖК-1. ЖК-8. ЖК-13. КК – 4.1.-4.5 Циклдын базалык бєлїгїн їйрєнїїнїн натыйжасында студент: билїїсї керек: - башталгыч класс мугалиминин методикалык ишмердигинин теориялык негиздерин; - башталгыч билим берүүдө окутуунун жана тарбиялоонун теориялык негиздерин, аларды пландаштыруунун методикасын жана талап кылынуучу тиешелүү документтерди даярдоону; - башталгыч билим берүү тармагында сабак окутууга болгон азыркы көз караштардын жана педагогикалык технологиялардын өзгөчөлүктөрүн; - үлгү катары сунушталган башталгыч билим берүү программаларынын мазмунун жана концептуалдык негиздерин; - кабинетте предметтик-өнүктүрүүчү чөйрөнү түзүүгө карата коюлуучу педагогикалык, санитардык-гигиеналык жана атайын талаптарды; -педагогикалык тажрыйбалардын булактарын, жалпылоо ыкмаларын, аларды сунуштоону жана жайылтууну; -сабакты түшүндүрүүгө, отчет, реферат, конспект түзүүгө коюлуучу талаптарды жана аларды даярдоонун логикасын; - билим берүү тармагында тажрыйба-эксперименттик иштерди уюштуруунун негиздерин; - педагогикалык байкоонун методикасын, алынган натыйжаларды чечмелөөнүн негиздерин жана аларды презентациялоонун формаларын; - окуучулардын курактык, психологиялык жана жекече өзгөчөлүктөрүн; -инсанды социалдаштыруу процессинин өзгөчөлүктөрүн; - мектепте сабактан тышкаркы ишмердиктердин жана окуучулардын баарлашуусунун ар кандай түрлөрүн уюштуруунун мазмунун, формаларын, каражаттарын жана методдорун; - окуучулардын ата-энелери (же аларды алмаштыргандар) менен иштөөнүн мазмунун, методдорун жана формаларын пландоонун өзгөчөлүктөрүн. жасай билүүсү керек: - билим берүүнүн стандарттарын, үлгү катары сунушталган башталгыч билим берүүнүн программаларын, вариантивдик (автордук) программларды, башталгыч мектептин предметтеринин окуу китептерин талдоону; - башталгыч класстардын окуучуларын окутуунун жана тарбиялоонун максаттарын, милдеттерин аныктоону жана аларды пландаштырууну; - пландаштырууну окуучулардын курактык жана жекече-психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алып иштеп чыгууну; - методикалык мүнөздөгү педагогикалык маселелерди аныктоону жана аны чечүүнүн ыкмаларын табууну; - колдонуудагы методикалык иштелмелерди шартка ынгайлаштырууну; - башталгыч класстарда окутуунун максатын жана милдеттерин аныктоодо окуучулардын курактык жана жекече-психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алууну; - билим берүү уюмунун шарттарына балдарды ынгайлаштыруу процессинде аларга педагогикалык колдоо көрсөтүүнү; - сабактан жана класстан тышкаркы иштерде окутуунун жана тарбиялоонун методдорун, каражаттарын колдонууну; - окуучулардын үй-бүлө тарбиясынын өзгөчөлүктөрүн үйрөнүүнү; -билим берүү уюмунун түрүнө, окуучулардын курактык өзгөчөлүктөрүнө жараша, билим берүүдө колдонулуучу технологиялардын натыйжалуулугун салыштырууну, эң натыйжалуу билим берүүнүн технологияларын тандап алууну; - кабинетте предметтик-өнүктүрүүчү чөйрөнү түзүүнү; - отчетторду, рефераттарды, конспектилерди даярдоону; - башталгыч билим берүү тармагындагы маселелерди изилдөө жана проектирлөө ишмердигин пландоону, иштин максатын, милдеттерин илимий жетекчинин жардамында аныктоону; - илимий жетекчи менен биргеликте тандалып алынган методдорду жана методикаларды колдонуп, педагогикалык изилдөөнү жана проектирлөөнү жүргүзүүнү; - изилдөө жана проектирлөө иштеринин натыйжаларын сунуштоого даярдоо; - педагогикалык чеберчиликти өнүктүрүп баруунун жолдорун аныктоону. аткара билүүсү керек: - билим берүү уюмунун түрүнө, класстын жана айрым окуучулардын өзгөчөлүктөрүнө жараша башталгыч жалпы билим берүүнүн стандартынын, башталгыч жалпы үлгү программаларынын негизинде окуу-методикалык