Жанылыктар

Индия мамлекетинин Калинга Информациялык технологиялар институтунун (KIIT) ректору, профессор Сатиендра Патнайк менен жолугушуу болду.

14-мартта университетте Индия мамлекетинин Одишия штатындагы Бувеншвар шаарында жайгашкан Калинга Информациялык технологиялар институтунун (KIIT) ректору, профессор Сатиендра Патнайк менен жолугушуу болду. Жолугушууга чет тилдер, МИТ, физика-техника факультеттеринин, Конфуций институтунун студенттери жана окутуучулары катышышты. Бул университет Ачунта Саманта тарабынан негизделген. Ал бул окуу жай менен менен биргеликте Калинга социалдык изилдөөлөр институтун да түзүп, ага турмушу өтө начар, багар-көрөөрү жок 22000ден ашуун бардык жаштагы балдарды, улан-кыздарды тарткан. Бул балдар жатакана, тамак-аш менен камсыз болушуп, бала-бакчадан тарбияланышып, мектептерде, университеттерде окушуп, жумушка орноштурулган жана турмуш курууларына да шарт түзүлгөн. Жолугушууда 17 мүнөттүк видеофильм көргөзүлдү жана университет жөнүндө кеңири маалымат берилди. Жолугушуунун демилгечиси илимий иштер боюнча проректор, профессор Т.Т.Жумабаева, бул иш-чара университеттердин ортосундагы билим берүү, илимий байланыштарды жана жана эки тараптуу пайдалуу кызматташтыкты түзүүгө өбөлгө болоорун белгиледи.
2745 13:18 15-03-2014

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 >|