Жанылыктар

Ош МУ “Кызматташуу меморандумуна” мүчө болду.

27-февраль күнү Ош ЖИА Бизнес Ассоциациясы менен Ош шаарындагы жогорку окуу жайлары “Кызматташуу меморандумуна" кол коюшту. Меморандумдун максаты тууралуу аткаруучу директор Жасур Парпиев жана ОшЖИА Бизнес Ассоциациясынын Башкаруу кенешинин төрагасы Акаев Канатбек жана окуу жайдын жетекчилери маалымат беришти. Ош мамлекеттик университети менен Ош ЖИА Бизнес Ассоциациясы студенттерди акысыз стажировкадан өткөрүү боюнча кызматташып келген. Меморандумдун алкагында “Бүтүрүүчүлөр үчүн иш орундарын даярдоо” долбоорун ишке ашыруу тууралуу пикир алмашылды. Долбоордун максаты-окуу-таанышуу, өндүрүштүк практикаларга жайгаштыруу, студенттерге тажрыйба топтоо үчүн акысыз стажировкаларды уюштуруу, келечекте туруктуу жумуш ордун камсыз кылуу, окуу жайларда ишкерлер менен биргеликте карьералык өсүү боюнча семинарларды уюштуруу жана студенттер тарабынан жазылган бизнес идеяларды жана бизнес долбоорлорду каржылоо жагы талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында “Кызматташуу меморандуму” кол коюлуп, окуу жайлардагы Карьера борбору менен биргеликте иш жүргүзүү сүйлөшүлдү.
1713 15:45 30-03-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|