комплекттерди, окуу-методикалык материалдарды (жумушчу пргограммалардын, окуу тематикалык пландардын) иштелип чыгылышын талдоону; -педагогикалык байкоону, диагностикалоону жана андан алынган натыйжаларды чечмелөөнү; - сабактан жана класстан тышкаркы иш чараларды пландаштырууну, уюштурууну жана өткөрүүнү; - балага жүргүзүлгөн педагогикалык байкоолордун натыйжаларына негизденип, үй-бүлөдө баланы тарбиялоонун өзгөчөлүктөрүн эске алып, айрым үй-бүлөлөр меннн иш алып баруунун максаттарын жана милдеттерин аныктоону; - отчетторду, рефераттарды, докладдарды даярдоо жана презентациялоо, башталгыч билим берүү маселелерине тиешелүү педагогикалык жана методикалык адабияттарды окууну жана талдоону; - педагогикалык жетишкендиктердин портфолиясын даярдоону; - отчет, реферат, конспект түрүндө педагогикалык иштелмелерди презентациялоону; - изилдөө жана проектирлөө иштерине катышууну; Вариативдїї бєлїк (билимдер, билгичтиктер, кєндїмдєр кесиптик орто окуу жайлары-нын КББНП менен аныкталышат). .............................. Дене тарбия ЖК –10 ЖК – 13 КК –1.5. КК– 2.1. КК– 3.1. КК – 3.3. Циклдын базалык бєлїгїн їйрєнїїнїн натыйжасында студент: билїїсї керек; - адамдын социалдык, кесиптик жана жалпы маданиятынын өнүгүүсүндө дене тарбиянын ролун; - дени сак жашоонун негиздерин. жасай билүүсү керек: - дене тарбиялык көнүгүүлөрдү аткарууну; - кесиптик жана турмуштук максаттарга жетүүдө дене тарбия жана ден соолукту чыңдоочу ишмердиктерди колдонууну; - ден тарбия сабактарында коопсуздук техникасын сактоону, дене тарбиялык көнүгүүлөрдү аткарууда өзүн сактай билүүнү жана сактануу ыкмаларын колдонууну. аткара билүүсү керек: - дене тарбиялык көнүгүүлөрдү аткарууда өзүн сактай билүүнүн жана сактануунун ыкмаларын колдонууну; - биринчи медициналык жардам көрсөтүүнүн методдорун. Практика (практикалык билгичтиктер жана кєндїмдєр кесиптик орто окуу жайлары-нын КББНП менен аныкталышат) ОЖ- 1-13 КК -1.1.-1.9. КК -2.1- 2.5. КК – 3.1-3.7. КК -4.1-4.5. Жыйынтыктоочу Мамлекеттик аттестация ***) Негизги билим берїї программасынын жалпы эмгек сыйымдуулугу 120 кредит. 1. КББНП ДЦга кирїїчї айрым дисциплиналардын эмгек сыйымдуулугу он зачеттук бирдиктерге чейинки интервалда берилет. 2. КББНП КОББ1, КОББ 2 жана КОББ 3 ДЦда кєсєтїлгєн жалпы эмгек сыйымдуулугунун 80 пайыздан кем эмесин тїзїї керек. **) КОББ 2 ДЦ аталышы даярдоо адистиги кирїїчї билим берїї жаатынын єзгєчєлїктєрїн эсепке алуу адистиги менен аныкталат. ***) Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация єз ичинде даярдоочу жана бїтїрїїчї квалификациялык иштин корголушун камтыйт же Мамлекеттик аттестациялык сынактар кесиптик орто окуу жайларынын кароосу менен киргизилет. 5.3. КББНПны ишке ашыруунун шарттарына карата талаптар 5.3.1. Окуу процессин кадрдык камсыз кылуу КББНПсын ишке ашыруу окутулуп жаткан дисциплинанын профилине ылайык келїїчї базалык жогорку билими же магистр даражасы бар педагогикалык кадрлар менен камсыз кылынышы керек. Кесиптик циклдын окутуучуларынын профилине ылайык келүүчү жогорку билими, магистр даражасы жана тийиштїї кесиптик чєйрєдє практикалык иш тажрыйбасы болушу керек. 5.3.2. Окуу процессин окуу-методикалык жана маалыматтык камсыз кылуу КББНПсын ишке ашыруу ар бир студенттин маалыматтар базасына жана негизги билим берїї программасынын дисциплиналарынын толук тизмеси боюнча тїзїлгєн китепканалык фонддорду пайдалана алуусу менен камсыз кылынуусу керек. Кесиптик орто окуу жайларынын билим берїї программасы лабораториялык практикумдарды жана практикалык сабактарды (тїзїлїїчї компетенцияларды эсепке алуусу менен аныкталат) камтуусу зарыл. Кесиптик билим берїїнїн негизги программасын иш жїзїнє ашыруу їчїн