Ак жол сага, бүтүрүүчү!
15:54
26-май күнү бүтүрүүчүлөрдү узатуу аземи менен бирге жыл мыктылары сыйланды.
"Жылдын мыкты куратору -2023" номинациясынын ээси Нармырзаева Курманжан эжеке.
"Жылдын мыкты тайпасы - 2023" - КЛ-1-22 тайпасы. Эскерте кетсек, мыкты тайпаны аныктоо 2-этап менен жүргүзүлдү. Алгач тайпалар соцпакеттерди тапшырышты, андан кийин логикалык, кесиптик суроолор камтылган суроолорго жооп берүү менен кызыктуу таймаш болду.
"Жылдын мыкты студенти-2023" ээлери ЖК-1-22 тайпасынын студенти Төрөгелдиев Раатбек жана КЛ-3-21 тайпасынын студенти Нурсовет кызы Бегимай болду.
Ошондой эле факультеттин Ардак грамоталары жана ар бир тайпадан эң үлгүлүү бирден студенттердин ата-энелерине "Ыраазычылык каттар" тапшырылды.
321 15:54 13-06-2023