Жанылыктар

БАЛДАРГА БИЛИМ, СТУДЕНТЕРИБИЗГЕ ТАЖРЫЙБА

ОшМУнун Эл аралык билим берүү программалары колледжи Ош шаарынын Манас- Ата(ХБК)аймактык башкармалыгынын жашоочуларынын кенже курактагы балдары үчүн акысыз англис тил курстарын уюштурдук.Чет тили болумундо студенттердин кесиптик камылгасын, тандап алган адистигине болгон кызыгуусун арттыруу максатында алкоого арзый турган жакшы саамалык жуз берди, тагыраак айтканда, аталган болумдо студент- волонтерлор тарабынан мектеп окуучулары учун “Smart child” аталышындагы акысыз окуу курсу 25.03.2024 старт алды. Окуу курстары тажырыйбалуу окутуучулардын көзөмөлүндө, колледждин мыкты окуган студенттери тарабынан өтүлөт. Иш-чаранын максаты кенже курактагы балдарга чет тилин үйрөнүүгө өбөлгө түзүү жана студенттердин теорияда алган билимдерин практика менен айкалыштырууга шарт түзүү болуп саналат.Албетте,бул саамалык студенттердин болочокто мыкты адис катары калыптанышына чон мумкунчулук жаратары анык.Белгилей кетсек,окуу курстарын мындан ары үзгүлтүксүз уюштуруу пландалууда.
204 11:23 27-03-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|