Жанылыктар

"Илим-интеллект-маданият"

Бүгүн, кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде "ИЛИМ. ИНТЕЛЛЕКТ. МАДАНИЯТ" аттуу илимий-агартуу жумалыгы башталып, анын алкагында ачылыш аземи болуп өттү. Аземге ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, доцент М.С.Шарипова баштаган окумуштуулар, окутуучулар жамааты, студенттер катышты. Жыл сайын адатка айланып Ош мамлекеттик университетинде апрель айынан тарта бүтүн факультет-колледждерде илимий жумалыктар уюштурулат. Салтка айланган бул жумалыктардын соңкусун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультети өткөрүп жатат. Бул жумалык факультетте 23-майдан баштап 28-майга чейин уланат жана ар бир күнү студенттерди илим - билимге багыттаган, илимий потенциалын көтөргөн жолугушуулар, конок лекциялар, мастер класстар, илимий вебинарлар, студенттик конференция менен коштолот. Жумалыктын алкагында жигердүүлүгүн көрсөткөн ар бир студентке ОшМУнун, Ош шаарынын мэриясына караштуу жаштар иштери боюнча комитетинин сыйлуу баракчалары ыйгарылат.
228 20:36 25-05-2022

                 

Жанылыктар

|< 1 >|