студенттерди окуу адабияты же электрондук адабият менен камсыз кылуу бир студентке 0,5 экземплярдагы ченем ылайык келиш керек. Окуу маалыматынын булактары заманбап талаптарга жооп берїїсї керек. Билим берїї процессинде мыйзам чыгаруу актылары, ченемдик документтер, кесиптик багыт берїїчї мезгилдїї басылмадагы материалдар пайдаланылышы зарыл. Библиотекалык фондду комплектөөдө студенттер окуп үйрөнүүгө тийиш болгон бүт предметтердин циклдери боюнча негизги жана кошумча адабияттар акыркы 10 жыл аралыгында басмадан чыккан же электрондук варианттагы басылмалар болушу шарт. Окууга тиешелүү адабияттардан сырткары китепкана фондунда расмий, справочно-библиографиялык жана мезгилдүү басылмалардын болушу зарыл. Электрондук басылмаларды колдонууда окуу жайы окулуучу дисциплиналардын өлчөмүнө ылайык лицензияда көрсөтүлгөн программалык талаптарды аткаруу үчүн, ар бир студенттин компьютердик класста иштөөсүнө шарт түзүп, ар бир студентти иш орду менен камсыз кылуусу зарыл. 5.3.3 Окуу процессин материалдык – техникалык жактан камсыздоо Студенттерди кесиптик орто окуу жайларынын окуу планында алдын ала каралган лабораториялык, дисциплиналык жана дисциплиналар аралык, практикалык даярдоону камсыз кылуу їчїн КОББ КББНПны ишке ашыруучу кесиптик орто окуу жайларынын аракеттеги санитардык жана єрткє каршы эрежелери менен нормаларга ылайык келїїчї материалдык-техникалык базасы болуусу керек. Кабинеттердин, кааналардын тизмеги: Предметтер боюнча кабинеттер: гуманитардык жана социалдык-экономикалык дисциплиналар кабинети, педагогика жана психология кабинети, физиология, анатомия жана гигиена; чет тилдер; кыргыз тилин окутуу;, орус тилин окутуу; математиканы окутуу; табият таанууну окутуу; музыка жана музыкалык тарбия; эмгекке (технологияны) окутуунун методикасы; балдар адабияты кабинети. Атайын кабинеттер: көркөм өнөр жана эмгекти окутуу кабинети; Лаборатория: информатика жана информациялык-коммуникативдик технологиялар. Спорттук комплекс: ритмика жана бий залы, спорттук зал. Залдар: китепкана, окуу залы, Интернетке туташтырылган компьютердик класс, актовый зал. 5.3.4. Бїтїрїїчїлєрдї даярдоонун сапатын баалоо 1. КББНПны өздөштүрүүнүн спатын баалоо өз ичине күнүмдүк көзөмөл, курстан курска көчүрүүдөгү көзөмөл жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны камтышы шарт. 2. Билимдерди утурумдук (күндө) көзөмөлдөөнүн конкреттүү процедурасы жана формалары ар бир дисциплина боюнча аралык аттестациялоону билим берүү уюму өзү иштеп чыгат. 3. КББНПнын талаптарына ылайык окуучулардын жекече жетишүүсүн аттестациялоо үчүн билимдерди, билгичтиктерди жана өздөштүрүлгөн компетенцияларды баалоого мүмкүндүктү баалоо каражаттарынын фонду түзүлөт жана аны иш берүүчүлөр менен макулдашууларга негизденип билим берүү уюму түзөт. 4. Окуучулардын компетенцияларын баалоо – билимди жана компетенциялардын калыптануусун баалоо аркылуу жүрөт. 5. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияга кийирүүнүн зарыл шарты болуп теориялык материалдарды окуп үйрөнүүдө, практикаларды өтүүдө, окуучулардын компетенцияларды өздөштүрүүсүнүн, калыптануусунун тастыктоочу документтерди бар болушу саналат. 6. Мамлекеттик (жыйынтыктоочу) аттестация жана мамлекеттик экзамендер атайын иштелип чыккан жана бекитилген Жобого негизденип жүргүзүлөт. Баалоо каражаттарынын фонду билим берүү уюму тарабынан өз алдынча иштелип чыгат жана бекитилет, ал эми баалоо каражаттарынын фонду жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо боюнча иш берүүчүлөр менен алдын ала жүргүзүлгөн макулдашуулардан кийин иштелип чыгат.
2780 15:23 25-02-2017

                 

Жанылыктар

2780 15:23 25-02-2017

НББП

|< 1 >|